БУУ, анын артында турган АКШ «гуманитардык жардамдар» деген оюндан саясий упайларды алышууда, зыянын болсо Шам козголоңу тартууда

237
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

БУУ, анын артында турган АКШ «гуманитардык жардамдар» деген оюндан саясий упайларды алышууда, зыянын болсо Шам козголоңу тартууда

«Зайтун» маалымат агенттиги хижрий 1442-жылы 19-зулкаъда, миладий 2021-жылы 30-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Британиянын Европа менен кошуначылык боюнча министри Венди Мортон шейшемби күнү Сирия-Түркия ортосундагы Бабул Хава чегара пунктуна барды. Министр гуманитардык жардамдар үчүн чегара пункту ачык болоруна ынануу үчүн барды.

Британия өкмөтүнүн билдирүүсүндө 10-июлда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде добуш берүү алдынан Мортандын Бабул Хава чегара пунктунан Сирияга гуманитардык жардамдар кандай өтүп жатканын текшерүү максатында барганы айтылат.

Билдирүүдө Лондондун позициясы баса белгиленди: «Азык-түлүк, башбаанек, медициналык материалдар сыяктуу адамдардын өмүрүн куткаруучу жардамдарды киргизүү о.э. турмуш үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүү операцияларынын уланышын камсыздоо үчүн Бабул Хава чегара пункту жана башка чегара пункттары ачык болушу керек».

Билдирүүдө Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрүнөн Сириянын түндүк-батышында көптөн бери уланып жаткан оор гуманитардык шарттын начарлашына жол бербөө үчүн гуманитардык жардамдардын өтүү жолдорун кеңейтүүгө добуш берүү талап кылынган».

Роя:

Бул эмнени түшүндүрөт? Сирия режими жана анын Россия менен Иран сыяктуу союздаштары жасап жаткан кыргын жана кылмыштар алардын «инсанийлигине» туура келбешин түшүндүрөбү?! Же алардын кыргындары алар менен бирге аракет кылууну каалабагандарды жолго салуу үчүн бир ыкмабы?! Шексиз, БУУ менен анын артында турган Америка «гуманитардык жардамдар» деген оюн менен саясий упайларды алышууда, зыянын болсо Шам козголоңу тартууда. Алар ушул «гуманитардык» иш-аракеттен адамдарга басым кылуу үчүн пайдаланышууда, муну менен адамдар режимди өзгөртүүнү талап кылуудан тыйылышын жана Американын саясий чечимине ыраазы болуусун каалашууда. Т.а. адамдар канкор режим менен жарашуусун жана анын кучагына кирүү чечимин кабыл алуусун көздөшүүдө. Алардын №2254-резолюциядагы кооз сөздөрү режимди өзгөртүү чечими эмес. Резолюция боюнча режимдин башы өзгөрүшү мүмкүн, бирок, калган канкорлор сакталып калып, кылмыштары үчүн сотко тартылбайт. Тескерисинче, алардын Шам калкы үстүндөгү өкүмдарлыгы жана зомбулуктары дагы да бекемделет. Мына силерге эл аралык коомчулуктун «гуманизми», мына силерге №2254-резолюциядан көздөлгөн түпкү максаттар. Сөздөр кооз, бирок, ниеттер ыплас!

 Роя гезити, №346, 2021-жыл, 7-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here