Жапаров кумарканаларды ачуу мыйзамын колдоп билдирүү жасады

243
0

Жапаров кумарканаларды ачуу мыйзамын колдоп билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда кумарканаларды ачууга жол ачкан мыйзам долбоору жөнүндө билдирүү жасады. Анын айтымында, кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат.

«Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган», – деди президент.

Бүгүн Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга карабай көпчүлүк кумарканалар жашыруун же башка аталыштар менен иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик түзүм мамлекетке жана анын жарандарына каалагандай ыкмалар менен киреше табууга жол ачат. Коомдо күбө болуп жатканыбыздай, сүткордук, кумар оюндары, алдоолор киреше табуунун кадимки булагы болуп калган. Бийликтин капитализм негизинде чыгарып жаткан мыйзамдары болсо, бул булактардын көбүнө жол ачып, калгандарына жылчык калтырып коюуда. Мына ушул жылчыктарды кайра эле бийлик өкүлдөрү коргоп берет. Ошондуктан, кумар оюндары, алдамчылык, финансалык пирамидалар, тармактык маркетингдер сыяктуу көз боёмочулуктар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө кеңири жайылган.
Мындай кумар оюндарынан канчалаган адамдар зыян тартып, үй-бүлөлөр бузулуп, адамдар үй-жайсыз көчөлөрдө калышканына күбө болуп келебиз. Бул көрүнүштү мыйзам долбоорун сунуштап жаткан депутаттар да жакшы билет. Бирок, алар коомдун кызыкчылыгынан бир ууч ишкерлердин кызыкчылыгын жогору коюуда. Анткени, кумарканалардын қоррупция жана экономикалык кылмышкерлерге болгон мааниси өтө чоң. Ал жерлерде корупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин арамдан тапкан акчалары жуулат. Андан соң, алар пара алуу менен же башка мыйзамсыз жолдор менен тапкан акчаларын кумарканалардан “кумардан утуп алды” деген документ кылып алып, заңгыраган үйлөрдү салып башташат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Алар тараптар менен келишкен абалда атайын акча утуп алып, экинчи тарапка атайын уткузуп берүү аркылуу паракорлорго пара алуу жараянын коопсуз кылып беришет. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.
Жыйынтыктап айтканда, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен бал ачып фалбиндик кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула! “. (Мааида, 90-аят).

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here