بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Британия – ачык-айкын душман
Аллахка, Расулуна жана момундарга кыянаттык кылгандар гана аны дос тутушат
Устаз Висам Атраш
2021-жылдын 7-июнь күнү парламент спикери Рошид Ганнуший «Ле Бардо» парламент сарайында Жеймс Клеверлини кабыл алды. Клеверли учурда Британия тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча жардамчысы милдетин аткарууда. Ганнуший жолугушууда: «Тунис, айрыкча, Эл аралык Валюта Фонду менен өткөрүлө турган жаңы сүйлөшүүлөргө даярдык көрүлүп жатканда Британиянын колдоосуна муктаж», – деди.
Тунис парламентинин маалымат катчысынын айтымында, Ганнуший Туниске Британия инвестициясын киргизүүнү күчөтүү зарылдыгына чакырып, британиялык туристтердин Туниске көбүрөөк келишине, жогорку окуу жай жана академия кызматташтыгы алкагында студенттер жана жаштардын келечегин кеңейтүүгө үндөдү. «Бул тармакта Тунис өзүнүн инсаний ресурстарына жана досторуна, эң оболу Британиянын колдоосуна таянат», – деди Ганнуший.
Өз кезегинде, Жеймс Клеверли Тунистеги демократиялык өткөөл жараяндын ийгилигин жогору бааларын билдирип: «Араб дүйнөсүндө демократиянын ийгилигинин үлгүсү – бул Тунис», – деди. Парламенттин маалымат катчысынын айтымында, Клеверли Британиянын – айрыкча, өлкөнүн оор экономикалык шартында – Тунисти эл аралык коридорлор жана акча-кредит мекемелери боюнча колдоп-кубаттоого даяр экенин билдирди. («Шурук» гезити).
Тунистин энергетика байлыгына кол созгон, куралдуу күчтөрү үчүн аскерий жана коопсуздук доктриналарын түзүп берип, аларды нефть кендеринин сакчыларына айланткан тарап ушул Британия болот. Тунис өкмөтүнүн аппаратын башкарып, стратегиялык пландарын түзүп берген да, көпчүлүк маалымат каражаттарын өзүнө оодуруп алып, саясий майдандын түзүлүшүн сызып берген да, өлкөдөгү активдүү жаштарды өзүнө тартууга урунуп жаткан да, Исламдын бийликке келишин жана даъваттын өнүгүшүн алдын алууда жана шарият өкүмдөрүнө каршы күрөшүүдө болгон күчүн жумшап жаткан да мына ушул Британия болот. Британия – эзелтен Ислам жана мусулмандарга каршы кресттүүлүк согушун баштаган, баскынчы яхудий вужудуна дос экенин билдирип, залим режимдерди колдоп келе жаткан колонизатор мамлекет.
Айрымдар ушундай мамлекеттен достук үмүт кылып, анын кылмыштуу кара жүзүн ак кылып көрсөтүүгө урунушууда, аны менен мамилелерди нормалдаштырып, анын кучагына кирүүнү Франция жана Американын кучагына кирүүдөн абзел деп билишүүдө. Негизи, жакында каргаша Бальфур декларациясына кол коюлгандыгынын жүз жылдыгын майрамдаган да – Британия, баскынчы яхудийлер менен «тынчтык» демөөрчүлөрү деп айтылып жаткан төрттүк комитетинин мүчөсү да – Британия, бүгүнкү жетекчилери, мурунку жетекчилери, баары яхудий вужудуна негиз салышканы менен мактанып жаткан мамлекет да – Британия.
Британия бүткүл мусулмандарга, өзгөчө, Фалестин калкына каршы кылмыштуу саясат алып барып жатканын бир аз болсо да түшүнгөн киши чындыкты түшүнүп жетет. Британиянын мусулмандарга каршы душмандыгы тарых китептеринин бир бетине жазылган жөнөкөй душмандык эмес жана Халифалыкты кулатуу, Ислам Умматынын жүрөгүнө яхудийлерди канжар кылып саюу менен гана чектелген душман мамлекет эмес. Жок, ал душмандыгы бүгүнкү күнгө чейин сакталып, уланып жаткан мамлекет. Мына, анын азыркы премьер-министри Борис Жонсон: «Мамлекетибиз Бальфур декларациясы аркылуу яхудий мамлекетин мусулман өлкөлөрүнүн жүрөгүнө канжар кылып сайып койду жана дагы эле бул мамлекетти коргоп келүүдө», – деп мактанган. (Би-Би-Си, 2020-жыл, 1-июль).
