МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР (2)

236
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

 МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР (2)

Аллах Тааланын өкүмдөрүнө этибарсыз болгон жана мункарларга толуп-ташкан мындай коомго күбө болгон момун муну өзгөртүү үчүн шашылуусу керек. Бул ыймандын талабы. Бул иште Расулуллах (с.а.в)ды үлгү кылып алуу фарз, Аллах Таала ар кандай иштин туура чечимин төмөндө мындай баяндап жатат:

 فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ

«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла!» [4:59], ибадатта эле эмес, бардык иштерибизде Расулуллах(с.а.в)ды үлгү кылып алышыбыз зарыл:

لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ

Силер үчүн Аллахтын Пайгамбарында чырайлуу үлгү бар.         [33:21], ошондо Аллах Таала бизден ыраазы болот жана ушул күнгө чейин кайдыгер болгон ката-кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечирет, Аллах Таала айтат:

قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمْ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

(Эй Мухаммад): «Эгер Аллахты жакшы көрсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү магфират кылат. Аллах магфират кылуучу, мээримдүү», дегин.[3:31].

Өзүбүздү жакшы тааныган абалда Аллах Таалага кулдук кылууну Расулуллах(с.а.в) сыяктуу Исламды үйрөнүү жана үйрөтүүдөн баштоо менен Расулуллах(с.а.в)ды үлгү кылып алган болобуз. Себеби, Расулуллах(с.а.в) ишти алгач Аркам ибн Аркам (р.а)нун үйүндө Исламды үйрөнүү жана үйрөтүүдөн баштаганы баарыбызга белгилүү. Исламды кандай болсо ошондой бойдон, учурда амал кыла турган кылып Хизбут-Тахрир гана үйрөтө алат. Бул сөзүбүз акыйкатка каршы чыгуу, же тарапкечтик кылуу эмес. Эгер андай болбосо далил келтиргиле! Мындай деп айтышыбыздын себеби, сарай аалымдары өкмөттөн корккондуктан Исламды саясий абалга ылайыкташтырып баяндап жатышат же сүкүт сакташууда. Ал эми акыйкатты ачык айтып жатабыз дегендердин болсо, азыркы доордо Исламды толук ишке ашыруу үчүн сахих ижтихад менен нусустарга негизделип иштелип чыккан түзүмдөрү жок. Башкаруу, экономика, ижтима, таалим-тарбия, жазалар түзүмү сыяктуу коом үчүн зарыл болгон, Аллах Таала ыраазы боло турган тартип-түзүмдөр иштелип чыккан эмес, жалпы жонунан эле сөз кылып жатышат.

Исламда башкаруу кандай болушу “Халифалык мамлекетинин жихазы” китебинде, Исламдагы экономика болсо “Исламдагы экономикалык түзүм” жана “Халифалык мамлекетиндеги малия” китептерибизде, ижтима “Исламдагы ижтима түзүмү” китебибизде, башка тармактар да “Жазалар түзүмү”, “Халифалык мамлекетиндеги таалим берүү программасынын негиздери” сыяктуу китептерибизде кеңири баяндалган. Учурда момундар үчүн эң зарыл иш – Исламды үйрөнүү. Себеби, Аллах Тааланын шарияты турмушка кайтып келиши да, коомду мункарлардан тазалоо да, дүйнө жүзүндөгү мазлум, бечара момун боордошторубузга жардам берүү да, Ислам дүйнөсүн эле эмес, бүт жер жүзүн жабыр-зулумдардан, жахалат-куфр караңгылыгынан Ислам нуруна, Аллах Тааланын адилетине алып чыгуу да ушул ишке байланыштуу. Башкача айтканда, бул иштердин баары Исламды жакшылап үйрөнүп жана үйрөтүүгө о.э. үммөткө бул дүйнөдөгү милдетин эскертүүгө байланыштуу. Аллах Таала айтат:

وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا

Ушул сыяктуу (хак жолго хидаят кылганыбыз сыяктуу), силерди башка адамдар үстүндө күбө болушуңар жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болушу үчүн орто (адилеттүү) бир уммат кылдык.[2:143].

(уландысы бар)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here