Тунис режими Эл аралык Валюта Фондунун шарттары себептүү изилдөөчү докторлордон баш тартты

221
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими Эл аралык Валюта Фондунун шарттары себептүү изилдөөчү докторлордон баш тартты

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ушулар баса белгиленди:

«Жумушсуз калган докторлор маселесин мамлекет расмийлери манипуляция кылып, ушул аркылуу саясат базарында акча таап жатышат. Бул, Тунис акимдеринин бешенесине басылган шерменделиктен башка нерсе эмес. Мамлекет изилдөөчү докторлорду ишке жайгаштыруу милдетин аткарбай жаткандыгынын себеби каражаттын жетишпегенинде эмес. Бийлик өз жоопкерчилигинен баш тартты. Тунист жетекчилери моюнга алууга батына албай жаткан акыйкат ушул – изилдөөчү докторлорду мамлекеттик кызматка дайындоо чечими Эл аралык Валюта Фондунун колунда. Бул Фонд финансылык жана экономикалык реформаларды шылтоолоп Туниске көрсөтмөлөр берүүдө, маяначылар тайпасын кыскартууну айтып Туниске мамлекеттик кызматка дайындабоо мажбуриятын жүктөйт».

Билдирүүнүн соңунда айтылат:

«Жумушсуздуктун негизги жана түздөн-түз себепкери – капиталисттик түзүм. Бул проблеманын түпкү чечими – талап-тонолгон каражаттарды кайтарып, мамлекет өндүрүш жана сооданы тескеши керек о.э. менчиктештирүүнү бүтүндөй бекер кылуу шарт. Бул болсо, капиталисттик түзүмдү бекер кылуу зарылдыгын түшүндүрөт. Бирок, буга капиталист карамүртөздөр жана байлар жол бербейт. Ушул себептен улам, адамдар кабылган зулумду жоюу үчүн капитализмге каршы козголоң көтөрүү жана анын жергиликтүү куурчактарын кулатуу шарт».

 

Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here