Фалестин маселеси эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү өзгөрүүлөрдүн тушунда

300
0

Фалестин маселеси эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү өзгөрүүлөрдүн тушунда

кинчи акыркы бөлүк)

 Доктор Иброхим Тамимий

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Биринчи бөлүктө Байден Фалестин маселесин күн тартибине коюп, күрөштү эски же жаңы саясий көз караштарга ылайык улантабы? – деген суроого токтолуп, анын Фалестин маселесинде Трамп кабыл алган пландарга карата позициясын баян кылган элек. Кийин Байден эски «эки мамлекет» жолунан алыс кабыл алынган Трамптын пландарын бекер кылып, яхудий вужудуна басым кылабы? – деген суроого токтолуп, яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу маселесине жетип келген элек. Макалабыздын соңку бөлүгүндө Байден бийликке келгенде Фалестин режими жана фракциялар шайлоолорду өткөрүшүнө АКШнын жаңы администрациясы кандай карашы, Мисирдин Фалестиндеги шайлоолорду көзөмөлдөө ролу кандай мааниге ээ экендигине, яхудий вужуду бул шайлоолорго кандай карайт, аларга тоскоолдук кылууга урунуп жатабы деген суроолор, Куддуси Шариф элинин шайлоолорго катышуусунун саясий чындыгы жөнүндө сөз кылабыз.

Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу келишимдери, түпкүлүгүндө, эски жол боюнча кабыл алынган «эки мамлекет» долбооруна тескери эмес. Бирок, Трамп нормалдаштырууну ишке ашырууга киришип бул долбоорду өзүнүн «Кылым келишими» о.э. жергиликтүү жана регионалдык чечим жөнүндөгү көз караштары негизинде ишке ашырмакчы болду. Байден Трамптын ар бир ишине каршы чыккан болсо да, бирок, ал АКШ шайлоолорунан мурда да, шайлоолор убагында да, алардан кийин да ушул келишимдер туурасында Трампты алкыштап, мактады жана алардын маанилүүлүгүн, ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи. Т.а. өзүнүн мурунку позициясын баса белгиледи. АКШ коопсуздук кызматынын кеңешчиси Жон Салливан яхудийлердин коопсуздук кызматынын төрагасы Маир ибн Шаботко: «Байден администрациясы (израиль) менен Эмираттар, Бахрейн, Судан жана Марокко ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруунун ийгилигине негизделип иш жүргүзөт», – деди. Блинкен да «CNN» кабарчысы Вольф Блитцердин «Абрахам келишими» туурасындагы суроосуна жооп берип, мына ушуну баса белгиледи: «Ооба, биз Абрахам келишимин алдыга ташталган маанилүү кадам катары алкыштайбыз. (израиль) кошуналары менен мамилелерди нормалдаштырып, жакшыртып жатканын көрдүк, бул (израиль) үчүн, кызыкдар башка мамлекеттер үчүн, жалпысынан, тынчтык жана коопсуздук үчүн пайдалуу… Бул өтө жакшы иш».

Мындан көрүнүп тургандай, Байден бул туурасында Трамп жасаган иштерди бузмакчы эмес, балким, аларды улантмакчы. Бирок, ал абага учуп кеткен «Кылым келишими» негизинде эмес, «эки мамлекет» долбоору боюнча иш алып барууну каалайт. Блинкен нормалдаштыруу келишимин мактагандан кийинки бул сөздөрү менен ушуну назарга алды: «Бирок, мен туура айтканымдай, бул дегени (израилдиктер) менен фалестиндиктер ортосундагы мамилелердин проблемасы чечилди дегени эмес. Проблема керемет таризде жок болуп кеткен жок. Ал дагы эле турат. Ошондуктан, биз тынчтык келишимдери менен алектенишибиз керек. Бирок, биринчи кезекте муну кызыктар тараптар билүүлөрү жана эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү кайра баштоолору керек». Байден администрациясы нормалдаштыруу иши менен ушул таризде алектенүүдө, демек, ал бул ишти кээде токтотуп, кээде басаңдатып, кээде бул иштен яхудий вужудун тукурууда пайдаланышы мүмкүн.

Байден бийликке келгенде Фалестин режими жана фракциялар шайлоолорду өткөрүшүнө АКШнын жаңы администрациясы кандай карайт?

