Куддуска эл аралык түс берүү – АКШнын илгертен келе жаткан колонизатордук идеясы, Эрдаган бүгүн Куддус маселесин чечүүдө ушул идеяга чакырууда!

219
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Куддуска эл аралык түс берүү – АКШнын илгертен келе жаткан колонизатордук идеясы, Эрдаган бүгүн Куддус маселесин чечүүдө ушул идеяга чакырууда!

Газа секторунда, Батыш Жээкте жана басып алынган райондордо окуялар курчуп жатканда Түркия президенти Эрдаган үч дин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү аркылуу Куддус шаарын үч администрацияга бөлүүгө чакырып: «Үч дин (Ислам, христиан жана яхудий дини) өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүү азыркы абал үчүн эң жакшы чечим», – деди. Ал БУУ, Коопсуздук Кеңеши, Ислам Кызматташтык Уюму жана бардык эл аралык уюмдарды мазлум Фалестин жана Куддус үчүн активдүү аракетке келүүгө чакырды.

Бул тууралуу Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды түшүндүрдү: «Куддуска эл аралык түс берүү – АКШнын илгертен келе жаткан колонизаторлук идеясы. Бул идея «эки мамлекет» долбооруна байланыштуу. Бул долбоордо Батыш Жээк менен Газада фалестиндиктердин мамлекетин, калган бардык Фалестин жеринде яхудий мамлекетин тикелөө, Куддуска эл аралык түс берүү жана качкындар проблемасын чечүү каралган. Ушул ыплас долбоорду ишке ашыруу жана Фалестин маселесин жок кылуу үчүн Америка акыркы ондогон жылдар аралыгында катуу иш-аракеттерди алып барды».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Бүгүн Фалестин калкы Газа секторунда, Батыш Жээкте жана басып алынган райондордо Батыштын мындай колонизаторлук идеясын жана долбоорун четке кагышууда… Ушул учурда Фалестин калкын Куддуска карай аракеттендирип жаткан күч – мусулмандардын биринчи кыбласы болгон мубарак Акса мечитине болгон сүйүү… Алар яхудий (мамлекти) Фалестинден бүтүндөй кууп чыгарылышын ынтызар болуп күтүшүүдө… Мына ушундай бир учурда тигил саткын мусулман башчылары эскирип жараксыз абалга келген, аны ишке ашырууда ээлери ийгиликсиздикке учураган долбоорлорду жана идеяларды кайра жандантууга урунушууда».

Билдирүүнүн соңунда ушулар айтылды: «Фалестин жана Куддус – исламий жер. Ал жерде баскынчыларга эч кандай орун жок. Бүткүл мусулман элдеринин козголушу о.э. алардын мубарек жерде болуп жаткан бул окуяларга карата реакциясы Умматтын тирүүлүгүнө, өз жерине жана маселесине садык экенине, Уммат менен акимдер бүтүндөй эки башка тарапта экенине далалат кылууда. Бүгүнкү күндө Уммат күч-кубат эллери Фалестинди азат кылуу үчүн аракетке келишине жана чегараларды ачып ташташына ынтызар болуп турганда мусулман башчылары колонизаторлор калтырган таштандыларды тыткылап, эски чыгындыларды табууга жана алга сүрүүгө урунуп жатышат!».

 

Роя гезити, №340, 2021-жыл, 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here