Орусия Белоруска кредит берип, Батыш санкция салууда

185
0

Орусия Белоруска кредит берип, Батыш санкция салууда

Москва жакынкы күндөрү Беларуска экинчи транш менен дагы 500 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Беларустун лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 29-майда Сочи шаарындагы жолугушуусунда айтылды. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы жана оппозициялык журналист Роман Протасевичтин учактан кармалышы боюнча сүйлөшүштү.

500 миллион доллар насыянын биринчи траншын Беларустун Финансы министрлиги былтыр 30-декабрда алган. 2020-жылдын сентябрь айында Путин Сочиде Лукашенко менен жолугушууда Беларуска 1,5 миллиард доллар мамлекеттик насыя берүүнү убада кылган.

Ал арада Евросоюз менен АКШ Белоруска каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү иштеп жатат. Маселен, АКШ 3-июндан тартып бул өлкөнүн тогуз мамлекеттик ишканасына каршы кайрадан толук санкция киргизмей болду. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди. Ал эми Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды. Ошондой эле, Брюссел өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр башталса Белоруска 3 миллиард евро көлөмүндө экономикалык жардам бере турганын, режим алмашканга чейин бул каражат тоңдурулуп тураарын билдирген.

Эске салсак, 23-майда беларус бийлиги ирландиялык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минск шаарына күчтөп кондуруп, ичиндеги оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алган. Протасевичке “Беларуста жапырт башаламандык уюштурган” деген айып тагылууда.

Белорусиядагы акыркы окуялардан улам бул өлкөнүн Орусияга карата айтып келген каяша сөздөрү соодалашуу же өлкөдөгү аброюн гана көтөрүү экенин ачыктап турат. Түпкүлүгүндө, Белорусия СССР чачырагандан кийин да Орусиянын таасири астында калган. Анын тышкы саясаты толугу менен Орусиядан көз каранды. А түгүл, Орусия СССРден мураска калган колонияларын колдон чыгарбаш үчүн түзгөн ЕАЭБге биринчилерден болуп кошулган.

СССР кулагандан кийин Чыгыш Европа Россиянын стратегиялык коргонуу чеги болуп кызмат кылган. Балтика өлкөлөрүн, анын артынан Украинаны колдон чыгаргандан кийин Орусия кооптонуп, Белоруска өз чегарасындай мамиле кыла баштады. Анткени, Батыш айрыкча, Америка Россияны көп жолу алдады. Мисалы, Берлин дубалын кулатуу менен Чыгыш Германияны Батыш Германияга тапшырды, Польшадан баш тартып, Польшанын да, Чыгыш Европа мамлекеттеринин да эгемендүүлүгүн кабыл алууга көндүрдү… Батыш бүгүн Россияны Украина жаатында дагы алдап жатат. Т.а. 2014-жылы орусчул Януковичти бийликте калтыруу жөнүндө Россия менен келишип алып, кийин аны кулатуу үчүн украиналыктарды аракетке келтирди. О.э. Батыш Россияны Сирияда алдады! Америка Сириядагы согушка өзүнүн ордуна Россияны киргизди жана бул Россиянын зыянына болду. Россия Сирия согушуна аралашсам, мунун акысына Америка Крымды аннексия кылганыма жана Украинанын чыгышын көзөмөлгө алганыма сүкүт кылат деп ойлогон. Бирок, Америка андай кылбады!

Батыштын бул аракеттеринин баары Орусияны Казакстан сыяктуу кең аянтты ээлесе да эл аралык саясатка аралашпаган, сырьего таянган алсыз мамлекетке айлантууга багытталган. Ошондуктан, эми демократия беткабы менен Белорусияга, Орто Азияга, Кавказ өлкөлөрүнө таасирин жаюуга аракет кылат. Мунун каршысында Орусия өз таасири астындагы өлкөлөрдү катуу кол саясаты менен кармап турмакчы. Эгер кайсы бири Батышка ооп баратса күч менен бийликти алмаштырып, өзүнө ылайыктуу кадрды алып келүүгө аракет кылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here