айрым бир фикхий раъйлардагы ихтилафтар (мисалы, рамазанда орозону баштоо) жөнүндөгү суроосуна жооп

244
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шайх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор (фикхий)

Асадуллах Куршийдин (أسد الله القرشي) айрым бир фикхий раъйлардагы ихтилафтар (мисалы, рамазанда орозону баштоо) жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум рахматуллоохи уа баракатуху.

Хизб-ут-Тахрир амири Шейх Ато бин Халил Абу Ар-Роштага, Аллах аны Өз коргоосуна алсын. Ислам жеңиши амирдин кол алдында жана аны менен бирге иш алып барып жаткан Хизб-ут-Тахрир жигиттери аркылуу ишке ашышына Аллах тофык берсин.

Даңазалуу шейхибиз, менде партия тарабынан тандап кабыл алынган фикх пикирлери боюнча биз менен макул болбогон төрт имамдын жана башка мужтахиддердин фикх пикирлери жөнүндө бир суроо бар. Ал фикхтеги талаш-тартыштуу деп аталган маселелерге кирет.

Мисалы, Рамазандын орозосу астрономиялык эсептөө аркылуу далилдениши. Бул тууралуу Ибн Сариж аш-Шафиий сыяктуу кээ бир мурунку факихтер жана анын пикиринде болгон шейх Ахмед Шакир аль-Масрий жана шейх Мустафа аз-Зарка, ал-Халаби аль-Ханафи сыяктуу башка факихтер кеңири айтып беришкен.

Суроо туулат: биз партия тандап кабыл алган пикирлер, айрыкча, ал пикирлер жогорку деңгээлдеги мужтахид имамдардын пикирлерине карама-каршы келсе, кандай мамиле кылабыз? Мисалы, орозонун башталышын астрономиялык эсептөө  менен кабыл алсак болобу? Маселе боюнча эки пикир бар экендиги белгилүү. Көпчүлүктүн пикири ага  уруксат берилгендиги, бирок милдеттүү эмес. Биз «Факыхчылардын ортосунда айырмачылыктуу маселерде кайсынысына эргешсең, ошол жаиз» деп айткан адамдын сөзүн кабыл алабызбы?

Суроонун максаты – талаштуу фикхий маселелер жөнүндө түшүнүгүмдү тунукташтыруу.

Мисалы, качан экинчи пикирге артыкчылык берилет, ал эми, качан кабыл алынгыс пикир катары экинчиге каршы туруу керек. Качан экинчи пикир биз карманган пикирден басымдуу болсо да талашты кабыл алат? Мисалы, Рамазандын орозосун астрономиялык эсептөө менен далилдөө маселесинде башка пикирди кабыл алуу жагынан айырмасы эмнеде? Мисалы, Хизбдин пикирине каршы келген аялдын бети жана колу аврат деген маселеде кандай айырма бар?

Суроо узартылгандыгы үчүн кечирим сураймын. Бирок, эмне үчүн көз караштар карама-каршы болгонун түшүндүрүп берсеңиз. Албетте, менин көз карашым боюнча туура эмес болсо, кечирим сурайм. Карама-каршылыктуу бул өкүмдөрдүн Халифалыктын бирдиктүү бир бүтүндүгүнө болгон көз караштарга алыс-жакындан таасир береби же бул башка нерсеби?

Аллах сизге изгилик берсин. Ассаламу алайкум рохматулоохи уа баркаатуху.

Жооп:

Уа алайкум салам рохматуллоохи уа баракаатуху.

Сиз бизге жакшылык тилеп кылган дуаңыз үчүн биз да сизге Аллахтан жакшылыктарды тилейбиз.

Шарий далилдерден туура шаръий негизде истинбит кылынып алынган өкүм – аны истинбат кылып алган мужтахидге карата шарий өкүм болуп саналат. Ал Ислам пикири эмес, исламий пикир деп этибар кылынат.  Ал биз  табаний кылган пикирге каршы келсе да, ал исламий пикир болуп саналат. Айрыкча, бул пикир төрт мазхабдын имамдарынын жана ошол мектептердин аракеттери сыяктуу илим жана таквалык менен белгилүү болгон имамдардын мужтахидеринин пикири болсо… Хизбдин сакофий китептеринин бир нечесинде биз табаний кылган фикх пикирине карама-каршы келген фикхий пикирлер менен кантип алака кылуу керектигин көрсөттүк.

