بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шайх Жаррах району Уммат жана анын армиялары үчүн далил
Шайх Жаррахта болгон окуя бүткүл Фалестин элине, өзгөчө, Куддус калкына каршы тынымсыз жасалып жаткан бир катар азап-кыйынчылыктардын кезектегиси болду. Бул, мурда 1948-жылы өз жерлеринен жана үй-жайларынан көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө карата кезектеги көчүрүп жиберүү окуясы. Баскынчы яхудий вужудунун аракетинен ушул нерсе ачык-айкын көрүнүп турат: ал Куддус калкын өз жеринен кууп чыгаруу жана алардын ордуна келгинди яхудийлерди жайгаштыруу үчүн Куддус калкын куугунтуктоону улантат.
Ушул себептен улам, Шайх Жаррах районунда болгон окуянын түпкү чечими – яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуу о.э. Фалестин калкын өз жерине кайтаруу. Бул маселеге таптакыр гуманитардык проблема катары карап болбостугун, кудум Иордания режими Шайх Жаррах калкына карата кылгандай, яхудий вужудунун зомбулугу натыйжасында келип чыккан акыбеттерге чечим берүү да эместигин көрсөтүп турат. Иордания режими Фалестинди азат кылуунун, элин өз шаарына жана айылдарына, өз үй-жайларына кайтаруунун ордуна UNRWA менен биргеликте 28 үй-бүлөнү Куддуска качкын үй-бүлөлөр деп жайгаштырып, 1948-жылы басып алынган жерлерден куулган качкындык укугунан ажыратты. Мына, бүгүн яхудий вужуду ушул 28 үй-бүлөнү кайрадан куугунтуктоого алууда, Иордания режими болсо алардан баш тартып, кайра артынан бычак уруп жатат, ал тургай, кыймылсыз мүлккө ээлик укугун тастыктаган документтерди да бербей жатат.
Шайх Жаррах калкы өз үйлөрүнө ээлик кылуу укугун тастыктаган документке муктаж эмес, себеби, ансыз да алар ушул жердин ээлери. Муну өз үйлөрүнөн жылбай, мүлктөрүн бекем коргоп, баскынчы яхудий вужуду, көчмөнчү жырткыч топ о.э. колонизаторлордун ыплас соттору алдында тике туруу менен далилдешти. Ушуга карабастан, алар реалдуу коркунуч астында турушат. Себеби, яхудий вужуду аларды өз үй-жайлары жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылуу укугунан баш тартып убактылуу жашоо же көчүп кетүү варианттарынын бирин тандоого мажбурлоодо. Бүгүн мусулман калктар мусулман акимдери кыянаттык кылып жатышканын, Фалестин маселесинен баш тартып, яхудийлер менен кызматташуу жана мамилелерди нормалдаштыруу жолуна өтүшкөнүн о.э. зөөкүр жана каракчы яхудий вужуду Шайх Жаррах калкына жана Акса мечитине каршы кандай кылмыштарды жасап жатканын өз көздөрү менен көрүп турушат. Ушул себептен улам, алар бул акимдерге каршы көтөрүлүшү, армиялардан Куддус калкына жана мубарек Акса мечитине нусрат-жардам берүүнү талап кылышы лазым. Мына ошондо Хиттин жана Айн Жалут салты кайрадан башталып, баскынчылар кууп чыгарылат жана бул мубарек жер алардын ыпластыгынан тазаланып, адамдар алардын кылмыштарынан, жырткычтыгынан куткарылат.
Мубарек Акса мечитин азат кылуунун чыныгы аракети колонизатор мамлекеттерден коргоо суроо менен да, Коопсуздук Кеңеши сыяктуу уюмдардын жыйынын өткөрүү менен да – себеби, бул уюмдар адамдар алдында убадага да, милдетке да турбаган ири мамлекеттердин колундагы курал болуп эсептелет – о.э. каралоо, нааразылык билдирүү менен да болбойт. Тескерисинче, мусулман өлкөлөрүнүн армияларынан бул ыплас яхудий вужудун түп тамыры менен жок кылууну жана анын жамандыгынан мусулмандарды куткарууну талап кылуу менен болот. Мындан башка жолго ээрчилсе, Акса мечити кайра эле яхудийлердин бастырып кирүүсүнөн жана ыплас кылмыштарынан азап тарта берет, Куддус жана Фалестин баскынчылардын астында кор боло берет.
Бул – Ислам Умматынын армияларына жана командачыларына чакырык. Демек, душман менен тил бириктирген бул коркок режимдерге ушунча итаат кылып келгениңерди токтоткула… Диниңерге нусрат-жардам берүү, Пайгамбарыңар ﷺдын Исра жерин жана биринчи кыблаңарды азат кылуу үчүн аракетке келгиле… Аракетке келип, яхудийлерди ондогон жылдардан бери коргоп келе жаткан бардык зыянкеч мамлекеттерди жана саткын режимдерди жок кылгыла. Эгер, калыс ниет кылсаңар жана убада берсеңер, бул, өтө оңой, себеби, Аллах силер менен, Ал амалдарыңарды эч качан текке кетирбейт.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انفِرُواْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الأَرْضِ أَرَضِيتُم بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الآخِرَةِ إِلاَّ قَلِيلٌ + إِلاَّ تَنفِرُواْ يُعَذِّبْكُمْ عَذَاباً أَلِيماً وَيَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ وَلاَ تَضُرُّوهُ شَيْئاً وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾
«Эй момундар, силерге эмне болду, Аллах жолунда чыккыла делсе өз жериңерге жабышып алдыңар?! Акыреттен жүз үйрүп, бул дүйнө тирүүлүгүнө ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дүнүйө матасы абдан аз нерсе го?! Эгер чыкпасаңар, (Аллах) силерди жан чыдагыс азап менен азаптайт жана ордуңарга башка бир коомду алып келет. Силер болсо Ага бир да зыян жеткире албайсыңар. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү» [9:39]
Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.