Белгилүү болгондой, Азаттык Уюму жана анын жүгүртөктөрү, Фалестин режими жана анын жетекчилери – Американын колундагы туткун куурчактар. Он беш жылдан бери кечеңдетүү, кечиктирүү менен токтотулуп келинген бул шайлоолорду өткөрүү токтому да алардын токтомдору эмес. Балким, бул Американын түздөн-түз көрсөтмөсү менен же малайы Сисий аркылуу түздөн-түз буйругу менен болууда. Мисир режими Фалестиндеги фракциялар ортосундагы жолугушууларда «чокундуруучу атасы» болуп келет. Ал Фалестин маселесинде Америка саясатына мурдатан кызмат кылат. Газа секторунун «ачкычтары» да анын колунда. Ал фракцияларды топтоп, аларга Америка буйруктарын өткөрүүгө кудуреттүү. Ошондуктан, Америка шайлоолор ишин ага таштап койду. Эгер Америка шайлоолорго жана жарашууларга ыраазы болбогондо, Сисий да аракет кылбайт эле же келишимге, союзга жана шайлоолорго тоскоолдук кылууга аракет кылмак о.э. Аббас да январь айында шайлоолор жөнүндө токтом чыгышынан мурда Каирге бармак эмес.

Мисирдин Фалестиндеги шайлоолорду көзөмөлдөө ролу кандай мааниге ээ?

Бул бир айла-амалдуу саясат. Андан Фалестинде «күчтүү» жана «мыйзамсыз» сыфатка ээ жетекчиликти пайда кылуу о.э. Хамас кыймылын шайлоолорго тартып, бийликтин бир бөлүгүнө айлантуу көздөлгөн. Муну менен бардык күчтөр оюнду Азаттык Уюму менен режимдин майданында ойной турган болушат, эч бир тарапка режим сызган жана Америка регион үчүн сызып берген сызыктан чыгышы мүмкүн болбойт. Муну менен Сисий Байдендин колуна Азаттык Уюмун, режимди жана фракцияларды тапшырган болот. Байден сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону жана ага олуттуу түрдө киришип, проблеманы четтеп өтүүнү кааласа да, ал муну баштоодон мурда ийгиликсиздикке учурайт. Себеби, ал Трамп, күйө баласы жана администрациясы менен бирге аракет кылса да ийгиликсиздикке учураганын көрдү. Бирок, бул пайдасыз жана курамында эч нерсеси жок, курулай сүйлөшүүлөр болду. Себеби, яхудий вужуду Батыш Жээк үстүндө эч кандай сүйлөшүүнү каалабайт. Яхудийлер арасында Жээк маселесинде биртке болсо да жан бере турган бир да күч жок. Себеби, ал жер яхудийлер үчүн «стратегиялык чекит» болуп саналат. Яхудийлер бул сүйлөшүүлөрдөн Батыш Жээкте дагы да кеңейүүдө, турак-жай пункттарын курууда жана ал жердеги окуяларды көзөмөлдөөдө пайдаланышат. Байден шайлоолордон маселени олуттуу козгоодо пайдаланабы же олуттуу кадам таштабайбы, кандайдыр бир чечимди тыгыштыруу үчүн сүйлөшүүлөр оюнунун алкагында иштин бир бөлүгүн башкарып турууда пайланабы, айырмасыз, бул иштердин баары Фалестин калкы үчүн жамандык болуп, бир да жакшылык алып келбейт.

Яхудий вужуду бул шайлоолорго кандай карайт, аларга тоскоолдук кылууга урунуп жатабы?