Умматка каршы мына ушундай кылмыштары эбегейсиз мамлекет, эгер Ганнушийдин назарында дос мамлекет эсептелсе, анда, кайсыл мамлекет душман мамлекет болуп эсептелет?! Ондогон жылдардан бери Ислам Умматынын перзенттерин жардыруу менен денелерин чар тарапка чачып, Фалестин калкын качкынга айланткан, Ирак, Афганистан жана башка өлкөлөрүбүздө үрөй учурган кылмыштарды жасаган, байлыктарыбызды талап-тоноо сыяктуу кылмыштарды жасаган мамлекетке кантип өлкөбүздү өнүктүрүүдө жана экономикабызды көтөрүүдө таянышыбыз мүмкүн?! Кантип мына ушундай мамлекеттен каракчы уюм болгон Эл аралык Валюта Фонду аркылуу колдоосун талап кылуу мүмкүн. Акыйкатта болсо, Аллах Субханаху мындай дейт:
﴿وَلاَ تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِن دُونِ اللهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لاَ تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун карманган адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге нусрат берилбейт» [11:113]
Бул Ганнуший жана ага окшогон кимселер Расулуллах ﷺдын:
«لاَ تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин отунан пайдаланбагыла», деген сөзүн угушпаганбы?!
Шек-күмөнсүз, Британия – Ислам Умматына каршы согушуп жаткан, яхудий вужудун тургузганы менен сыймыктанып жаткан ачык-айкын душман. Демек, аны Уммат саткындарынан башка эч бир кимсе ээрчибейт. Ушул Британия – өлкөбүзгө жана байлыктарыбызга көз салып жаткан, динибизди жана маданиятыбызды жок кылууну арзуу кылып жаткан жана бул үчүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн аябай жумшап жаткан чыныгы душманыбыз. Демек, бул мамлекетке карата шаръий позиция – аны душман деп билүү жана анын жардамынан баш тартуу. Ким бул мамлекеттен – кандай гана шылтоо болбосун – жардам алууну кааласа, демек, ал биздин фронтту таштап, өлкөлөрүбүздүн баскынчысы жана байлыктарыбыздын уурусу колонизатор Батыштын фронтуна өтүп алган болот. Демек, Аллахка, Расулуна жана момундарга мындан да жаман саткындык барбы?! Шейит кеткен перзенттерибиздин каны үчүн мындан да жаман жан берүү барбы?! Бул перзенттерибиз Британиянын согуштарында о.э. Бальфурдун убадасына ишенип, мубарек жерибизди басып алган яхудийлердин согуштарында курман болгон шейиттерибиз.
Тунистеги саясий чөйрө бийликке жетүүдө жана бийликте калууда кордук жолун тандап, душмандан үмүт кылуу жана бизди колонизатор кафирге кишендеп берүү жолун тандады. Ушул себептен улам, бүгүнкү күндө бул жол Тунисти кыйроо жакасына алып келди… Мамлекетти душманды ыраазы кылуу үчүн өз дининен да баш тартып жаткан мамлекетке айлантты. Калкты өлкөсү бай запастарга ээ болуп туруп, ачкалыктан өлгөнү калган, бирөөлөрдүн күкүмдөрүнө үмүт кылып жаткан, байлыктары акимдердин колу менен колонизатор компанияларга жана каракчы уюмдарга кош колдоп тапшырылып жаткан көз каранды элге айлантты.
Бүгүн Тунис калкы ушул саясий элитанын саткындыгын анык байкады. Эл мындай жалган жетекчилерден эч нерсе күтпөй жатышат. Тескерисинче, алар чынчыл калыс жетекчиликти издеп, Хизб-ут-Тахрирге жана анын жетекчилигине, долбооруна үмүт менен карап жатышат.
Британия Тунис сыяктуу бардык исламий өлкөлөрдөгү нефть жана газды уурдап кетүү үчүн Уммат офицерлерин жана кошуундарын өз сакчыларына айлантып алганда, бүгүн бул офицер жана кошуундарга шаръий талаптар коюлууда: баары исламий согуштук акыйда-доктрина негизинде аракетке келип, Ислам Умматынын душманы, баскынчы яхудийлердин демөөрчүсү болгон, Умматты жек көргөн Британия жана Батышка каршы турушсун. Бул душмандарыбыздан үмүт кылып, астанасына чөгөлөшпөсүн, алардан эл аралык сүткор финансылык уюмдардан каражат алып берүүнү талап кылышпасын! Акыры, биз акыйдасы жана дини бар, башкаруу жана идарада алтын тамгалар менен жазылган тарыхы бар умматпыз го?! Батышты аралаштырбай өз иштерибизди өзүбүз башкара албайбызбы?!
Демек, Умматтын калыс эр кишилери үчүн аракетке келип, тигил ыплас акимдерди тактыларынан кулатуунун убагы эбак келген. Бул акимдер байлыктарыбызга, өлкөлөрүбүзгө жана акылдарыбызга көз артып жаткан ар бир эл аралык ууруларга жана каракчыларга өлкөбүздүн дарбазаларын ачып беришти. О.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнүн убагы келди. Халифалык мубарек жерди азат кылып, Исламды бүткүл дүйнөгө нур рисаласы катары көтөрүп чыгат, армияларыбызды карып калган Европага карай аракетке келтирип, мурда Истамбулда кылгандай, Римдин үстүндө байрактарыбызды желбиретет, ушул аркылуу Расулу мустафа ﷺдын башаратын жүзөгө чыгарат:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Роя гезити, №343, 2021-жыл, 16-июнь.