Акса жана Газа согушунун артында эмне турат?!

194
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Акса жана Газа согушунун артында эмне турат?!

 Доктор Музаммад Жиланий

Маалымат агенттиктери Америка, Европа жана араб мамлекеттериндеги расмийлердин Фалестин маселесин бүтүндөй чечүү үчүн тарыхий мүмкүнчүлүк бар экени, бул «эки мамлекет» чечими жөнүндөгү Американын көз карашына негизделген туруктуу чечим аркылуу ишке ашары туурасындагы билдирүүлөрүн таратышты. О.э. Хамас кыймылынын саясий бөлүмүнүн төрагасы Исмаил Ханийя Газадагы каршылык кыймылынын жеңишинен кийинки стратегиялык баскыч жөнүндө билдирүү бергени да кабарланды.

Шек-күмөнсүз, Аксада башталып, Газада жалындаган согуш ал жерде көп фактылар бар экенин далилдеди. Бул фактылардын негизгилери:

Фалестин бардык бөлүктөрү менен дагы эле Ислам Умматынын жүрөгүндө турат…

Баскынчылык канчалык созулбасын, яхудийлер үчүн Аксадан таптакыр баш тартып болбойт…

Уммат өзүнүн бул топурагын жана ыйык жайларын азат кылуу жолунда мал-жанын курман кылууга даяр…

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер дагы эле Уммат душмандарынын, өзгөчө, Америка, Британия жана яхудий вужудунун тарабында турат…

Яхудий вужуду күчсүз вужуд болуп, ал Умматтын чыныгы өзгөрүшү тиякта турсун, ал тургай, Газада курчоого алынган Уммат перзенттеринин согушуна да каршы тура албайт…

Биз бул фактыларды көңүл көтөрүү жана көңүл айтуу үчүн айтып жатканыбыз жок, балким, Америка жана Британиядан турган шайтандардын азгыруусунан дагы эле кутула албай жаткан батышпарастарга, алдангандарга жана малайларга дагы бир ирет баса белгилөө үчүн айтуудабыз.

Айрыкча, бул фактыларды жүздөрүндө коркуу белгиси көрүнүп турган кимселерге эскертүү катары айтып жатабыз. Алар мусулман армиялары Уммат катарына өтүп, Фалестинде ага жардам көрсөтүшүнөн о.э. колонизатор кафирдин кызматына өздөрүн, ал тургай армияларын арнаган мусулман башчыларынын тактыларын кулатышынан коркушууда.

О.э. Газа жана Фалестиндеги мусулмандардын шейиттеринен жана курмандыктарынан Байден, Мэркель жана Жонсон сыяктуу жетекчилердин көрсөтмөлөрүн ишке ашырууда пайдаланмакчы болуп жаткан кимселерге да эскертүү катары айтып жатабыз. Бул жетекчилер яхудийлерди Фалестинде бүткүл өлкө, алардын катарында, каршылык топтору да моюнга алган мамлекет катары бекемдөө үчүн азыркы убакыт эң ыңгайлуу дешүүдө. Массалык маалымат каражаттарында тараган кабарлар эч кимге сыр эмес. Аларда Мисирдин келишимди расмий кабыл алганы, яхудий вужуду бул келишим Мисирдин сунушу менен шайкеш ишке ашырылды деп билдирүү бергени, каршылык кыймылы да келишимди аткарууда көрсөткөн кызматтары үчүн Мисирге ыраазычылык билдиргени айтылат.

Туура, Америка көптөгөн маселелерди мамлекеттик департамент аркылуу козгосо да, бирок, жарашуу келишими маселесине ачыктан-ачык Мисир өзү аралашты жана Хамастын расмийлери айткан, стратегиялык баскыч чараларын көрдү… Бирок, биз бул аралашуу өзгөчө мааниге ээ экенин жана ал «стратегиялык баскыч» деген нерсеге бүтүндөй шайкеш алып барылганын баса белгилемекчибиз. Мунун маанилүү касиеттери – Мисир дал ушундай тажрыйбаны 1973-жылы башынан өткөргөн. Ошондо Мисир армиясы яхудийлер үстүнөн ажайып жеңишке жетип, аларды түп-тамыры менен кулатуусуна аз калган. Бирок, саясий капкандар жана алардын элери бул аскерий жеңиштен кыйла айлакер жана күчтүрөөк чыкты. Максат аскерий жеңиш болгон эле жана буга эч ким күмөн кылбаган, Мисир армиясы буга кудуреттүү эле. Бирок «стратегиялык баскыч» деген нерсе пайда болду. Муну Анвар Садат яхудийлер менен жарашуу келишимин түзүүгө кадам шилтеп, «баскынчылардын Фалестинде акылары бар» экенин моюнга алганда тилге алды. Ал: «Мен согушта жеңишке жетишкенимдей, тынчтык орнотууда да жеңишке жетүүгө акым бар», – деген. Т.а анын айтымында, яхудийлердин Синайдан чыгып кетишинин тушунда алар менен тынчтык келишимине кол коюу да жеңиш болгон!

