Абдулмалик Бадриддин Хусийге: Халифа кылуу – бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык

193
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Абдулмалик Бадриддин Хусийге: Халифа кылуу – бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид  Халифалык

Абдулмалик Бадриддин Хусий жылдагы адатына ылайык, Орозо айында ар күнү баян кылды. Рамазандын жыйырманчы күнү жыйырманчы баянында Аллах инсанды жер жүзүнө халифа кылышы жөнүндө сүйлөдү.

Абдулмалик Хусий Давуд, Сулайман, Нух жана Ибрахим алайхиссаламдардын халифа кылынышы жөнүндө сүйлөп, биз даъват кылып жаткан Халифалык т.а. Куръанда да, сүннөттө да далилдери болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык жөнүндө ооз ачпады.

Буга карата Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Халифалык кулатылып, жер жүзүндө Ислам менен өкүм жүргүзүлбөй, мусулмандарды гана эмес, ал тургай, батыштыктарды да бактылуу кыла албаган башкаруу мусулмандарга зордоп колдонулду… Ошондуктан, 1953-жылы Куддуста Хизб-ут-Тахрирдин негиздөөчүсү улуу аалым Такийюддин Набаханий рахимахуллахтын колу менен мусулмандарды жер жүзүнө үстөм кылуу аракети башталды. Бул аракеттеги максат Расулуллах ﷺдын алгачкы Ислам мамлекетин тикелөөдө карманган минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө болду.

Санъада Жалпы Элдик Конгресс партиясы менен бийликти бөлүшүп алган Хусийлер жамаатынын төрагасы Абдулмалик Хусий бүткүл Рамазан айында башкаруу жана саясат иштерине жетекчилик кылган аким-жетекчи катары эмес, өз жамаатына гана баян кылган адам катары болду! Яманда кимде-ким бүткүл дүйнөдөгү боордоштору менен биргеликте жер жүзүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө ишине катышып жаткан болсо, ал халифа кылуу туурасында баян кылган бул Абдулмалик Хусийдин жана анын кызматкерлеринин куугунтугунун, айлап, жылдап камакка алуунун курмандыгы болуп калууда. Учурда алардын көпчүлүгү Тааз шаарындагы Солих камагында о.э. Санъадагы Хибра камагында кармалып турушат… Өлкөдө болуп жаткан мунапыстар аларга карата кодонулбай жатат.

Мусулмандар эки дүйнө бакытына жетиши үчүн Халифалыктан башка жол жок. Себеби, Аллах Таала Ислам менен өкүм жүргүзүү, мусулман өлкөлөрүн бириктирүү жана Исламды бүткүл дүйнөгө алып чыгуу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнү мусулмандарга фарз кылды. Өз калкын эч качан алдабаган жетекчи Хизб-ут-Тахрир Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө бел байлады. Бул үчүн Хизб Аллахтын халифа кылуу жөнүндөгү убадасын жана Расулу ﷺдын башаратын жүзөгө чыгаруу үчүн аракет кылууда. Анткени, Расулуллах ﷺ:

﴿وَمَا يَنطِقُ عَنِ الْهَوَى * إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى

«Ал өзүнүн жеңил-ой каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал вахий кылынып жаткан бир вахий»                                                                                                                                  [53:3-4]

 

Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here