Эки китептен цитата келтиремин, Аллахтын жардамы менен ал сиздин сурооңузго жооп болот деп ойлоймун:

1 – Хизб-ут-Тахрирдин түшүнүктөрү китебинде мындай келген:

«Исламга ыйман келтирүү анын өкүмдөрүн жана мыйзамчылыгын түшүнүүдөн айырмаланат. Себеби, Исламга ыйман келтирүү акыл аркылуу, же негизи акыл менен далилденген жол аркылуу жүзөгө келген. Ошондуктан, бул ыйманга шектенүү кире албайт. Ал эми, Ислам өкүмдөрүн түшүнүү бир гана акылдын өзүнө байланыштуу эмес, балким, араб тилин билүүгө, истинбат кубатынын болушуна о.э. сахих хадистерди заифтеринен ажырата билүүгө байланыштуу болот. Ошондуктан, даъватты жаюучулар өкүмдөрдү түшүнүүлөрүн «туура түшүнүү, бирок, ката болушу мүмкүн», башкалардын түшүнүүлөрүн болсо, «ката түшүнүү, бирок, туура болушу мүмкүн» деп эсептөөлөрү лаазым. Ушуну менен, түшүнүүлөрүнө жана истинбаттарына ылайык Исламга жана анын өкүмдөрүнө даъват кылууга о.э. «ката, бирок туура болушу мүмкүн» деп эсептеген башкалардын түшүнүктөрүн «туура, бирок, ката болушу мүмкүн» деп эсептеген өз түшүнүктөрүнө айландырууга жетишишсин. Ошондуктан, даъватты жаюучулар өз түшүнүктөрү жөнүндө «бул Исламдын райы» деп айтуулары туура эмес. Балким, алар өз райлары жөнүндө «бул исламий рай» деп айтуулары лаазым. Мазхаб ээлери болгон мужтахиддер өкүмдөрдү истинбат кылууларын «туура, бирок, ката болушу мүмкүн» деп эсептешкен. Алардын ар бири «сахих хадис бар болсо, хадиске тескери келген сөзүмдү таштагыла, анткени, ал менин мазхабым» дечү. О.э. даъватты жаюучулар өздөрү табанний кылган райларын же Исламдан деген көз караш менен жетип барган райларын «туура, бирок, ката болушу мүмкүн» болгон райлар деп эсептөөлөрү лаазым». Цитата бүттү.

2 – Коомго кирүү китепчесинде төмөнкүчө келген:

«… Коомго кирүүгө келсек, ага ар кандай аралашмалардан алыс, таза жана нукура Исламдан башка нерсенин киришине жол бербөө важиб. Анткени, кафирлер, акимдер жана саясатчылар Ислам наамы менен – коомдо Ислам тарабынан дайынсыз күңүрттүктү пайда кылуу үчүн – исламий болбогон ар түрдүү пикирлерди киргизишет. Мусулмандар ушул жактарды билүүлөрү жана Исламга тескери болгон ар кандай пикирге каршы куфр пикирине каршы күрөшкөндөй күрөшүүлөрү важиб. Анткени, ал да ачык куфр болуп эсептелет.

Бирок, бул чабуул саясий пикирлерге жана мыйзамчылыкка тиешелүү пикирлерге каршы каратылган болот т.а. пикирлер берилип жатканда же талкууланып жатканда мамлекеттин иштеринде көрүнө турган коом алакаларына тиешелүү пикирлерге каршы каратылган болот. Мисалы, көп аялдуулукка тыюу салуу, кайрымдуулук коомдорун түзүүгө уруксат берүү, министрликтерде катышууга уруксат берүү, Ислам дүйнөсүндөгү мамлекет акимдери ортосунда өздөрү отурган жерди сактап калуу үчүн биригүү, араб биримдиги уюму, жашоо деңгээлин көтөрүү, чет элдик инвестицияларды мамлекетке киргизүү ж.б.у.с. Булардын баары исламий эмес пикирлер болуп, алар исламий деген этибарда же Исламга тескери эмес деп киргизилет. Бул пикирлерге каршы чабуул кылуу, күрөшүү жана коомдо башаламандыкты пайда кылбоосу үчүн анын кирип келишине жол бербөө важиб.

