Али Эрбаш: Эй мусулмандар, качан биригесиңер?

296
0

Али Эрбаш: Эй мусулмандар, качан биригесиңер?

Түркиянын дин иштери башкармалыгынын төрагасы Эрбаш баскынчы яхудийлердин кылмыштарына каршы Ислам Үммөтүн бириктирүү шарт экендигин билдирди. Эрбаш бул тууралуу «Масжид-и Акса жана Куддус» күн тартиби менен чукул уюштурулган Ислам аалымдары дүйнөлүк ассоциациясынын жыйынында айтты.

“Бир нече жолу кайталаганыбыздай, Куддусту басып алгандар исламий коомдун чачырандылыгынан кайраттанууда. Ошондуктан, биз бүгүн Үммөттү алсырата турган жана чачырандылыкка себепкер болгон ишти жакшылап түшүнүп жетишибиз керек. Ураандарды көтөрүп чыгуунун өзү жетиштүү эмес, проблеманы чечүү үчүн реалдуу кадамдарга барышыбыз керек. Дароо биригип, үммөттүн биримдигин жүзөгө чыгарышыбыз керек. Бул кыйын иш эмес. Буга аалымдар баш болушу керек. Мусулмандар мүмкүнчүлүктөрүн бириктиргенде дүйнөдөгү эң чоң күчкө айланышын дүйнө жүзү жакшы билет”, – деди Эрбаш.

О.э. журналисттерге интервью берген Эрбаш: “Эй мусулмандар, качан биригесиңер? Бир ууч яхудийлер кайраттанышына себеп болуп жаткан уйкудан качан ойгонсуңар”, – деди.

Комментарий: Чындыгында, Ислам үммөтүнүн биримдиги – бул тагдыр чечүүчү маселе. Бул тууралуу аалымдар жана имам-хатибдер баяндарда кайра-кайра кайталашат. Муну билбеген же четке кага турган мусулман болбосо керек. Бирок, мына ушул биригүү кандай жана эмне менен ишке ашат, маселенин ушул тарабын ачыктоо зарыл. Жогоруда мусулмандарды биримдикке чакырган Эрбаш мырза да бул тууралуу сөз кылбады.

Өзүңүз бир ойлонуп көрүңүз, мусулмандар элүүдөн ашык мамлекетчелерге бөлүнүп кеткен болсо, алардын ар биринин өз президенти, өзүнчө конституциясы, зым тартылган чек арасы болсо, анан кантип биригиши мүмкүн? Булардын бардыгы Ислам Үммөтү биригүүсүнө тоскоолдук кыла турган факторлор эмеспи? Мисалы, азыр Палестинадагы мусулмандар менен бирикмекчи болгон башка жерлердеги мусулмандар жолго чыкса, биринчиден өзүнүн мамлекети чек арадан чыгарбаса, экинчиден Палестина өкмөтү аларды киргизбейт. Учурда Мисир жана Палестина чек арасында ушундай абалга күбө болуп жатабыз. Эгер бул мусулмандар бекем туруп, чек ара мыйзамдарына моюн сунбаса, дароо “терроризм” же “экстремизм” айыбы менен кармалышат.

Демек, мусулмандар биригүү үчүн алгач ошол биригүүгө тоскоолдук кылган нерселерди жок кылышы керек болот. Антпесе, биригүүгө чакырып коюунун өзү менен эч кандай өзгөрүү болбойт. Ушундай болгон соң, аалымдар жана имам-хатибдер мусулмандарды биримдикке чакырган убакта – жасалма чек араларды жок кылып, аймактарды бириктирүү, Батыштан алынган конституцияларды четке кагып, Куръани Каримди дастур кылып алуу жана элүүдөн ашуун жетекчинин ордуна бир саясий жетекчи тикелөө шарт экендигин жеткириши керек. Мына ошондо гана бардык мусулмандар байрагы, жетекчиси, конституциясы бир болгон Халифалык мамлекети астында бириге алышат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here