Исламдагы бир туугандык

442
0

Исламдагы бир туугандык

Ислам мусулмандарды бири-бирине болгон байланышты ушундай бекем орнотту дейсиң, кылымдар өтсө да бир акыйда астында бир тууган катары бир бүтүн денедей биригишти. Буга алардын өңү, тили, географиялык шарты, жынысы, кары-жашы эч кандай тоскоолдук кыла албады. Аллах Таала Курани Каримде айтат:

«Акыйкатта момундар бир тууган» (Хужурат сүрөсү 10)

Ааламдардын  Роббиси ар бир маселеге бир чек ара, ар бир нерсеге өлчөм бергендей эле бир туугандыктын өлчөөсүн ыйман менен белгиледи. Бул мусулмандарды башкалардан өзгөчөлөнтө турган өлчөө. Ошондуктан, мусулмандык кан жана уруучулук байланыштан да жогору турат. Анткени, бир уруудан, бир улуттан болсо да, а түгүл, атасы, энеси бир болуп туруп бири-бирине душмандык кылган, өлтүрүүгө чейин барган адамдар Исламга келүү менен бул душмандык мээрим жана сүйүүгө айланганына күбө болуп келебиз. Мисалы, Мадинадагы Аус жана Хазраж уруулары аягы бүтпөгөн согуштар, душмандык тузагынан Ислам акыйдасына ыйман келтирүү менен гана чыга алышты. Муну менен эле чектелбей Исламга нусрат берген алдыңкы уруулардан болуп, Аллахтын алкоосуна татышты:

“Бардыгыңар Аллахтын арканына (Исламга) бекем байлангыла жана бөлүнбөгүлө. Аллахтын силерге болгон нематын эстегиле. Силер бири-бириңерге душман кезде Ал Зат жүрөктөрүңөрдү бириктирди жана Анын нематы себептүү бир тууган болдуңар…” (Аали Имран сүрөсү 103)

Ислам бир туугандыгынын көркөм үлгүсү болгон сахабалар доорун караганыбызда, бүгүн бул мамилеге канчалык муктаж экендигибиз сезилет. Исламдын алгачкы жылдарында эле Пайгамбарыбыз с.а.в. мусулмандарды бир тууган кылып жарыялады. Меккенин ак сөөктөрүнөн болгон Хамза (р.а.) азат болгон кул Зайд бин Хариске (р.а.), Абу Убайда бин Жаррах (р.а.) Абу Хузайфанын азат болгон кулу Салимге (р.а.), Убайда бин Харис (р.а.) дагы бир азат болгон кул Билал Хабашийге (р.а.) бир тууган катары жарыяланды. Бул жарыя ушундай бир кабар болду, Меккенин караңгылык баскан дооруна нур чачып, адамдардын аң-сезимине революция жасады.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мусулмандарды бир тууган жарыялоо салты хижраттан кийин Мадинада дагы уланды. Аллах Таала «Ансарлар» деп атаган Мадина мусулмандары Меккеден келген мусулмандар менен бир тууган жарыяланып, алар менен үй-жай, байлык, кийим-кече дебей эмнеси болсо тең бөлүшүштү.  Алардын бири-бирине болгон мухабатын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Алар бир туугандарын Аллахтын ыраазылыгы үчүн өз нафстарынан да өйдө коюшту. Мындай мамиле каапырлардын жүрөктөрүнө ок сыяктуу сайылып жатты. Бул бир туугандык каапырдын чегин тарытып, Ислам майданын кеңейте берди. Кантип анан кеңейбесин? Ярмук согушун бир эстеңизчи…

Ярмукта Харис бин Хишам, Икрима бин Абу Жахил, Сухайл бин Амр (р.а.дар) оор жараат алышты. Аларга ичирүү үчүн алып келинген сууну болсо бири-бирине икрам кылды. Ошентип, эч бири суу ичкенге жетишпей шахид болушту. Өлүм астында дагы бир тууганын өзүнүн жанынан артык көрүү бир гана Исламда бар! Алар бири-бирин Аллах үчүн жакшы көрүп бир тууган болушту. Аллах да жер жүзүнүн байлыгын алардын бут астында калтырды. Мусулмандар кылымдар бою мына ушундай бир туугандыкта коопсуз жашады. Алардын калканы болгон мамлекеттин кулашы аркылуу бул бир туугандык мамилеге да зыян жетти.

Бүгүн капитализмдин негизги соккусу мына ушул бир туугандык мамилеге каратылып, улутчулдук, мекенчилдик, эркиндик, мазхабпарастык түшүнүктөрү аркылуу мусулмандардын арасындагы мээрим-мухабатты жек көрүүгө айлантууга аракет кылынууда. Бүгүн кыбыласы, айы бир мусулмандар Рамазанды эки башка учурда баштай турган болуп калды. Пайда үчүн диндеш бир тууганын каапыр же заалымдар кол астына сата тургандар пайда болду. Мусулман аймактарында каны, намысы тебеленип жаткан мусулмандардын абалын кино көргөндөй тиктеп өтө турган болдук. Албетте баалуулуктарыбыздын, айрыкча бир туугандык мамилебиздин мындай абалы үммөттү бириктирген Халифанын жоктугу себептүү болуп жатат.

Андыктан, каапырлардын фитна отун өчүрө турган, чабуулдарын тосо турган, Аллахтан гана коркууну жүрөктөргө эге турган, каапыр жана заалимдерге акысын бере турган Халифалыкты тикелөөгө шашылалы. Ошондо мусулмандар бир тууганын өзүнүн нафсинен жогору кое турган деңгээлге, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун расасына, өңүнө, тилине карабай бир пикир жана туйгуга ээ болот. Ушундай болгон соң, келгиле бир туугандык мамилени өз ордуна кое турган мамлекетти тикелөөнү тагдырий маселе катары карап, бүткүл мумкүнчүлүктү ушул максатка жетүү үчүн жумшайлы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here