Хизб табанний кылган пикирлерге тескери болгон исламий пикирлерге келсек, андагы түшүнүү жолу баян кылынат. Бирок, аларга чабуул кылынбайт, балким, алар да исламий рай экендиги, бирок, далили күчсүз экендиги көрсөтүлүп берилет. Мисалы, мужтахиддердин айрымдары халифа бир гана Курайштардан же ахли байттан болушу мүмкүн деген болсо, кээ бирлери аял киши казы болушу мүмкүн эмес деген. Дагы кээ бирлери болсо, алтын жана күмүштө – алардын зекети берилген болсо – иштетпей топтоо мүмкүн деген, дагы кээ бирлери жерди ижарага берүү мүмкүн дешет ж.б.у.с. Булардын баары исламий райлар болуп, алардын коомго киришине тыюу салынбайт. Себеби, булар коомдо башаламандыкты пайда кылбайт. Анткени, алар да Ислам болуп, хизб табанний кылган райлар сыяктуу далилге же шибхи далилге таянат. Мындай исламий пикирлерге карата алардын катасын көрсөтүп берүү менен чектелинет.

Бирок, хизб өзүнүн баракча, китеп жана талкууларында өзү табанний кылган райга тескери болгон бир да райды көтөрүп чыкпайт. Бирок, ал мурда табанний кылынбаган райларды фикхий же мыйзамдык нерсени түшүнүү үчүн үлгү катарында таратышы да мүмкүн. Буга ушул райлар кимден чыккандыгы көрсөтүлбөй, анын далили менен чектелинет. Булар хизб таратуу менен алектене турган райларга карата болду. Ал эми, эгер  хизбден башкалар тарабынан бирер исламий рай таратылса, бирок, бул рай хизб райына тескери болсо, талкуулашууга зарылчылык болсо, талкуулашуу менен чектелинет. Зарылчылык болбосо, ал райды көңүл бурбай таштап коё берет. Мына ушулар жардамында хизб коомдо пайда болуу коркунучу болгон башаламандыкты тосот.

Ислам менен куфр ортосундагы күрөш куфр жеңилип, Ислам жеңишке жеткенге чейин улантыла берет». Цитата бүттү.

Жогоруда келтирилгендерден көрүнүп тургандай, Хизб өзү табанний кылган пикирлерине каршы келген башкалардын туура шарий жол менен истинбат кылып алган фикх пикирин четке какпайт. Тескерисинче, ал алар менен талкуулап, алардын көз караштары туура эмес экенине жана өзүнүн көз караштары күчтүү далилдерге негизделгенине ишендирүүгө аракет кылат. Алардын исламий пикирлеринин далилдери Хизбдин көз карашында алсыз далилдер болсо да, ал исламий пикирлердин коомго кирип келишине тоскоолдук кылбайт, анткени ал пикирлер да исламий көз караштар болуп саналат.

  • Буга мисал катары аялдын бети жана колдору аврат деген сөздөрдү мисал кылууга болот. Бул кээ бир мужтахид факихчилер айткан Ислам фикх пикири болоуп эсептелет. Бул пикирди биз четке какпайбыз. Бирок, биз аларды аялдын жүзү жана колдору аврат эмес деп эсептеген исламий пикирибизге чакырабыз. Биз аларга шарияттын далилдери аркылуу биздин исламий пикирдин тууралыгын көрсөтөбүз. Бирок, алардын бул исламий көз караштарын жана ага эргешүүнү четке какпайбыз, анткени бул пикирлер дагы мужтахиддер айткан исламий көз караштар болуп саналат.
  • Астрономиялык эсептөө жөнүндөгү сөзгө келсек, аны айтууда бир эмес, бир нече көз караштар бар. Алардын айрымдары, эгер ай түндө жаңырса, ошол түн Рамазан айынын биринчи күнү дешет… Алардын айрымдары, эгер ай күндүз пайда болуп, күн баткандан кийин батып кетсе жана көрү мүмкүнчүлүгү болбосо дагы бул Рамазандын биринчи түнү дешет. Алардын кээ бирлери эсептөө жана көз менен көрүүнүн ортосун жамдаштырууга аракет кылышат, ошондуктан, ай күндүз көрүнүп, күн батып жатканда көз менен көрүү мүмкүнчүлүгү болуп батып кетсе, анда ал түн Рамазан айынын башталышы болот дешет… Андан кийин алар ушул айдын жаңыруу мөөнөтү тууралуу талашып тартышат 10 мүнөттөбү, же 15, же 20 мүнөтпү… Мен муну туура ижтихад деп ишенгим келбейт, анткени шаръий нусустарда орозонун башталышы жана бүтүшү туралуу ачык-айкын далилдер келген:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ»

