Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт

208
0

Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.

Бишкектеги “Дордой” жана “Ош” базарларынын жака-белинде өзгөчө оор шартта, бир бөлмөлүү батирлерде эптеп күн көргөн үй-бүлөлөр, эки жана андан көп балалуу жалгыз бой энелер көп. Алардын басымдуу бөлүгү балдары менен чогуу базарда кагаз терип, чай-суу сатып, күнүмдүк акчага иштейт. Мындай энелер жыл өткөн сайын көбөйүп жатат. Мындай аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашы жете элек балдарына ай сайын 800 сомдон гана жөлөк пул берилет.

2021-жылдын башындагы статистикага ылайык, Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 млн. 512 миң бала бар.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, акыркы эки жылда жашы жете электер арасындагы суицид көбөйгөн. 2020-жылы 98 бала өз жанын кыйса, быйылкы үч айда эле 25 бала суицидге кабылган. Буга пандемия шартындагы чектөөлөр жана карантин, ошол эле учурда турмуштук оор шарттар себеп экени айтылып келет.

Белгилүү болгондой 1-июнда бүткүл дүйнө жүзү “балдарды коргоо күнүн” белгилешет. Балдар күнүн белгилөө 1949-жылы Парижде кабыл алынган. А бирок, жылына бир жолу балдарды эстөө менен алардын акы-укугу корголуп калабы? Тескерисинче, жогорудан айкын болгондой балдарга карата зомбулук, үрөй учурган окуялар жыл өткөн сайын көбөйүп жатат.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 600 миңге жакын балдар эмгектенүүгө мажбур болушат. 300 миңге жакыны оор жана кооптуу жумуштарда иштешет. 23%ы коркунуч туудурган шарттарда иштөөгө мажбур. 30 миңге жакын өспүрүм акча табуу айласында мектепке барбай калган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, жыл сайын орто эсеп менен 22 миң аял бойдон түшүрүшөт. А “эгемендик” алып, демократия мыйзамдары менен жашап жаткандан бери, 810 миңдей ымыркай бойдон алдыруунун себебинен өлтүрүлүшкөн. Бул сандар расмий катталганы гана.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала толук эмес үй-бүлөдө өсөт. Мындан тышкары, 12 миңдейи интернат жана балдар үйүндө багылат, негизи, алардын 95%ынын ата-энесинин көзү тирүү. Акыркы маалыматтарга ылайык, 277 миңден ашуун балдар ата-энелеринин сыртта иштеп жүргөнүнө байланыштуу жалгыз калууда.

Жыйынтыктап айтканда, капитализм үстүбүзгө өкүмдарлык кылгандан бери балдарыбыз эч бир жагынан корголбой калды. Капитализм “эркиндиктери» колдонулушунун натыйжасында балдар кылмышынын өсүшү, рэкетчилик, араккечтик, наркомания, кыздарыбыздын бузулушу, зынакорлук, бойдон алдыруу, өзүнө кол салуу кең жайылууда. Ал эми байлардын гана кызыкчылыктарын кепилдеген капиталисттик бийлик башкалардын балдары жаатында баш катырбайт.

Демек, балдарды мындай зулумдан адамдардын жаратуучусу Аллах тартуулаган Ислам түзүмү гана чыгарат. Анткени, адамдардын акы-укуктарын Аллах Таала гана туура белгилейт жана ал укуктар Анын шарияты менен корголот. Шарият адамга адам деп карайт – ага капитализмдегидей “салык төлөөчү”, “шайлоочу” же “жумушчу күчү” деп карабайт. Ал эми Ислам көз карашында ар бир тирүү жан азиз. Анын тирүү жана бакубат жашашын камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here