«Судандагы демократиялык өзгөрүүнү колдоп кубаттоо боюнча Париж конференциясы» Чындык жана маалыматтык адаштыруу

202
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Судандагы демократиялык өзгөрүүнү колдоп кубаттоо боюнча Париж конференциясы»

Чындык жана маалыматтык адаштыруу

 Устаз Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү

2021-жылы 17-май күнү Судан маселеси боюнча эл аралык конференция болду. «Судандагы демократиялык өзгөрүүнү колдоп-кубаттоо боюнча Париж конференциясы» деп аталган жана эки күнгө уланган бул конференция кең аудиторияда өттү. Анда өткөөл өкмөттүн суверендүү кеңешинин төрагасы Бурхан жетектеген судандык бир катар расмийлер, Министрлер кеңешинин төрагасы Абдуллах Хамдук о.э. Мисир президенти Сисий, бул долбоордун автору Франция президенти Макрон, африкалык, европалык жана арабстандык расмийлер катышты. Жыйында сүйлөгөн расмий сөздөрдө, негизинен, Судандагы өткөөл өкмөт процессинин саясий жактарына о.э. бул процесстин ийгилиги Суданга донор мамлекеттер тарабынан бериле турган экономикалык жардамдарга байланыштуу экенине этибар каратылды.

Ко-ош, бул конференциядан кандай ашкере жана жашыруун максаттар көздөлгөн? Конференция кандай тыянак чыгарды, кандай пайдага жетишти жана Судан калкы андан кандай пайда алышы мүмкүн?

Ашкере кылынган максаттардын бири Судандын 60 миллиард доллардан ашык карызын кечүү аркылуу жардам көрсөтүү туурасындагы билдирүүлөр болду. Бирок, натыйжа, Франция тарабынан болобу, башка мамлекеттер тарабынан болобу, убадалар гана болду. Франс-Пресс маалымат агенттиги Макрондун темага байланыштуу «Биз Судандын бизден болгон 5 миллиард долларлык карызын бекер кылынышын колдоп-кубатайбыз» деген сөзүн кабарлады. Бирок, массалык маалымат каражаттары, айрыкча, Судандагы маалымат каражаттары кудум Париж Судандын карызын кечип жибергендей кабар таратышты. Шек-күмөнсүз, бул Судан коомчулугунун пикирин адаштыруу. О.э. 15 Африка, Европа, Араб мамлекеттеринин жетекчилери жана эл аралык уюмдар Судандагы саясий өткөөл процессин колдоп-кубаттоого о.э. донор мамлекеттер үчүн төлөнүшү кечиктирилген карыздарды камсыздашы үчүн Суданга дагы карыз берүүгө убада берилди. Көрүп турганыңардай, кудум мурда болгондой, бул кыялдагы убадалардан башка нерсе эмес. Мурда да Берлин, Саудия жана башка мамлекеттерде өткөрүлгөн конференцияларда да ушул сыяктуу убадалар берилген. Ал тургай, бул убадалар ишке ашырылган тугдырда да Судан мындан эч качан пайдалана албайт. Себеби, берилген жардамдар карызга кетет т.а. карыз карызга алмаштырылат! Бул мурда Американын Дүйнөлүк Банк аркылуу кылган ишинин дал өзү, ошондо Америка 1.15 миллиард доллар кредит берген.

Франция да ушуга окшогон убада берди. Анын финансы министри Брюно Ле Мэр Париж конференциясы алдынан: «Франция карыздардан кыйналып калган жана демократиялык өткөөл процессти башынан өткөрүп жаткан Суданга жардам берүү үчүн Эл аралык Валюта Фондуна бере турган кечиккен карыздарды төлөшүнө жардам бермекчи, бул үчүн Суданга 1.5 миллиард доллар кредит берет», – деди.

Булардын баарынан Суданды эл аралык уюмдардан дагы да көбүрөөк кредит алууга ылайык мамлекетке айлантуу көздөлгөн. Негизи, ансыз да бул өлкө эл аралык уюмдардын көрсөтмөлөрүн моюн сунуу менен аткарып келет. Бул көрсөтмөлөр – мамлекеттик колдоп-кубаттоону толук алып таштоо. Судан өкмөтү бул көрсөтмөнү өзүнүн милдети катары аткарды, акыбетте күйүүчү май продукциялары, электр, газ, нан, суу жана башка товарлардын баасы көтүрүлүп кетти. О.э. бийлик Судан валютасынын АКШ долларына карата курсун төмөндөттү. Бул болсо, адамдардын жашоосу тозокко айланышына алып келди. Себеби, бул нерсе Судандын мүмкүнчүлүктөрүн сатууну же өлкөнүн кен байлыктарын талап-тоношу үчүн чет элдик компаниялардын колуна тапшырууга себеп болду.