Шайлоолордун саясий абалы мындай: ал яхудий вужудуна кызмат кылат. Себеби, бул шайлоолор Осло келишимине негизделген. Бул шайлоолордун натыйжасында жан берүүлөр дагы да көбөйөт. Себеби, анда сүйлөшүүлөр жана келишимдер чүмбөтү астында бул баскынчы вужуд үчүн жаңы-жаңы саясий манёврларга шарт жаратып берүүчү жетекчилер шайланып-тандалат. Шайлоолор яхудий вужудунун жүзүн эл аралык жактан жаап, анын чечимине каршы эместей, иштер өз ордунда бара жаткандай кылып көрсөтөт. Түпкүлүгүндө, майданда окуяларды көзөмөлдөп жаткан да, турак-жайлар курулушун дагы да кеңейтип жаткан да, жерлерди киттей жутуп жаткан да – мына ушул яхудий вужуду болуп кала берет. Ошондуктан, яхудий вужуду шайлоолор эч бир бир проблемасыз өтүшүнө чөйрө даярдашы да мүмкүн, бирок, ошол эле убакта, яхудий саясатчылары арасында Батыш Жээк менен Газа секторун бөлүүнү жана шайлоолор өткөрүлбөшүн астейдил каалап жаткан саясатчылар да далай. Ушул себептен улам – айрыкча, эгер үстүбүздөгү жылдын март айында өтө турган яхудийлердин шайлоолорунда оңчул партия жеңип чыгып, оңчул өкмөт түзүшкөндөн кийин – Фалестин шайлоолору өткөрүлүшүнө тоскоолдук кылуулары жана кудум Обама доорунда болгондой, аскерий же саясий карталарын бузуп-өзгөртүп жиберүүлөрү да мүмкүн.

Куддуси Шариф элинин шайлоолорго катышуусунун саясий чындыгы кандай? – деген суроого келсек, тигил фракциялар – яхудий вужуду каалабаса да – фалестиндиктер шайлоого катышат деп ойлошот… Бирок, андай эмес. Балким, яхудий вужуду Куддус калкынын шайлоого катышууларына жана талапкерлерди көрсөтүүлөрүнө тоскоолдук кылбаса да, бирок, шайлоо участкаларынын Куддуста ачылышына каршы чыгышууда. Себеби, муну алар Куддустун бир гана жана түбөлүк яхудийлердин борбору деген принципти бузат деп эсептешүүдө. Ал эми, шайлоо участкалары Куддуста эмес, Куфри Акраб, Азария жана башка Куддустан бөлүнгөн райондордо ачыла турган болсо, бул яхудий вужудуна таптакыр проблема туудурбайт. Тескерисинче, бул анын Куддус калкын Куддустан чыгаруу саясатына кызмат кылат жана бул вужуд мына ушуну каалап жатат. Эгер Фалестин фракциялары чынчыл болушса, болгону ушул эле маселеде болсо да чынчыл болушса, шайлоо участкаларынын Куддус сыртында ачылышына таптакыр жол беришпейт.

Корутунду:

Жергиликтүү болобу, саясий болобу, эч кандай саясий долбоор Фалестин маселесинде ийгиликке жетишпейт. Балким, бул атайын бир алкактан чыкпастан аткарылып жаткан аракет гана. Ири мамлекеттер болсо, чирип, кризистерден башы чыкпай калды. Алардын жетекчилеринде жакын арада Фалестин маселесинде бирер реалдуу стартегиялык планды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген акыл да, кайрат да, мүмкүнчүлүк да жок. Акыбетте, Фалестин маселеси дагы артка кайтууга, яхудий вужуду тарабынан кор Азаттык уюму жана ыплас режим жардамында тизгиндөөгө мажбур болуп жатат. Фалестин маселесинин бүгүнкү саясий абалы мына ушундай. Анын эртеңки аскерий абалы болсо, Уммат жана армиялар аракетке келип, Фалестинди азат кылып, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатып, бул маселени тартып алышына жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелешине байланыштуу. Мына ошондо бул мамлекет АКШнын тизгинин тартып, мусулман өлкөлөрүнө, алардын маселелерине, айрыкча, Жакынкы Чыгыш маселесине созулган колдорун кесип, бул жана башка бардык маселелерди шарият өкүмдөрү негизинде чечет, ири эл аралык маселелер менен исламий тышкы саясат алкагында мамиле кылат. Бул саясат – Исламды адилет жана изгилик рисаласы катары бүткүл дүйнөгө алып чыгуу. Ислам мамлекетине чыныгы саясатчылар курчоосундагы акимдер жетекчилик кылат. Бул саясатчылар Американын пил жана эшектерин (республиканчылар жана демократтарды) кандай колго үйрөтүүнү, Батыш түлкүлөрүнө кандай «сабак» берүүнү, орус аюуларын кандай тизгиндөөнү жана Кытайдын жырткычтыктарына кандай каршы турууну билишет. Бул саясатчылар алардын өлкөлөрүн фатх кылышып, карасанатайлыгынан калктарды куткарышат.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here