Жапаров: Орусия түбөлүк союздаш жана өнөктөш

247
0

Жапаров: Орусия түбөлүк союздаш жана өнөктөш

Кыргызстан менен Орусия түбөлүк союздаш жана өнөктөш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-25-майда Орусияга болгон иш сапары учурунда аба майданда кабарчылар менен учкай маектешүүсүндө айткан. Маек 30-майда орусиялык “Россия 1” телеканалында көрсөтүлдү.

Жапаров анда “Орусия жана Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес. Биз түбөлүк союздашпыз жана соода-экономикалык жактан өнөктөшпүз. Ошондуктан мындан аркы Кыргызстандын өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан мен биздин жолугушууга канааттандым”, – деп айткан.

Жапаровдун бул билдирүүсү Орусияны ыраазы кылууга жана тынчтандырууга багытталган. Анткени, буга чейин Жапаров өзү билдиргендей, бийлик башына келген адам келээрде эле көз каранды абалда такка отурат. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиядан жүз үйрүй баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Чек ара жана улуттар аралык жаңжалдар аркылуу бийликтин аброюн кескин түшүрүү аракеттери башталат.  Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн.

А бирок, Кыргызстанды алдыга жылдыра турган экономикалык долбоорлор токтоп, элдин турмушу оорлоп баратат. Мындан улам, бийлик Орусия көңүл бурбай жаткан Темир жол, ГЭС сыяктуу долбоорлорду Батыш жана Кытай менен ишке ашырууга аракеттенип жатат. Анткени, Орусиянын позициясы эл аралык майданда убакыт өткөн сайын алсырап, экономикасы артка кетип жатканы анык. Мындан улам бийлик калктын муктаждыгын камсыздоо үчүн эл аралык уюмдардан карыз алууга мажбур. Буга кошумча, өлкөдө Батыш сакофий жактан таасирин жайып, коомдук пикирди өзгзртө ала турган деңгээлге жеткен. Бул өз кезегинде бийликтин бир тараптуу саясат жүргүзүүсүн оорлотот.

Түпкүлүгүндө, Орусия дагы АКШ, Кытай, Европа да Кыргызстандын, Орто Азиянын көз карандысыз болушун каалабайт. Аймактагы кен байлыктар, чийки сырьелор алардын көзүн күйгүзүп турат. Демек, учурда колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанга өнүккөн мамлекет катары көрүнүп жаткан АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү, а түгүл СССР дагы колонизаторлук саясаттын негизинде экономикалык жактан өнүгө алган. Башкача айтканда, алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында экономикалык өсүшкө жетишти.

Демек, биз мусулмандар алгач бул колонизатор мамлекеттердин зулумдугунан кутулууга аракет кылышыбыз шарт. Ал эми кутулуунун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди турмушка алып келүү. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турган түшүндүрүп баруу шарт. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here