Конференциянын негизги максатына т.а. сыр сакталган максатына келсек, бул – Суданды ачык-ашкере илманийлештирүү. Муну менен Исламдын бийликке келбестиги көздөлгөн. Бул максат туурасында Европа да, Америка да – ал тургай, бул өлкөдө экөөсү тең таасир талашып күрөшүп жатышканына карабастан – шериктер. Франция президенти Макрон конференциянын башталышында: «Эркиндик, тынчтык жана адилет, бул үчөөсү Судан козголоңунун өкүлдөрү айткан сөздөр», – деди. Ал өткөөл процессти мактап, бул процесс саясий исламды жеңүү экенин баса белгиледи. Муну менен бирге, Судан премьер-министри Хамдук да Париж конференциясына жөнөр алдынан андан көздөлгөн негизги максатты төмөнкүдөй ачыктады: «Париж конференциясынан күтүлүп жаткан нерсе – бул өлкөнү дүйнөгө көрсөтүү жана чыныгы ордуна кайтаруу. О.э. өлкөнү терроризмди каралаган, тынчтык жана коопсуздукту алкыштоочу кылып жана анын өнүгүшүнө жана эл аралык коомчулук менен жуурулушуна жардам берген мамлекетке өз дарбазаларын ачып берүүчү боорукер мамлекет кылып көрсөтүү».

Эл аралык саясатта терроризм дегенде Ислам назарга алынат, бул ачык-айкын нерсе. Хамдук терроризмди каралоо дегенде Исламдын калган өкүмдөрүн да жок кылууну назарга алды… Мисалы, социалдык түзүмдү, айрым жазаларды бүтүндөй жок кылуу жана таалим программасын өзгөртүү, ушул аркылуу эл аралык куфр мыйзамчылыгына ылайыкташтыруу сыяктуу.

Белгилүү болгондой, Судандагы өткөөл өкмөттү бир тараптан Америка тарткылап жаткан болсо, экинчи тараптан Европа тарткылап жатат. Конференциянын уюштуруучусу Европа (Франция). Ошондуктан, конференцияда Американын таасири кыйла алсыз экенин көрүп жатабыз. АКШнын Улуттук Жардам Фондунун төрагасы Саманта Пауэр конференцияга катышып, анын мамлекети «Суданды колдоп-кубаттоо үчүн колунан келгенче аракет кыларын» баса белгиледи. Негизи, Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык Валюта Фондуна да түздөн-түз Америка өкүмдарлык кылат. Ушул себептен улам, ал өткөөл өкмөттү ийгиликсиздикке учуратуу үчүн анын алдына Хамдук жетекчилиги аркылуу тоскоолдуктарды коёт. Эгер, Америка ушул аркылуу бийликти кулата алса, бийликти өзүнүн адамдары аркылуу башкарат. Муну өкмөттүн дагы эле басымдардан башы чыкпай жатканы тастыктап турат. Финансы министри Жибрил Ибрахимдин 2021-жылы 22-майда «Хадас» жана «Арабия» каналдарына берген интервьюдан белгилүү болгондой, өкмөткө башка товарлардан да мамлекеттик колдоону алып салуу зарылдыгы туурасында жаңы талап коюлган. Ал: «Биз табигый газ жана нандан колдоп-кубаттоону азыркы учурда алып салууга даяр эмеспиз, муну кийинчерээк ишке ашырышыбыз мүмкүн», – деп кошумчалады.

Париж конференциясынан көздөлгөн максат мына ушулар. Бул жыйындын түздөн-түз терс таасирин жергиликтүү валютанын долларга карата курсу кескин түшүп кеткени да көрсөтүп турат. Т.а. бир доллар 400 жунайх эле, 450дөн ашып кетти. Басым дагы эле уланууда, акыбетте товар жана кызматтардын баасы көтөрүлүп кетти жана дагы көтөрүлүүдө. Бул баалар Судан калкын оор абалга салууда.

Чоң-кичинеге ачык-айкын белгилүү акыйкат ушул: Судан кен байлыктары көп мамлекет, бүткүл дүйнөнүн азык-түлүк себети деп бааланат. Бирок, ага карабастан, ал акимдердин саясаты себептүү жакыр. Акимдер өлкөнү ойронду кылып, жаранды жакыр кылып болсо да колонизатор кафирди ыраазы кылуудан башканы билишпейт.

Түпкү чечим албетте Пайгамбарлык минхажы ненизиндеги рошид Халифалык мамлекети астында Ислам менен башкаруу. Халифалык мамлекети колонизатор кафирдин өлкөгө созулган колун кесип, сүткордукка негизделген фонддор менен алакаларды үзөт о.э. Умматтын энергетикасынан жана байлыктарынан жарандардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланат. Мына ушул жол менен Судан гана эмес, бүткүл дүйнө жийиркеничтүү ач көз капитализмден кутулат.

 

Роя гезити, №340, 2021-жыл, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here