АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну жумшартуу аракеттерин колдоду

257
0

АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну жумшартуу аракеттерин колдоду

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну азайтуу, чек араларды тактоо жана көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү аракеттерин колдой турганын билдирди.

Тажикстан жана АКШнын тышкы иштер министрликтери билдиргендей, Сирожиддин Мухриддинов менен Энтони Блинкен 1-июнда телефон аркылуу сүйлөшкөн. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайстын билдиришинче , Энтони Блинкен сүйлөшүү учурунда АКШ мындан кийин да Тажикстандын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдой турганын билдирген.

Анын айтымында, Блинкен Сирожиддин Мухриддинов менен сүйлөшүү учурунда аймактык коопсуздук тармагындагы жетекчилиги, Афганистан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдогону жана терроризмге каршы күрөштө туруктуу кызматташтыгы үчүн Тажикстанга ыраазылык билдирген.

АКШ өкмөтү Тажикстанда чек ара өткөрмө пункттарын курууга жана реконструкциялоого салым кошуп, аскерий техника жана транспорт каражаттарын сунуштаган.

 Комментарий: Америка Кошмо Штаттары Тажикстанга каржылык жардам берип жаткан негизги мамлекеттердин бири. Берилип жаткан каржылык жардамдар негизинен Тажикстан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдыктан өткөрүүгө, чек араларды бекемдөөгө жана аскерий максаттарга жумшалат.

 2018-жылы АКШ өкмөтү Тажикстандын коопсуздук мекемелерине жалпы баасы 8 миллион доллардан (75,3 миллион сомони) ашкан жабдыктарды берген.

Расмий билдирүүдө: “Берилген жабдыктар чек арачылар жана коргоо министрлиги Тажикстандын Афганистан менен чектеш Хатлон облусундагы мыйзамсыз айланма жолдорго тосмолорду курууда пайдаланылат, тактикалык машиналар болсо аймакта патрулдук көзөмөлдү кеңейтет”, – деп айтылган. О.э. буга чейинки 26 жылдын ичинде АКШ Тажикстанга 1,8 миллиард доллардык (16,9 миллиард сомони) жардам бергендиги баса белгиленген.

 Көрүп турганыбыздай, колонизатор мамлекеттердин бере  турган жардамы да, билдире турган тилектештиги да мусулман өлкөлөрдү бөлүп-жаруу, ортодогу жасалма чек араларды бекемдөө, “эгемендүүлүк” жана “аймактык бүтүндүгүн колдоо” о.э. башка бир колонизатордун каршысында өз таасирин күчөтүү максатында сунушталат. АКШ Борбор Азия мамлекеттериндеги жакырчылыктан пайдаланып, аларга экономикалык, саясий жана аскерий жактан ири өлчөмдөгү жардамдарды берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтөт. Ал Россия ишке ашыра албай турган, жана ири өлчөмдөгү каражаттарды талап кылуучу долбоорлорду сунуштайт. АКШ бул аркылуу Тажикстанды тартып ала албаганы менен, Тажикстан жана Россиянын ортосундагы алаканы бир топ начарлатууга аракет кылат. Себеби Тажикстан Россиянын таасири алдындагы мамлекеттерден болуп, АКШнын каржылык жардамдары аны азгыруу аракети болуп эсептелет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here