Жапаров уран кени боюнча билдирүү жасады

1827
0

Жапаров уран кени боюнча билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров 22-майда уран кени боюнча видео кайрылуу жасап, айрым чет өлкөлүк блогерлерди Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Ал кайрылууда блогер Анастасия Ахметованын Ысык-Көлдө уран казуу маселеси тууралуу айткандары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Буга чейин ТикТок социалдык тармагында Анастасия Ахметова Кыргызстанда уранды өндүрүү аракеттери жүрүп, ага британиялык Ротшильд кланы кызыгып жатканын, өкмөт башчы Акылбек Жапаров аралашып, негизги сүйлөшүүлөрдү анын орун басары, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Эдил Байсалов жүргүзүп жатканын айткан.

Чынында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров британиялык “Rotschild and Co” компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен быйыл 6-февралда Бишкекте жолугушуп, улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Ал эми, 16-майда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түшкөн. Анын алдында президент Садыр Жапаров “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар” жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер өкмөттүн чечими негизинде жүзөгө ашырыла бермекчи.

Өлкөдө 2019-жылы калктын нааразылыгынан улам уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салынган. Ушул жылы Орусия президенти Путин баштаган орусиялык делегация Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын учурунда көптөгөн ачык жана жашыруун келишимдер түзүлгөн. Натыйжада, экономикалык жактан бардык кен байлыктарды Орусия энчилеп, андан артканы гана башкаларга бериле турган болгон. Маселен, Кызыл-Омпол кенин чалгындаган «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы Канадада катталганы менен, анын 60 пайыздык үлүшү орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык болгон. Ошондуктан, Кыргызстандагы АКШ кадрлары “жарандык активисттер” наамы менен элдин “ЮрАзия” ишине нааразылыгын көтөрүүдө активдүү иш алып барышты. Натыйжада, Орусияга берген убадаларды аткарууда Жээнбековдун бийлиги алсыздык кылды. Элдин каршылыгынан улам Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алууга мораторий жарыялоого аргасыз болду.

Учурда Жапаровдун бийлиги аталган кенди иштетүүгө шымалана киришип жатат. Кызыл-Омполдо калктын саламаттыгы үчүн кооптуу заттар болушуна карабай, анын пайдасын бетке кармашууда. Жапаровдун айтымында, бул кенде да Кумтөр сыяктуу бир катар баалуу металдар бар имиш. Негизи кандай гана кен байлык чыккан жер болбосун бир эле курам болбойт. Мисалы, Кумтөрдө бир эле алтын эмес, күмүш, жез, күкүрт сыяктуу көптөгөн курамдар бар. А бирок, Кумтөр боюнча жасалган отчеттордо 30 жылдан бери алтындан түшкөн гана пайда эсептелип келет.

Уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй болуп эсептелет. Аталган уран кени деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Жер астындагы уран сыртка алып чыгылгандан кийин, радиациялык нурлануу коркунучу көбөйөт. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат. Кендеги коктулардын суулары биригип келип Чүй суусуна кошулат. Көл аймагы шамалдуу болгондуктан, кенден Балыкчыга карай такай шамал болуп турат. Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз.

Түпкүлүгүндө, уран да, башка нерселер сыяктуу эле, адамзат пайдаланышы үчүн Аллах тарабынан берилген бир нээмат. Эгер аны Аллах буйругандай пайдаланбасак, адамзат үчүн нээмат эмес, балекет болот. Азыр капиталисттик системада бул уран кенинин иштетилиши экономикалык проблема катары каралып, анын адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, аларга пайда болсо болду, башка нерсени ойлоп да коюшпайт. Ислам болсо, буга экономикалык проблема деп эмес, инсаний проблема деп карайт. Ошондуктан, уран кенин иштетүү качан адамдарга зыянсыз абалда жүрсө гана уруксат берилет. Муну иштетүүдө адамдардын ыйманы жана такыбаалыгына сүйөнөт.

Буга кошумча, шариятта уран жалпы элдик мүлк болуп саналат. Анын өзү же пайдасынын үзүрүн ар бир жаран тең көрүү керек. АЭСке отун кылып, өндүрүлгөн энергияны элге бекер жеткирип береби, же Ислам мамлекетинин айбаты үчүн атомдук курал чыгарабы айырмасыз Ислам Мамлекети гана иштетип берет. Бирок, азыр андай мамлекет жок. Ошондуктан, уранды кафир державаларга жана алардын компанияларына берүү арам болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капиталисттик система пайдага негизделгендиктен, үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарды иштетүүдө адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Буга Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышында, цианиддин сууга төгүлүшүндө ачык күбө болдук. О.э. саясатчылардын бул көйгөйдү бийлик үчүн күрөштөрүнө курал катары колдонуусу жайиз эмес. Алардын бул иштерине жардам берүү да күнөө. Андыктан, уран маселеси жаатында эл бийликти ушул шарият өкүмдөрү боюнча мухасаба кылышы керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here