Исламдагы экономикалык түзүм: Коомдо экономикалык тең салмактуулукту сактоо

189
0

Исламдагы экономикалык түзүм: Коомдо экономикалык тең салмактуулукту сактоо

Кандайдыр бир себептер менен коомдо экономикалык тең салмаксыздык пайда болсо, Исламий мамлекет дароо тең салмактуулукту жүзөгө келтириши важиб. Ал төмөнкүдөй көрүнүштөрдө ишке ашат.

– Коомдо байлыктын бир ууч адамдар колунда топтолуп калышынын алды алынат. Эгер байлык бир ууч адамдардын колуна топтолуп калса, анда мамлекет алардын байлыгы адамдар арасында ылайыктуу шартта айланышына мажбурлоочу иш-чараларды кылат. Мисалы, ун өндүрүшү тармагында бир адамдын иши илгерилеп, ага атаандаш жок болуп калса жана адамдар анын ырайымына тигиле турган болуп калышса, андай абалда мамлекет дароо өзү мамлекеттик ун өндүрүүнү күчөтүп, адамдарды ылайыктуу баада ун менен камсыздоого киришет. (Ушул эле учурда, мында адамдар жумуш менен да камсыздалып, башкаларга көз карандылыктан алыс болот).

– Мамлекет мухтаж жарандарга өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнөн бөлүп берет. Мисалы, турак жай менен камсыздоодо мамлекет мухтаждарга жер ажыратып берип, алардын шаръий курулуш ширкаттарын түзүп алышына, муну менен үйлөр куруп алышына жардам берет ж.б.у.с.

– Дыйканчылык үчүн мамлекет өз мүлкүнөн мухтаждарга жерлер ажыратып берип, аларды иштетүүгө каражаттар бөлөт.

– Мамлекет байлар акчаны казына (канз) кылып топтоп алышына тыюу салат. Ошондуктан, байлык базардан чыгып кетпестен, адамдар арасында экономикалык артерияда айланып турат.

Мына ушул шаръий өкүмдөрдүн аткарылышы менен, ушундай көрүнүштө коомдо экономикалык тең салмактуулук сакталат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here