Абу Зарр аль-Гифари

2375
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Абу Зарр аль-Гифари

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун. Сүйүктүү бир туугандар, адегенде бул улуу сахабаны кыскача тааныштыра кетели.

Абу Зарр Жундуб ибн Жунада аль-Гифари. Ал (Аллах андан ыраазы болсун) узун бойлуу, чачы жана сакалы ак, өңү кара, арыкчырай эле. Ал Мекке менен Мадинанын ортосундагы Гифар уруусунда төрөлгөн. Бул уруу жолоочуларды, соодагерлерди тоноп, мал-жанын күч менен тартып алган окуялары менен атагы чыккан. Ал (Аллах андан ыраазы болсун) жолду жалгыз болсо да тооруп, таңга маал атчан же жөө кол салып, ала турганын алып кетчү.

Абу Зарр (радыяллаху анху) зухд менен (берилип) ибадат кылгандардын бири болгон. Ал мындай деп айтчу: “Аллахтан башка кудай жок”. Ал буттарга сыйынган эмес.

Ибн Аббас (радыяллаху анху) риваят кылган хадисте, ал айтты: “Мен Гифардан болгон бир киши элем. Анан Меккеде бир киши пайгамбармын деп чыккан кабар бизге жетти. Мен агама айттым: Бул кишиге бар, аны менен сүйлөш жана анын кабарын алып кел. Ошентип, ал барып жолугуп, кайра келди. Мен айттым: Сенде эмне өзгөрдү? Ал айтты: Аллахка касам, мен жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган адамды көрдүм. Ошондо мен ага: “Сен мени  бул кабарың менен айыктырган жоксуң”, – дедим. Ошентип азык-түлүгүмдү асынып, таяк алып жолго чыктым. Анан Меккеге бардым, аны тааныбайм, ал жөнүндө сураганды жактырбадым жана мечитте болуп Зам-зам суусунан ичтим. Ошондо Али (радыяллаху анху) менин жанымдан өтүп баратып: Ал киши чоочун кишидейби? деди.  Мен айттым: Ооба. Ошондо ал айтты: Сага эмне болду? Сени бул шаарга эмне алып келди? Мен ага айттым: Эгер мен айткандарымды эч кимге сүйлөбөсөң, мен сага айтам. Ал айтты: Мен ошондой кылам. Мен ага айттым: Бизге бул жерде өзүн пайгамбармын деген бир киши чыкканы кабарланды. Мен агамды аны менен сүйлөшүүгө жөнөттүм. Бирок ал кайтып келди жана ал алып келген кабардан мен канаатанбадым. Ошондуктан ага жолуккум келди. Ошондо ал мага: Сен туура жолдосуң мен кайда кирсем, мени ээрчи. Анткени мен сен үчүн кооптуу адамды көрсөм, бут кийимимди оңдоп жаткандай болуп калам сен өтүп кете бер деди… Ошентип, анын артынан жүрүп, ал кирген жерге кирип Пайгамбарга бардым. Ошондо мен ага: Мага Исламды сунушта, – дедим. Ал мага: “Эй, Абу Зар, ​​бул ишти жашырып, өз жериңе кайт, качан биздин көрүнүш сага жетсе кел”! – деди. Ошондо мен айттым: Сени акыйкат менен жиберген Затка ант болсун, мен муну алардын алдында кыйкырам.

Ошентип Абу Зар мечитке келип, Курайштардын алдында: Эй Курайш калкы, мен күбөлүк берем: Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси. Алар: “Бул оорулууга кол салгыла”, – дешти. Ошентип, алар ордуларынан туруп мага жабылышты, мени өлөрчө сабашты, андан кийин Аббас мага жетип келип үстүмө жыгылды. Анан аларга бурулуп: Силерге кайгы болсун! Силер Гифардан бир кишини өлтүрөсүңөрбү? Силердин соодаңар жана өтчү жериңер Гифарда го?!,- деди. Ошентип, алар мени таштап кетишти. Эртеси эртең менен кайра келип, кечээ айтканымды айттым: Бул оорулууга кол салгыла дешти. Алар кечээ мага кандай кылышса, ошондой кылышты. Аббас мага  жетип келип үстүмө жыгылды жана кечээги айтканын айтты. Ошентип, Абу Зар ​​(Аллах андан ыраазы болсун0 Исламдын алгачкы мезгилинен тарта улуу сахаабалардын бири болгон. Ал төрт күндөн кийин Исламды кабыл алган деп айтылат. Бирок, ал Исламды кабыл алгандандардын бешинчиси болгон. Пайгамбар (с.а.в) аны менен бану Саида урууларынан болгон Мунзир бин Амрды бир тууган кылган. Ал өз сөзүндө чынчыл болгон.

