Кытай өкмөтү Кыргызстан экономикасына жардам берет

259
0

Кытай өкмөтү Кыргызстан экономикасына жардам берет

Кытай өкмөтү Кыргызстан экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань берүүнү пландаштырууда. Кабарларда келишинче, бул тууралуу эки өлкө тышкы иштер министрлеринин Сиандагы жолугушуусунда сөз болгон.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И кыргызстандык кесиптеши Руслан Казакбаевге Кытай карызды төлөө мөөнөтүн узартуу жана кошумча каражат берүү тууралуу чечим кабыл алганын айткан.

О.э. гуманитардык жардам катары коронавируска каршы 15 миң вакцина берилишин маалымдаган.

 Комментарий: Расмий отчётторго ылайык, Кыргызстандын жалпы карызы 5 миллиард долларга (4 млрд. 928,67 миллион) жакындап калды. Карыздын эң көбү Кытайдан алынган. Кытайдан алынган карыз, тышкы карыздын 41,8%ын түзөт. Акыркы 12 жылда Кыргызстандын Кытайга бересеси 200 эсеге өсүп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кытайдан алган карызы 1 миллиард 782 миллион долларга жетти.

 Кыргызстан быйыл Кытайга үстөк пайызынан тышкары карыздын өзүн төлөй башташы керек эле. Бирок, Кыргызстандагы оор экономикалык абал жана буга кошумча коронавирус пандемиясы кыргыз бийлигин оор абалга кептеп койду. Ошол себептен да Кыргызстан жетекчилери былтыркы жылдан бери Кытай өкмөтүнөн карыздын мөөнөтүн узартууну суранып келишти. Кытай өкмөтү мурдагы президент Жээнбековдун жана башка расмийлердин карыздын мөөнөтүн жылдыруу суранычына жооп бербей келди. Акыры 2020-жылдын ноябрь айында Кытай тарап карыздарды төлөө мөөнөтүн узартууга ыраазы болду, бирок, Кыргызстан тарапка белгилүү бир шарт койду. Ошол кезде каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Кытай карызды төлөө мөөнөтүн кечиктирүүнүн акысына шарт коюп жатканын билдирген.

Руслан Татиков:  “Сүйлөшүү процесстери жүрүп жаткандыктан ар бир жагдайын айтпай турайын. ЖМКлар кытай тарап карыздын мөөнөтүн узартууга макул болгон жок деп жазууда, бирок андай эмес. Кытай төлөө мөөнөтүн жылдырды, бирок өзүнчө бир шарт койду, учурда аны талкуулап жатабыз. Сүйлөшүү соңуна чыкса, 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрга чейинки төлөө убактысы жылдырылат”, – деген.

Татиков Кытай кандай шарт коюп жаткандыгын айтпаганы менен Садыр Жапаров маалымат жыйынында: “Нарындагы Жетим-Тоо темир кени чет өлкөгө берилбейт”, – деген.

 Кийинчерээк Садыр Жапаров эгер Кыргызстан Кытайга карызын төлөбөсө өлкөдөгү маанилүү объектилер Кытайдын көзөмөлүнө өтүп кетиши мүмкүндүгүн билдирип, мамлекеттин тышкы карызы банктарга бериле турган кадимки кредит сыяктуу төлөнүшүн, эгерде карыз алуучу тарап милдеттерин аткара албаса, аларды мүлк менен төлөшү керектигин айткан. Жапаров Кытайдын көзөмөлүнө өтүшү мүмкүн болгон обьектилер арасында Бишкек ЖЭБи, Датка-Кемин электр линиясы о.э. түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бар экендигин айтып өткөн…

 Күчтүү мамлекет алсыз мамлекеттерди эзип, кул кылышы үчүн түзүлгөн о.э. сүткордукка курулган экономикалык мамилелер жакыр мамлекеттерди ого бетер жакырчылыкка, карызга батыра берет. Мындай негизге курулган эл аралык капиталисттик түзүмдө экономикасы айыл-чарбасына негизделген Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер эч качан эркин дем ала алышпайт. Алсыз мамлекеттер карыздан толук кутулушуна, экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайды өнүктүрүшүнө эл аралык түзүм жол бербейт. Мындай мамлекеттер көптөгөн жылдар бою алынган карыздардын үстөк пайызын, андан соң карыздын өзүн төлөй албай калып, дагы кайрадан карыз алуу менен кекиртегине чейин карызга батып, акыры карызын жер жана кен-байлыктар түрүндө төлөөгө мажбур болушат. Кыскасы, Кытай шарттарын жарыя кылбастык шарты менен карыз берет. Карызын төлөй албаган мамлекеттер Кытайга кен-байлыктарын же жерлерин берүүгө мажбур болушат…

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here