Франция сенаты “терроризм”ге каршы жаңы мыйзам долбоорун тастыктады

219
0

Франция сенаты “терроризм”ге каршы жаңы мыйзам долбоорун тастыктады

Франция парламентинин жогорку палатасы 3-июнь күнү Улуттук Ассамблея макулдаган “терроризм”ге каршы күрөш жана разведка жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун жактырды. Т.а. 2017-жылдын октябрь айында күчүнө кирген ички коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамдагы убактылуу чараларды туруктуу абалга келтирүү долбоору кабыл алынды.

Жаңы мыйзам боюнча үй-жайларда тинтүү өткөрүү, коопсуздук зонасын түзүү, ибадат кылуучу жайларды жаап коюу жана айыбы жарыяланбаган, бирок шектелген адамдарды камакка алуу сыяктуу убактылуу чараларды туруктуу абалда колдонуу жактырылды. О.э. Франция парламенти “террористтик” кыймылдар менен байланышы бар деген күмөн менен ибадат кылуучу жайларды жана ага тиешелүү жерлерди жаап коюуга мүмкүнчүлүк берүүчү беренени дагы кеңейтти.

Комментарий: Франция жана Батыш мамлекеттеринин максаты мусулмандарды мамлекеттен чыгарып жиберүү эмес. Алар Батыш хазаратын кабыл алган жана Батыш элдери менен аралашып, батышча жашоо таризине көнүп калган мусулмандарды каалашат. Мына ошондо гана мусулмандар кайрадан ойгонуп калышынан кадыржам болушат. Ошондуктан, Батыш дүйнөсүндө Исламды саясий майдандан алыстатуу о.э. ибадатканалар менен ырым-жырымдарга чектеп коюу аракеттери жүрүп жатат. Ал үчүн теология жана дин иштери боюнча атайын мекемелер түзүлгөн. Алардын негизги милдети Исламдын мыйзамчылык жагына сокку берүү, аны турмуштук түзүм катары таануудан алыстатуу жана шаръий өкүмдөрдү жекече жашоого чектеп, Исламды демократияга байлоо сыяктуу иштер менен алектенүү. Т.а. алардын максаты Исламды заманга ылайыкташтыруу, мусулмандарды Батыш элдеринин курамына сиңирип жиберүү. Алар бул жолдо Батыш сакафатынан таасирленген батышпарас мусулмандардан пайдаланып жатышат.

А бирок Батыш канчалык аракет кылганы менен, мусулмандарды куфр калкы менен аралаштырып жиберүү колунан келбей жатат. Т.а. мусулмандар зээниндеги Исламдын “адал-арам” өлчөөсүн өчүрүп, анын ордуна Батыштын “пайда-зыян” өлчөөсүн жайгаштыруу колунан келбей жатат. Ошондуктан, “террор” деген шылтоо менен ар кандай Исламий аракеттерге сокку берүү жана өздөрүнүн бул иштерине мыйзамдуу түс берүү үчүн жогорудагыдай мыйзам долбоорлорун кабыл алышууда. Себеби, Батыш капитализм мабдасы кулашынан, адамзаттын жетекчилиги Ислам мабдасына өтүп кетишинен катуу тынчсызданууда. Эгер мусулмандар Исламга толук амал кылышса т.а. Исламдын саясий жагын да бекем карманышса, Испаниядан тартып Малайзияга чейин созулган мамлекетке негиз салынарын  кафирлер жакшы билишет. Бирок, алардын каршылыгы таптакыр пайда бербейт, алар эмне кылса кыла берсин, Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.

وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт”. [12:21]

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here