Июнь окуясы: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө иш козголду

301
0

Июнь окуясы: Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө иш козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштады. Ошол эле маалда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү бийликке 11 жыл мурда болгон окуянын ачыкка чыкпаган жагдайлары да бар экенин эскертишти.

УКМК июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлады.

«2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген окуянын себепкерлеринин бири Кадыржан Батыровго республикадан тоскоолдуксуз жана мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы кылмыш иш козголду», – деди УКМКнын маалымат катчысы Назгүл Кыдыралиева.

Комментарий: Чындыгында, 2010-жылы июнь айында дини, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосунда кайгылуу окуя жүз берген эле. А бирок, бул окуя табигый келип чыккан эмес. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт бийлигин сактап калуу о.э. мамлекет түндүк-түштүккө бөлүнүп кетишинин алдын алуу үчүн ушул окуяларды жасалма түрдө пайда кылган. Бул кандуу окуяларды негизинен кыргыз өкмөтү о.э. күч түзүмдөрүндө таасирге ээ болгон болгон орус өкмөтү менен атайын кызматтары уюштурган. Ошол кезде да кандуу окуялардан кийинки тергөө иштери адилетсиз жүргүзүлүп, Убактылуу өкмөт мындан өз бийлигин бекемдеп алууда пайдаланган.

 Кийинчерээк, Атамбаев доорунда да июнь окуяларын кайрадан тергөө маселеси козголуп, Атамбаев да 2016-жылы Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтөөнү тапшырган. Буга Атамбаевдин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушуна Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандыгы себеп болгон эле. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевге ачык эле каршы чыгышып, конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режим орнотууну токтотууга чакырышкан. Ачык кайрылууга Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Болот Шер жана Эмилбек Каптагаевдер кол коюшкан. Атамбаевдин июнь окуяларын кайрадан тергөө аркылуу коркутуусу жемишин берип, алар конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыкча каршылык көрсөтүшпөдү. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдан кийин июнь окуясын иликтөө кайрадан унутулуп “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”…

 Октябрь айындагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Садыр Жапаров Россияны ыраазы кылуу ниетинде конституцияга дагы бир жолу өзгөртүү киргизип, башкаруу системасын парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөрүү аракетин баштады. Себеби, Россия кол алдындагы мамлекетте президенттик башкаруу болушуна кызыкдар. Ошондуктан да Жапаров Россиянын колдоосуна таянып, өлкөдөгү батышчыл күчтөрдүн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн олуттуу каршылыгына карабастан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрдү. Мыйзам боюнча, 11-апрелде өткөрүлгөн  референдумдун расмий жыйынтыгы 35 күндүн ичинде жарыяланышы керек. Жапаров референдумдун алдында, башкача айтканда 5-апрель күнү УКМКга июнь окуяларын кайрадан тергөө тапшырмасын берип, бул аркылуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн “эскерткен” болчу. Ошол тапшырманын натыйжасында референдум тынч өтүп, Жапаров көздөгөнүнө жетти. Бирок, алдыда референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялоо турат. Жапаров расмий жарыялангандан кийин жүз бериши мүмкүн болгон ыктымалдуу каршылыктардын алдын алуу үчүн да Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө иш козготуп койду. Эгер каршылык башталса козголгон иш уланат. Каршылык болбой калса бул иш да 2016-жылдагы сыяктуу эле “унутулат”. Себеби, эгер иш калыстык менен текшериле турган болсо, бул иште “Россиянын изи” чыгып калат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here