«Аны көрүү менен үчүн орозо туткула жана аны көрүү менен  орозоңорду ачкыла». (Муслим риваяты). Мындай ачык-айкын шаръий нусус турса, кантип аны астраномиялык эсеп менен теңөөгө болот? Айрыкча, Пайгамбар A күн бүркөк күнү жаңырган ай булуттун артында калып көрүнбөй калса, бул учурда шаъбанды 30 күн кылып толуктап, анан Рамазанды баштоону буйруган.

«فَإِنْ غُمِّيَ عَلَيْكُمُ الشَّهْرُ فَعُدُّوا ثَلَاثِينَ»

«Эгер, күн бүркөк болуп, ай силерге көрүнбөсө (шаъбанды) отуз кылып санагыла». (Муслим риваяты). Мунун бардыгы орозо тутуунун жана аны ачуунун бир гана себеби айды көрүү экендигине гана далалат кылгандыгын билдирет. Андан башкага далалат кылбайт. Ошондуктан, менде астрономиялык эсептөөлөр туура шарий ижтихад жолу аркылуу истинбат кылынгандыгына ишеним жок. Ошон үчүн, биз орозону баштоо жана бүтүрүү жөнүндөгү туура шаръий ижтихад жаатында – бул айды көрүп кармоо жана айды көрүп ачуу деген ижтихадды таббаний кылганбыз. Анткени ал туура шаръий ижтижад.

Жыйынтыктап айтканда, биз этибарлуу мужтахиддер айткан исламий көз карашка – эгерде ал туура шарий ижтихад аркылуу истинбат кылынып чыгарылса – каршы сөз айтпайбыз. Балким, аны менен чырайлуу талкуу кылып, биздин караманып жаткан исламий көз караш туура экендин далилдеген далилдерди келтиребиз жана алардын далилин да угабыз. Бирок, биз Исламдан алыс болгон Исламга жат пикирлерди киргизип, адамдарды адаштыргысы келгендерге каршы бекем турабыз! Бул пикирлердин жалгандыгын түшүндүрүп ачып берүүдө кош көңүл кылуу мүмкүн эмес, мисалы, сүткордукка жол берилет деген сыяктуу. Куфр түзүмдөрүнө катышуу жана Аллах түшүргөн өкүмдөн башка өкүм менен өкүм жүргүзүү жаиз деп айтылган пикирлерге каршы күрөшүү керек. А түгүл, яхудийлер менен мамилелерди жөнгө салууда тынчтык келишими жайиз деп айтып жатышкан күндө да.

﴿أَلاَ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ﴾

«Алар кандай гана жаман өкүм чыгарышат»                                                  [16:59]

Бул пикирлерге каршы күрөшүү важиб. Биздин убакта кеңири жайылган, туура шаръий ижтихад аркылуу истинбат кылынып алынбаган ушул сыяктуу пикирлер бар, тескерисинче, алардын кээ бирлери Аллахтын Китебиндеги жана Аллахтын Элчисинин сүннөтүндөгү катъий далилдерге карама-каршы келет. Мындай пикирлер шаръий өкүм эмес жана исламий көз караштар да эмес. Мындай пикирлерге чакырып жаткандар четке кагылат жана ал пикирлердин коомго кирип келишине жол берилбей, ага каршы күрөшүлөт.

Ушул жетиштүү жооп болду деп ойлоймун, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

 

Бурадарыңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                       25шаъбан, 1442-х.

Хизб ут-Тахрир амири                                                                  7апрель, 2021м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here