Абу Зар (​​радыяллаху анху) айтты: Аллахтын Элчиси мага айтты:

«مَا تُقِلُّ الغَبرَاءُ وَلا تُظِلُّ الخَضرَاءُ عَلَى ذِي لَهجَةٍ أَصدَقَ وَأوفَى مِنْ أبِي ذَرٍّ، شَبِيهِ عِيسَى ابنِ مَريَمَ». قَالَ: فَقَامُ عُمَرُ بنُ الخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنهُ فَقَالَ: يَا نَبِيَّ اللهِ، أفَنَعْرِفُ ذَلِكَ لَهُ؟ قَالَ: «نَعَمْ، فَاعرِفُوا لَهُ

“Асман астында жана жер үстүндө Марям уулу Исага окшош Абу Заррдан да ак ниеттүү жана ишенимдүүрөөк, сөзүндө чынчыл адам жок. Ал айтты: Ошондо Умар бин аль-Хаттаб (радыяллаху анху) ордунан туруп (кызганып): Оо Аллахтын элчиси, биз ушуну менен аны таанып билебизби? Ал айтты: “Ооба, ушуну менен аны таанып билгиле”.

Аллах андан ыраазы болсун, Ислам динин кабыл алгандан кийин атасын, энесин, үй-бүлөсүн жана уруусун Исламга чакырып мындай деди: “Пайгамбар менен Абу Бакр жолго чыгышты, мен алар менен жолго чыктым, кийин Абу Бакр эшикти ачып, бизге Таиф мейизинен берди. Бул мен алар менен жеген  биринчи тамагым болчу. Ошентип, мен ал жерде бир аз туруп калдым. Аллахтын Элчиси: “Мен курма дарактарына толгон жерге багытталдым жана ал Йасриб болот деп ойлойм. Мен жөнүндө элиңе кабарлайсыңбы? Балким, Аллах аларга сен аркылуу пайда берип, алар себебтүү сага сыйлык берер”, – деди. Ошентип мен жолго чыктым. Аниса иниме келип Исламды кабыл алганымды жана акыйкатты тапканымды айттым. Ал айтты: Мен силердин диниңерди таштоону каалабайм, (башкача айтканда, мен силердин диниңерди жаман көрбөйм), анткени мен Исламды кабыл алдым жана акыйкатты таптым. Анан апабызга келдик, ал айтты: Мен сенин диниңди таштоону каалабайм, анткени мен Исламды кабыл алдым жана акыйкатты таптым. Ошентип биз исламды коомубуз Гифарга алып келдик. Алардын кээ бирлери Аллахтын Элчиси Мадинага келгенге чейин Исламды кабыл алышты. Хафаф бин Имааи бин Рахдха аль-Гифари гифар уруусунун жетекчиси эле. Калгандары Алланын элчиси келгенде, “биз Исламга моюн сунабыз”, – дешти. Анан Алланын Элчиси келип, калгандары Исламды кабыл алышты. Аслам уруусу келип: “Оо, Аллахтын Элчиси, бир туугандарыбыз моюн сунган нерсеге биз да моюн сунабыз дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси: “Гифарды Аллах кечирди. Алар моюн сунду  Аллах  аларды саламат кылды”, – деди. Абу Зарр аль-Гифари (радыяллаху анху) Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандай, хижрий 32, миладий 652-жылы Рабадха шаарында жалгыз абалда каза болгон.

Бул улуу сахаба Абу Зар аль-Гафаринин (Аллах андан ыраазы болсун) өмүр жолуна сереп салгандан кийин, анын Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдан) үйрөнгөн насааттарынын кээ бирлерине токтолобуз.

Абу Наим “Хилятул-Авлия” китебинде мындай дейт: Бизге Усман бин Мухаммад Аль-Усманий Абу Бакр Аль-Ахвазийден, ал Хасан бин Усмандан, ал Мухаммад бин Идиристен, ал Мухаммад бин Рухтан, ал  Имран бин Умардан, ал Суфйан Ас-Савриден риваят кылып айтты. Абу Зар аль-Гифарий Каабага туруп: “Эй адамдар, мен Жундуб ал-Гифариймин, насыят кылуучу, ыкластуу жана боорукер бир тууганга келгиле. Адамдар аны курчап алды. Ал айтты: Кандай деп ойлойсуңар, араңардан бирөө сапарга чыгууну кааласа, өзүнө жол азыгын алып жана максатына керектүү нерселерди алып койобу? Алар: Ооба дешти. Ал айтты: Кыямат жолу силер  каалагандан да алыс. Өзүңөр үчүн эң жакшысын алгыла. Алар: Бизге эмне жакшы? дешти. Ал айтты: “Чоң иштер үчүн ажылык кылгыла, узун күндөрү өтө ысыкта орозо кармагыла, кабырлардын жалгыздыгы үчүн караңгы түндө эки рекет намаз окугула, малыңарды садака кылгыла, балким, кыяматтын  кыйынчылыгынан кутуласыңар. Бул дүйнөнү эки отуруучу жай кылгыла: бир орунду акыретке, бир орунду адалга. Үчүнчүсү сага зыян келтирет, сага пайда бербейт, сен аны каалабайсың. Мал мүлкүңөрдү эки дирхамга айланткыла: бир дирхамды үй-бүлөңө өз убагында сарптайсың, бир дирхамды акыретке бересиң, үчүнчүсү сага зыян келтирет, сага пайда бербейт, сен аны каалабайсың. Анан үнүн бийик чыгарып: Оо, адамдар, силерди эч качан түшүнө албай турган каалоо өлтүрдү”, – деп кыйкырды.

Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 13-зул каада.

2024-ж 21-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here