Кытай Кыргызстанга ун, кумшекер жана өсүмдүк майын берет

127
0

Кытай Кыргызстанга ун, кумшекер жана өсүмдүк майын берет

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Кыргызстанга Кытайдан азык-түлүк жана гранттык жардам келет.

 Жардамдын алкагында Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майы жана 350 миллион юань (54 миллион АКШ доллары) өлчөмүндөгү каражат грант катары берилет.

 Мындан тышкары, Кытай гуманитардык жардам катары 150 миң доза “Sinopharm” вакцинасын берет.

 “Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу – Кыргыз Республикасына гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди”, – деп айтылат расмий кабарда.

 Комментарий: 2020-жылдын 25-ноябрында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков парламентте мамлекеттин тышкы карызы маселесинде Кытай менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирип: “Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп төрт жылга узартууну сунуштап жатат. Мындай мөөнөттү узартуу үчүн пайыздык ставка 2 пайыз кылып белгиленди. Сунуш өкмөт тарабынан жеңилдиктер боюнча белгиленген параметрлерден ашпайт. Бул сумманын ашыкча төлөмү 2,9 миллиард сомго (34 миллион 118миң доллар) барабар болот”, – деген эле.

Кийинчерээк, Садыр Жапаров эгер Кыргызстан Кытайдан алган тышкы карызды өз убагында төлөбөсө, өлкөдөгү маанилүү объектилер – Бишкек ЖЭБи, Датка-Кемин электр линиясы о.э. түндүк-түштүк альтернативалуу жолу Кытайдын көзөмөлүн өтүп кетиши мүмкүндүгүн айткан.

 Быйыл май айынын орто ченинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаевге Кытай өкмөтү карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу жана кошумча каражат берүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

 Бүгүнкү күндө болсо Кытай Кыргызстанга бере турган жардам менен бир катарда токтоп калган гранттык долбоорлорду улантуу маселеси да чечилгени айтылууда. Бул гранттык долбоорлор – “Коопсуз шаар”, Кытайдын гранты эсебинен Бишкектеги жолдорду оңдоо, бир кезде жарандардын катуу каршылыгы себептүү токтоп калган Кадамжайдагы Шамбесай алтын кени жана Нарындагы Жетим-Тоо темир кенинде кытайлык компаниялардын ишмердүүлүгүн улантуу болушу мүмкүн. Демек адаттагыдай эле, Кытай өкмөтү Кыргызстанга жардам берип жаткандай болуп көрүнүү менен жерлерибизди жана кен байлыктарыбызды алууга умтулууда. Муну жашыруу үчүн ун, кумшекер жана өсүмдүк майы көрүнүшүндө жардам берип жатат. Бул кудайсыз коммунисттердин “кекиртекти тузак кылып” элди башкаруу ыкмасы болуп, ушул аркылуу экономикалык абалы начар болгон элди алдоого жана жарандардагы Кытайга каршы маанайды жок кылууга аракет кылууда.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here