АКШ Тажикстанга 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын жеткирип берди

211
0

АКШ Тажикстанга 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын жеткирип берди

26-июлга караган түнү Душанбе эл аралык аэропортуна АКШдан “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын атайын рейси менен 1,5 миллион доза Moderna вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстан саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги кабарлады.

Өткөн аптада АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жалина Портер брифинг учурунда АКШ 23 мамлекетке, анын ичинде, Тажикстанга да коронавируска каршы күрөштө жардам берүү максатында 22 млн доза вакцина жолдогонун билдирген эле.

Тажикстанда 25-июндан баштап 18 жаштан жогору жаштагы жарандарды коронавируска каршы эмдөө боюнча кампания башталган. Учурда республикада бул максатта “Astra Zeneca” вакцинасынын индиялык альтернативасы о.э. Кытайдын “CoronaVac” вакцинасы колдонулууда.

Комментарий: People’s Vaccine (Эл вакцинасы) уюму жарыялаган маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавируска каршы вакциналар себептүү жаңы 9 миллиардер пайда болду. Ал миллиардерлердин арасында BioNTech, Moderna ва CanSino Biologics компанияларынын жетекчилери  бар. Алардын жалпы байлыгы 19 млрд доллардан көбүрөөк.

Жаңы пайда болгон миллиардердин тизмеси:

  1. Америкалык «Moderna» компаниясынын башкы директору Стефан Бансель(4,3 миллиард доллар);
    2. Германиялык «BioNTech» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана жетекчиси Угур Шахин(4 миллиард доллар);
    3. «Moderna» компаниясынын иммунологу жана инвестору Тимоти Спрингер (2,2 миллиард доллар);
    4. «Moderna» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Нубар Афеян (1,9 миллиард доллар);
    5. «Moderna» компаниясы үчүн таңгак чыгарган «ROVI» компаниясынын төрагасы Хуан Лопес-Бельмонте (1,8 миллиард доллар);
    6. «Moderna» компаниясынын окумуштуусу жана инвестору Роберт Лангер (1,6 миллиард доллар);
    7. Кытай «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы илимий кызматкери Чжу Тао (1,3 миллиард доллар);
    8. «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана вице-президенти Цю Дунсу (1,2 миллиард доллар);Мао Хуайхуа
    9. «CanSino Biologics» компаниясынын тең негиздөөчүсү жана вице-президенти Мао Хуайхуа (1 миллиард доллар).

Булардан тышкары, буга чейинки 8 миллиардер коронавируска каршы вакцина чыгаруучу фармацевтикалык компанияларга жаткырган инвестициялары себептүү байлыктарын жалпы эсепте 32,2 млрд долларга көбөйтө алышкан.

Бардык иштерин материалдык пайдага негиздеген капиталисттик түзүм жана ушул түзүмдүн таянычы болгон ири капиталисттер коронавирус пандемиясынан да материалдык пайда таап калуу үчүн аракет кылышууда. ДССУ (дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) коронавирус эпидемиясын пандемия деп жарыялаган күндөн баштап дүйнөлүк фармацевтика компаниялары вируска каршы вакцина чыгаруу жолунда жарышка түшүштү. Канчалаган жылдардан бери рак, туберкулез, ал тургай кадимки эле грипке каршы туруктуу антитело пайда кыла турган дары же вакцина таба албай келе жаткан компаниялар кыска убакыттын ичинде коронавируска каршы вакцина табууга, ал тургай сыноодон өткөрүүгө үлгүрүштү. Ошол эле убакта өз вакцинасы башкаларга салыштырмалуу натыйжалдуу экендигин далилдөө жана башка вакциналарга карата күмөн жаратуу үчүн маалыматтык чабуулду да эстен чыгарышпады. Ошону менен бирге өндүргөн вакциналарын башка мамлекеттерге – негизинен кол алдындагы колония мамлекеттерге – сатуу үчүн жергиликтүү өкмөттөргө басым өткөрө башташты.

Мисалы, Кытай өкмөтү Кыргызстан менен чек араны толук ачуу үчүн кыргызстан калкынын 70 пайызы эмделишин шарт кылып койду. 11-июлда Кытайдын “Sinopharm” вакцинасынын  1 миллион 250 миң дозасы Кыргызстанга жеткирилди, июль айынын аягына чейин  дагы ушунча вакцина жеткириле турган болду. Натыйжада, Кытайдын шартын аткаруу үчүн кыргыз өкмөтү үймө-үй кыдырып, жарандарды вакцина алууга мажбурлай баштады. Ал тургай вакцина албаган пенсионерлерге пенсия берилбейт деген кеп сөздөр тарай баштады… Демек, Кыргызстандын 70 пайыз калкы Кытайдын вакцинасы менен эмделиши керек болот. Кыргызстан калкын негизинен Кытайдын вакцинасы менен, Өзбекстан Кытай-Өзбекстан вакцинасы жана “Astra Zeneca” вакцинасы менен эмдеп жаткан болсо, пандемия чокусуна чыккан убакта да “бизде вирус жок” деп айткан тажик өкмөтү да эл аралык күчтөрдүн басымы алдында пандемияны моюнга алып, 18 жаштан жогорку жаштагы жарандардын вакцина алышын милдетүү кылып койду жана мында негизги вакцина Американын “Moderna” вакцинасы болот.

 Колонизатор мамлекеттер башка тармактарда болгону сыяктуу эле фармацевтика тармагында да атаандашууда. Булардын коронавирус пандемиясынан көздөгөнү бир гана материалдык пайда. Алар үчүн адамдын саламаттыгы менен өмүрүнүн кыпындай мааниси жок. Өкүнүчтүүсү, биздин малай акимдерибиз аларга кың дебестен кызмат кылып жатышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here