Акса мечити Исламий өлкөлөрдөн армия келишин күтүүдө

295
0

Акса мечити Исламий өлкөлөрдөн армия келишин күтүүдө

Акса мечитинде 20 миңден ашуун мусулмандар демонстрация уюштуруп: “Биз бул жердебиз, Эрдоган сен кайдасың?” – урааны аркылуу Түркия өкмөтүн каралоо менен эле чектелбестен, иш жүзүндө чара көрүүгө чакырды. Себеби, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган яхудий баскынчылыгына каршы чыгышында “Акса мечитине жана мусулмандарга каршы уюштурулуп жаткан чабуулдар тезинен токтотулушун талап кылабыз. Антпесе, залимдерди өздөрүнө татыктуу акыбетке дуушар кылуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз жана колубуздан келген аракетти кылабыз”, – деп кескин билдирүү тараткан эле. Натыйжада көпчүлүк мусулмандарда “түрк аскерлери Акса мечитине келип, яхудий баскынчыларынын тизгинин тартып коёт” деген үмүт пайда болгон эле.

Түркия президенти Палестина маселесинде, Ирандын президенттери сыяктуу эле, кооз сөздөрдү сүйлөшү жана чоң-чоң убадаларды бериши мүмкүн. А бирок, АКШнын уруксатысыз бир да кадам таштай албайт. Бул нерсе анын акыркы билдирүүлөрүнөн да көрүнүп турат. Ал соңку кайрылуусунда яхудийлер чабуулун токтотуу маселеси АКШнын кол алдындагы БУУнун Коопсуздук кеңешине жана Ислам кызматташтык уюмуна сунуштала турганын билдирди.

“БУУнун Коопсуздук кеңеши өзүнүн резолюцияларына ылайык тездик менен Куддуста тынчтык жана туруктуулукту камсыздай турган аракеттерди башташы шарт. Ислам кызматташтык уюму да тезинен анык мамиле билдирбесе, ал өзүнүн бар экендигин жокко чыгарган болот. БУУ бул маселеде баштаган ар бир аракетти Түркия катары активдүү колдоп-кубаттоого жана тынчтык үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз” – деди Эрдоган.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Саудиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан менен жолугушуу учурунда: “Биз ар дайым (Израил)дин Газага жана Акса мечитине чабуулдарын каралап келгенбиз, а бирок, Үммөт бизден кадам таштоону күтүүдө”, – деди. Бирок, ал жолугушуудан кийин берген билдирүүсүндө: “Чукул чогула турган БУУнун башкы ассамблеясында (Израил)дин чабуулдары туурасында, инша Аллах, бир чечим кабыл алабыз”, – деп Акса мечити маселесин БУУга сунуштады.

Айта кетүүчү нерсе, Мевлүт Чавушоглу мындан 3 жыл мурда, 2018-жылдын 22-майында Анталияда берген билдирүүсүндө: “Акыйкатты качан айтабыз, өлгөндөн кийин айтабызбы, качанкыга чейин коркуп жашайбыз, адам бир жолу өлөт, миң жолу өлбөйт”, “Палестиналык боордошторубузду жана Куддусту коргоо үчүн ал жерге эл аралык күч жөнөтөбүз. Мындан кийин (Израил) каалаган убакта Палестинага чабуул кыла албайт”, “Мындан кийин кыйкырып-бакырып сындабайбыз, иш жүзүндө кадамдарды таштайбыз”, “Каралоонун өзү менен маселе чечилбейт, анык кадамдарды ташташыбыз керек”, – деген сөздөрдү айткан эле. А бирок, бүгүнкү күндө (Израиль) кылмышын мурункудан да күчтүүрөөк көрүнүштө улантып жатканына дүйнө жүзү күбө болуп турат.

Үммөт Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилеринен армияларды Палестинага эл аралык тынчтык орнотуучу күч катары жөнөтүүнү суранып жаткан жери жок.  Тескерисинче, баскынчы (Израиль) күчтөрүн жанчып таштай турган армия жөнөтүүнү талап кылууда. Себеби, ал жерде согуш болуп жаткан жери жок, ал жерде баскынчы (Израиль) күчтөрү куралсыз карапайым калкты кыргын кылууда. Мындай учурда – Сирияда болгону сыяктуу – эл аралык мыйзамдар шылтоосунда куфр кызыкчылыктарын коргоп бере турган тынчтык орнотуучу күчкө муктаждык жок. Тескерисинче, такбирлер жаңырыгы астында мубарак жерди азат кылып, баскынчы яхудийлерден тазалай турган күч керек. Ислам Үммөтү Түркиядан жана андан башка Мисир, Пакистан сыяктуу Исламий өлкөлөрдөн мына ушундай армия жөнөтүүнү талап кылууда.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here