Саткын акимдер кожоюндары аларды биринчи кесилиште эле таштап кетишин качан түшүнүп жетишет?!

189
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саткын акимдер кожоюндары аларды биринчи кесилиште эле таштап кетишин качан түшүнүп жетишет?!

«Дустур» гезитинин веб-сайты хижрий 1442-жыл, 25-Рамазан, миладий 2021-жылы 7-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Американын «Fox News» телеканалынын жума күнкү жаңылыктарында АКШ кошуундарына котормочулук кылып иштеп жаткан 17 миңден ашык афган котормочулары экстремисттик Талибан кыймылы тарабынан өлтүрүү коркунучуна туш болуп жатышканы кабарланды.

Телеканалдын электрондук сайтында таратылган кабарга ылайык, 17 миңден ашык афган котормочусу согуштан улам урандыга айланган Афганистандан белгиленген мөөнөттөн мурун чыгып кетүүгө урунушууда. Эске салсак, президент Жо Байден Афганистандагы америкалык күчтөр 11-сентябрга чейин чыгарылат деген».

Роя:

Бул котормочулар өз калкына жана өлкөсүнө каршы канчалык саткындык кылышканын жана баскынчы АКШга ыплас кызматтарды көрсөтүшкөнүн түшүнүп жетишкен. Мисалы, алардын бири: «Биз америкалыктардын көздөрү, кулактары жана тилдери элек», – дейт. Дагы бири: «Биз унутулган аскерлербиз, эгер биз көрсөткөн кызматтар болбогондо, АКШ кошуундары таптакыр бул ийгиликтерге жетишпейт эле», – деди.

Бул котормочулардын кылмыштары чоң саясатчы саткындар жасаган кылмыштардан калышпайт. Саткын саясатчылар өлкөнүн дарбазаларын Америкага ачып беришти жана аны менен кызматташып, кошуундарын өлкөгө киргизишти. О.э. бул котормочулардын кылмыштары баскынчылар менен кызматташкан афганистандык аскерийлерин, коопсуздук күчтөрүнүн жана полиция кызматкерлеринин кылмышынан кем эмес. Алардын кылмышы баскынчылыкты жана баскынчыларды актаган муфаккир жана жазуучулардын кылмыштарынан да, баскынчылар менен кызматташуу жаиздигине фатва берген шейх-имамдардын кылмыштарынан да, баскынчылар менен кызматташуу аркылуу миллиондогон акча топтогон согуш соодагерлеринин кылмыштарынан да кем эмес. Булардын да, өз динин, Умматын, өлкөсүн жана элин сатып, бир ооз сөз же иш менен болсо да баскынчыларга жардам берген кимселердин да күнөөсү бири-бириникинен айырмаланбайт.

Бул саткын котормочулар тарыхтагы саткын боордошторунун акыбетинен үлгү алышпады. Мына, эми өз өмүрүнөн коркуп, бул дүйнө жана Ахыретте туш боло турган тагдырларын күтүп жатышат. Андыктан, мусулман өлкөлөрүндөгү башка саткындар да үлгү алышар бекен, Умматтын катарына кайтып, Уммат тарабынан келе турган өч алуудан жана Ахыреттеги азаптан өздөрүн куткарышар бекен?!

 Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here