Бишкекте «Палестина жалгыз эмес» аттуу акция болуп өттү

233
0

Бишкекте «Палестина жалгыз эмес» аттуу акция болуп өттү

15-май күнү саат 15:00до Бишкек шаарында М.Горкий атындагы паркта «Палестина жалгыз эмес» аталышындагы акция болуп өттү. Иш чарага келген мусулмандар бул жерге Пайгамбарыбыз с.а.в. дын: «Эгерде кимде-ким жаман ишке күбө болсо аны колу менен токтотсун!Анда да болбосо тили менен токтотсун! Анда да болбосо ошол ишти жүрөгү менен жек көрсүн! Бул ыймандын эң төмөнкү даражасы!»,-деген хадисине амал кылып келишкенин бир ооздон айтып жатышты.           Ошондой эле бүгүнкү күндө Палестина маселеси мусулман өлкөлөрү Куран жана Сүннөт негизинде бирикмейин чечилбей турганы айтылды.

Эске салсак, Мубарек Рамазан айынын жыйырма сегизинчи күнү залим баскынчы яхудий күчтөрү Акса мечитине бастырып кирип, намазкөйлөргө чабуул кылган. Баскынчылар Аксадагы мусулмандарга кулак тундурган жана газ чыгарган гранаталарды о.э. резина окторду жаадырышкан. Акыбетте 200дөн ашык мусулман жараат алган. Андан кийинки кагылышууларда ондогон мусулман шахид болуп жүздөгөнү түрдүү жарааттарды алышты. Алардын арасында жаш балдар, аялдар, карыөкартаңдар да бар. Бул кылмыштар бүткүл дүйнө көз алдында жүз берүүдө.

Өкүнүчтүүсү мындай баскынчылыктар жыл сайын Ыйык Рамазан айында өздөрүн мусулмандардын акы-укугун коргоочу катары көрсөтүп жаткан мамлекет башчылардын, мусулман армияларынын көз алдында болуп жатат. Мунун каршысында бул акимдер Коопсуздук Кеңеши сыяктуу колонизаторлордун уясына же Араб Мамлекеттеринин Лигасы сыяктуу саткындардын уюмуна кайрылып, куру чакырык менен гана чектелишүүдө! Эгерде бул режимдердин кыянаты, паскечтиги болбогондо, анда яхудийлер Акса мечитине жакындай алмак эмес!

Түпкүлүгүндө эл аралык коргоого алууга чакыруу даана саткындык болуп эсептелет. Себеби, бул нерсе яхудий вужудун бекемдөөнү, ал жердеги баскынчылыкты эл аралык баскынчылыкка айлантууну түшүндүрөт. Ал эми Палестина маселесинин түпкү чечими бүткүл мусулман армияларын жөөт вужудуна каршы сапарбар кылуу. Башкача айтканда, Куддус жана Акса мечити  үммөттү бир калкан астында бириктирген “эгерде биз улуулукту Исламдан башкасынан издесек, Аллах бизди кор кылат” деген Умар р.а. сыяктуу, “Куддус баскынчылардын астында турганда, бизге жылмаюу арам болсун” деген Салахиддин сыяктуу, “Мен Палестинанын бир карыш жерин да сатпаймын. Анткени, ал менин эмес, Ислам үммөтүнүн мүлкү” деген Абдулхамид 2 сыяктуу жетекчилер жана кол башчылар менен куткарылат.  Мындан башка чакырыктар мусулмандарды адаштыруу болуп эсептелет. Мусулмандардын улуу жетекчилери мына ушул позицияны карманышкан.

Имам Ахмад өзүнүн муснадында Сулайм ибн Амирден бул риваятты иштеп чыккан: Микдад ибн Асваддан угушунча, Расулуллах ﷺ мындай деген: «Жер жүзүндө Аллах Таала Ислам калимасын кордун кордугу, азиздин азиздиги менен киргизбеген бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйү калбайт. Аллах Азза ва Жалла аларды же күчтүү кылып таква калкка айлантат, же чөгөлөтүп итаат кылдырат».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here