ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЧЕЧИЛИШИН КААЛАЙСЫЗБЫ

238
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЧЕЧИЛИШИН КААЛАЙСЫЗБЫ

Жалпы эле чек ара маселесин, айрыкча, Орто Азиядагы чек араларды акылы иштеген, бирөөнү ээрчибей турган муфаккир момун гана чече алат. Сиздин акылыңыз иштесе, ар бир нерсеге өзүңүзчө баа берүүнү максат кылган болсоңуз, сиз да бул проблемелардагы түпкү маселени түшүнөсүз. Пикириңизди ишке салуу үчүн, маселенин түпкү маңызына көңүлүңүздү буруу максатында суроо беремин: “Түпкүлүгүндө жер кимдики? Аны бөлүштүрүүгө т.а. бул Кыргызстандыкы, бул жагы Тажикстандыкы, Өзбекстандыкы…”- деп чечүүгө кимдин акысы бар? Ал ким?! Биздин ата-бабаларыбызды зар какшаткан, эл башчыларын кырып таштаган, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай жырткычтыктан кайра тартпай турган Россиябы? Же дүйнө жүзүн канга бөлөгөн, куфрдун пайдасы үчүн дүйнөдө болуп жаткан жырткычтыктарга көз жумуп келе жаткан БУУ уюмубу? Таптакыр андай эмес! Биздин жерлерибизди бөлүштүрүүгө булардын эч кандай акысы жок!

Дүйнөдөгү ар бир нерсе, анын ичинде Жер да Аллах Тааланын мүлкү. Аллах Таала буларды жоктон бар кылды, эч ким ага шерик болгон жок. Негизи өзүн Ага шерик эсептеп жаткандарды да Аллах Таала жараткан, өздөрүнчө ушундай укуктарга ээ болуп алып, жердин бул жагы бизге караштуу, бул жерлерде биздин укугубуз өтөт деп, жасалма иштери менен мактанууну каалай турган андай залим кимселер Кудуреттүү Заттын азабынан кутула алышпайт. Силер да алар менен бирге болуудан сактангыла. Аллах Таала айтат:

الْعَذَابِ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ()وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ()إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لَآيَاتٍ لِأُولِي الْأَلْبَابِ()الَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَى جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَذَا بَاطِلًا سُبْحَانَكَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِ() رَبَّنَا إِنَّكَ مَنْ تُدْخِلْ النَّارَ فَقَدْ أَخْزَيْتَهُ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

(Эй Мухаммад), эч качан кылган иштери (адамдарды ак жолдон адаштыруулары) менен кубана турган жана кылбаган иштери менен алкыш-мактоолор угууну жакшы көрө турган кишилер азаптан узак жайда, деп ойлобо! Алар үчүн жан чыдагыс азап бар. Асмандар жана жердеги бардык мүлк Аллахка таандык. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Асмандар жана жердин жаралуусунда о.э. түн менен күндүздүн алмашып турушунда акыл ээлери үчүн (бир Жаратуучу жана башкарып туруучу Зат бар экендигине) аят-белгилер бар экендиги күмөнсүз. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет о.э. асмандар жана жердин жаралышы жөнүндө пикир кылышып (мындай дешет): «Роббибиз, бул  (барлык)ты бекер жаратканың жок! Сен (бейпайда иш кылуу айыбынан) аруу-тазасың! Өзүң бизди тозок азабынан сактагын! Роббибиз, албетте Сен кимди тозокко киргизсең, акыйкатта аны кор кыласың  жана мындай залимдер үчүн эч кандай жардамчы жок. [3:188-192]

 1916-жылы 3-январда франциялык саясатчы Франсуа Жорж-Пико жана англиялык Марк Сайкс өз ара келишип, Ислам дүйнөсүн майда мамлекетчелерге бөлүп таштоо тууралуу чечим кабыл алышкан. Ал келишим “Сайкс-Пико” деп аталат. Ислам дүйнөсүнүн түндүк жактары: Орто Азия, Казакстан, Азербайжан, Татарстан, Кавказ сыяктуу жерлер Россиянын үлүшүнө тийген. Россияда революция болгондон кийин компартия 1924-жылы Орто Азияны Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кылып бөлүп таштады. 1936-жылы чек араларды кайрадан карап чыгышты. Бул мамлекеттерди 1990-жылдары ошонун негизинде “эгемендүү” мамлекеттер катары дүйнөгө таанытышты, БУУга мүчө кылышты. Ушундан келип чыгып, бизге чек араларды белгилеп берүүгө Россиянын акысы барбы? Ата-бабаларыбызды кырып, аң-сезимдүү, сабаттуу сабаттуу уулдарыбызды жок кылгандан кийин өзүнчө ушул укукка ээ болуп алышы мыйзамдуубу? Бул адилеттүүлүкпү? Ушунча жылдар өтсө да биздин өлкөлөрдө акыл калчап, ой жүгүртүүчү акылдуу инсандар чыкпай жатабы? Муну түшүнүү үчүн жинди же манкурт болбосо жетиштүү го. Акылы бир аз эле иштей турган адамга баары ачык-айкын көрүнүп турат го! Эмне үчүн биз кулчулукту гана каалай турган канкорлор үчүн жана душмандарыбыз сызып берген чек аралар себептүү бири-бирибизге душмандай мамиле кылып, бирибизге каршы согушуп, бири бирибизди өлтүрүп жатабыз? Бул иштер “бөлүп таштап, өкүмдарлык кыл” деген эреже негизинде болуп жатканын кантип эле түшүнбөйсүңөр?

