Хамдук Судан кризисинин чечимин ушул кризистин себепчилеринен суроодо!

324
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хамдук Судан кризисинин чечимин ушул кризистин себепчилеринен суроодо!

Судан премьер-министри Абдуллах Хамдук «Улуттук кризис, өткөөл доордун маселелери – алдыга карай алга» деген демилге баштады. Демилгенин негизги жагы болгон «Кеңири көлөмдүү саясий кызматташууда» Хамдук мамлекеттеги токтом чыгарган борборлорду бириктирүү жана аларды ортоктош көз караштар негизинде иштетүү туурасында сүйлөдү.

Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Судан колонизатор кафирден «эгемендүү» болгондон бери саясий жана курч экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө. Күндөн-күнгө кризис татаалдашып, премьер-министрди чечим издөөгө үндөп жатат. Бирок, ал кризистин чечимин демократиялык капитализм түзүмүнүн валюта фондунан башка жерден издебей жатат! Акыйкатта болсо, жетимиш жылдан бери саясий жана экономикалык ийгиликсиздикти алып келген мына ушул Эл аралык Валюта Фонду болот».

Билдирүүдө чечим айтылды: «Биринчиден, Исламдын башкаруу, экономика жана башка бардык түзүмдөрү өлкөдөгү бардык кризисти жоюуга кепил. Экинчиден, Исламда кожоюндук шариятка таандык. Өкүмдар болобу, жаран болобу, ар бир адам Ислам өкүмдөрүнө баш ийиши шарт. Бийлик Умматтыкы болуп, ал өкүмдардын (халифанын) бардык шарттары табылган о.э. Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү негизинде байъат берилген адамга берилет. Муну менен Хамдук даттанып жаткан токтом борборлорунун ар түрдүүлүгүнө чекит коюлат. Үчүнчүдөн, Ислам мамлекетинин куралдуу күчтөрү – бул армия. Армиянын доктринасы – улуу Ислам акыйдасы. Армиянын милдети – Аллах жолунда жихад кылуу жана өлкө аймактарын коргоо. Муну менен куралдуу күчтөрдүн көп кырдуулугу жоюлат».

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Мына ушулар – кризистердин түпкү чечими. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде ишке ашат. Хизб-ут-Тахрир Уммат менен биргеликте тикелөөгө аракет кылып жаткан бул мамлекет Ислам өкүмдөрүн жарандардын жашоосунда реалдуулукка айлантат жана муну менен Аллах ыраазы болуп, бул дүйнө жана Ахырет ниъматына жетишилет».

 Роя гезити, №346, 2021-жыл, 7-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here