Бүгүнкү күндө Мисир Газа жана мубарек Акса согушу артынан демилгени өз колуна алып, кампанияга Американын өкүлү катары жетекчилик кылууда. Эч кимге сыр болбогондой, Мисир Уммат кызыкчылыктарынын эч бирин коргобойт. Ошондой болгон соң, кызыкчылык Фалестин, Акса жана Куддуска барып такалганда Мисир режиминен эмнени күтсө болот?! Бул мамлекет 1956-жылы Сувайш каналы согушунда үч тараптуу чабуулдан куткарганы үчүн Америкадан карызмын деп эсептейт. 1967-жылдагы согуштан кийин Мисир «Rogers Plan» (Рожерс долбоорун) алга сүргөн. Американын бул долбоору «эки мамлекет» чечими болуп, ага ылайык, яхудий вужуду Фалестинди, Фалестин да бул вужудду моюнга алышы керек. Кийин Мисир 1974-жылы Фалестин маселесин Фалестин Азаттык Уюмуна тапшырды жана бул уюм яхудийлер менен келишим түзүүгө киришип, аны мамлекет деп моюнга алды, аны араб жана башка мамлекеттер да ээрчиди. 1978-жылы Садат яхудий вужудуна барып, алардын ибадатканаларын зыярат кылды, Куддустагы яхудийлер менен жолугушуп, бул вужудду мыйзамдуу мамлекет катары моюнга алды. Мына ушул иштер менен Мисир, анын армиясы жана бардык күчтөрү яхудий вужудуна каршы согуш кылуудан баш тартты. Ушул аркылуу яхудийлердин өкүл атасына айланып, Американын Фалестинди расмий түрдө яхудийлердин колуна тапшыруу долбоорун ишке ашыруу ишинде ортомчу болуп калды. Сисий Мисирде шайланган президентке каршы аскерий төңкөрүш жасоо аркылуу бийликке келди… Ал тактыга отургандан тартып яхудий вужудун бекемдөө жана түрдүү каражаттар менен аны коргоого болгон күчүн аябай жумшап келүүдө.

Мына ушулардан улам, Мисир Сисий доорунда да, Хусни Мубарак, Анвар Садат жана Абдунасир доорунда да саткындыкты өзүнө ыраа көрдү. Умматтын мабдасын, ыйык жайларын, жерин жана урматын четке кагууну ыраа көрдү. Кыянат Мисир режиминин кан тамырына сиңди. Арийне, баса белгиленип жаткан бүгүнкү стратегиялык баскыч таза нерсени нажас колдорго тапшыруу ишинен башка нерсе эмес. Фалестин маселеси аруу-таза.

Фалестин Расулуллах ﷺ Акса мечитине сейил кылган убактан бери аруу-таза…

Бул жерге Умар ибн Хаттаб розияллаху анху кадам баскандан бери аруу-таза…

Салахиддин Айюбий ыплас кресттүүлөрдөн азат кылгандан бери аруу-таза…

Кутз бул өлкөдөн жырткыч монголдорду кууп чыккандан бери аруу-таза…

Абдулхамид ыплас яхудийлерге бербей коргоп келгенден бери аруу-таза…

Анын топурагында шейит Кассам өлтүрүлгөндөн бери аруу-таза…

Фалестин маселеси Фалестиндин Газа, Ладд, Яффа, Куддус, Куфр Касим, Дайр Ясин, Жанин, Халил жана башка шаар жана айылдарынын башкы маселеси. Фалестин мубарек жер болсо, анын калкы рабат-коргоочу калк. Фалестиндин иши да, маселеси да, абалы да пакиза аруу-таза. Эч качан жана эч бир түрдө анын ишин, келечегин жана маселесин кыянатта чектен чыккан, малайлыкка малынган, колонизатор кафирге чын жүрөктөн кызмат кылып жаткан кимселерге таптакыр тапшырып болбойт.

Мисир режиминин абалы мына ушундай. О.э. бул, ушул режимден да арамза о.э. колонизатор кафир менен яхудий вужудуна көбүрөөк малайлык кылып жаткан режимдердин абалы. Негизи, бүткүл араб башчылары бир макамда ойноп жатышат… ар бир зыянды өздөрүнө зыян деп эсептеп жатышат, алар каалабаган жеңиштин жүз беришинен коркуп жатышат, яхудий вужудунун бар болушун, туруктуу турушун өз тактыларынын туруктуулугуна себеп деп билишүүдө. Ошондуктан, алар Фалестинде жана андан башка жерлерде Уммат кызыкчылыктарын коргогондон көрө, яхудий вужудун коргоону, аны моюнга алууга жана бекемдөөгө көбүрөөк аракет кылышат.

Ушул жерде катъий айтуу керек, баскынчылыктын жана ага каршы каршылык кыймылынын уланышы о.э. мусулмандардын жүрөгүндө Фалестин маселесинин оту өчпөй сакталып турушу бул маселе Америка, анын малайлары, тарапкер жана жугундукорлору каалагандай аякташына караганда жеңил. Демек, Фалестинди толук азат кылуу жөнүндөгү Аллахтын буйругуна каршы чыгып жаткан кимселерден сактангыла… Сөз оюнун кылып, баскынчылыктын аякташына чакырып, бирок, Фалестиндин эч бир жерин калтырбай азат кылууга, яхудийлерди бүтүндөй кулатууга чакырбай жаткан кимселерден этият болгуга. Соңку согушта мусулмандар көрсөткөн эрдиктерге күбө болдук. Алар яхудийлерди жеңүүгө кудуреттүү экендиктерин көрсөтүштү… Мына ушулар сүйлөшүүлөргө эч кандай орун калтырбады. Себеби, ар кандай сүйлөшүү яхудийлердин бекемделишине алып барат.

Сөзүбүздүн аягында ушуларды баса белгилейбиз, бүгүнкү күндө Ислам Умматы Фалестин жана Акса маселеси астында ким экенин көрсөттү. Ал дагы эле ошол жакшылыкка бай, жихадды сүйүүчү Уммат. Ислам Умматы аны жардамсыз калтырган жана кыйроого алып келген жетекчилерге карата шарт болгон ишти кылат жана аларды тактыларынан кулатып, ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид халифаны тикелейт.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاء وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал кудурет жана ырайым ээси»                              [30:4-5]

 Роя гезити, №340, 2021-жыл, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here