СССР маалында бул чек аралардын терс таасири болгон эмес (социализм буга жол бербеген), а бирок башка Исламий өлкөлөрдө өз күчүн көрсөткөн. Ал кезде динибизде ыйык деп саналган негизги үч мечитке: Меккедеги “Байтуллах”, Мадина шаарындагы “Набавий мечит”, Куддус шаарындагы “Акса мечитине” о.э. Ислам өлкөлөрүнүн башка жерлерине сапар кылуу мүмкүн эмес эле. СССР чачыраганда бизди бөлүп “эгемендүүлүк” беришти. Ошол кезден баштап бул чек аралар өз ара жаңжалдын негизги себепкерине айланды. Ушул жасалма чек аралардын айынан көптөгөн жаңжалдар чыгып, канчалаган бейкүнөө адамдар курман болууда. Курал көтөрбөстөн өлгөндөр мазлум абалда шейиттер катары соопторго жетишинен үмүттөнөбүз. Ал эми курал көтөрүп өлгөндөрчү? Өздөрүнчө “жеңдик” деп өзүн баатыр сезип жаткандардычы? Алар жөнүндө Расулуллах(с.а.в) төмөнкүдөй кабар берген:

الحديث صحيح في الصحيحين عن النبي عليه الصلاة والسلام أنه قال: إذا التقى المسلمان بسيفهما فالقاتل والمقتول في النار قيل يا رسول الله هذا القاتل فما شأن المقتول؟ قال: لأنه كان حريصًا على قتل صاحبه

“Эгер эки мусулман бири-бирине кылыч көтөрсө, өлтүргөн да, өлгөн да тозокто (болот). Сахабалар: Я Расулуллах, бул өлтүргөн (түшүнүктүү), өлгөндүн эмне айыбы бар?- деп сурашты. Ошондо Расулуллах (с.а.в.): Себеби ал да шеригин өлтүрүү нитетинде болчу”, – деди. Сахих Бухарий жана Муслим риваяттары.

Согушсак акыретибиз күйөт экен, урушпастан жашасак бул чек аралардын кандай пайдасы бар? Пайдасы болсо айтыңызчы! Туура, курал-жарактар, тыюу салынган товарлар, наркотикалык заттар эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Мыйзамдуу каракчыларды тартиптештирип берген кафирлерге малайлык кылып жаткан жетекчилерге арам байлыктар келип турат. Бирок, карапайым жарандарга кандай пайдасы бар? Соодагерлерге, малчыларга, дыйкандарга, багбандарга, туугандарынан кабар алмакчы болгондорго, саякат кылмакчы болгондорго, кыскасы карапайым адамдарга кандай пайдасы бар?! Миң жылдан көбүрөөк убакыт эч кандай согушсуз, бир Үммөт болуп жашап келбедикпи?! 30 жыл мурда деле бири-бирибиз менен талашпай жашап келгенбиз го! Эгер келесооо болбосоңуз, кафирлерден коркпосоңуз, куфр саясаты себептүү манкурттарга айланып калбаган болсоңуз чындыкты ачык айтыңыз!

“Роббим Аллах, диним Ислам, пайгамбарым Мухаммад(с.а.в), китебим Куръан” деп ыйман келтирген момундар мусулмандарды бөлүп таштай турган мындай жасалма чек араларды эсепке алып, бири-бирине каршы иш кылышы, согушуусу, бири-бирин өлтүрүшү, ал тургай момун-мусулмандарды бөлүшү арам. Расулуллах(с.а.в) андай кимселер “бизден эмес” деп айтуу менен бул иш канчалык оор күнөө экендигин баяндаган. Ал Мутамир риваят кылган хадисте Расулуллах(с.а.в) мындай деген:

من قتل تحت راية عمية يدعو عصبية أو ينصر عصبية فقتلة جاهلية

“Кимде-ким асабиятка (зулум-акыйкатсыздык үстүндө өз коомуна тарапкечтик кылууга) чакырган абалда же жардам берген абалда жахилият ураандары астында өлтүрүлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. Муслим риваяты. (Мутаватир хадис).

« ليس منا من دعا إلى عصبية ، وليس منا من قاتل على عصبية ، وليس منا من مات على عصبية »

“Кимде-ким асабиятка (зулум-акыйкатсыздык үстүндө өз коомуна тарапкечтик кылууга) чакырса бизден эмес, кимде-ким асабиятта согушса бизден эмес жана кимде-ким асабиятта өлсө бизден эмес”. (Абу Давуд риваяты). Бул тууралуу көптөгөн хужжаттар бар. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ بُرْهَانٌ مِنْ رَبِّكُمْ

– „Эй адамдар, силерге Роббиңерден хужжат-далил келди“ [4:174]

Дагы айтат:

فَمَا يُكَذِّبُكَ بَعْدُ بِالدِّينِ () أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَحْكَمِ الْحَاكِمِينَ

“Демек (эй инсан), эми (Аллах Тааланын бардык нерсеге кадыр Зат экендигин билгениңден соң) эмне сени (Кыямат күнүндө педелердин кылып өткөн иштерине бериле турган) жазаны жалган дешке мажбур кылат?! Акыры Аллах өкүм чыгаруучулардын эң (адилеттүү) өкүм кылуучусу эмеспи?! (Чындыгында Аллах таала Кыямат күнүндө эң адилеттүү өкүм кылуучу)”.   [95:6-8]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here