Орозодо ой толгоңуз

239
0

Орозодо ой толгоңуз

Ардактуу мусулман бир туугандар, мына арзып күткөн орозо айыңыздар да кирип келүүдө. Аллахым баарыбызга Рамазанды татыктуу тосуп, анда татыктуу амалдарды кылып, алардын ажр-соопторуна ээ болуп, татыктуу узатып алууну насип этсин.

Учурдан пайдаланып, назарыңыздарга бир нече собол таштамакчыбыз, алардын туура жообу аркылуу мубарек айдын улуу соопторуна жетишип калсаңыздар ажеп эмес.

Мына, дүйнөнүн бардык бурчундагы бүткүл Үммөт орозо тутууга шайланып турат. Ушул орунда суроо туулат: бул Үммөттүн орозосу  бир дагы, а эмнеге алардын мамлекеттери бөлөк-бөлөк? Орозосу эле эмес, Кураны, Пайгамбары, шарияты, кыбласы… бүт бардыгы бир Үммөт эмнеге ар башка бытыранды мамлекетчелерге бөлүнгөн?

Бир учурда сухурлук, бир учурда ифтарлык кылып, бир учурда таравих намазына тизилген бир тууган коңшулаш исламий өлкөлөрдүн калкы эмнеге чегара чыр-чатактарынан башы чыкпай келет?

Буюрса, Рамазан ичи Куранды хатм кыласыз. Ошондо Аллах Таала орозо тутууга эле эмес, ар бир иш-амалыбыз шарият негизинде болушуна буйругандыгына, ал шаръий өкүмдөр Исламдын ибадат, башкаруу, саясат, экономика, таалим, ижтима, жаза-чара түзүмдөрүндө камтылганына, аларга канчалык амал кылынып жатканына көңүл бурасызбы?

Дүйнөдө колдонулуп жаткан конституция жана мыйзамдар Курандагы өкүмдөргө тескери экендигине маани бересизби?

Орозо өкүмдөрүн Куран-Суннаттан алабыз да, а эмнеге башкаруу мыйзамдары демократиялык түзүмдөн, экономикалык мыйзамдар капиталисттик түзүмдөн алынууда?

Куран-Суннат менен жашайбыз деген бир бүтүн Умматты эмнеге король, президент же премьерлер, амир же султан деген жалган аталыштагы диктаторлор ар кандай “светтик” түзүмдөр менен бөлүп-жарып башкарып жатышат?

Империалист мамлекеттерде бир колонизатор капиталист итине миллиондоп доллар мураска калтырып жаткан чакта, качкындарга айланган мусулмандардын наар татпай ооз бекитишинин себеби эмнеде?

Сирия, Йемен, Ливия сыяктуу өлкөлөрдө адамдар эмнеге бомбалар түтүнү менен “ифтар” кылууга мажбур?

Албетте, адамдар азыртан орозо фитрге бере турган каражатын камдап башташты. Алардын өтө көпчүлүгү буудай эсеби менен фитр беришет. Негизи, алардын өздөрү фитр садакасын алууга ылайыктуу. Анткени, көпчүлүктүн жемек-ичмек, кийим-кечек, үй-жайдан турган негизги мухтаждыктары толук кандырылбайт. Мунун каршысында, бир туугандар исламий экономикалык саясат ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын кандырууну кепилдешин билишер бекен?

Зекетке кадыр мусулмандардын көпчүлүгү орозо айында зекет берип калууну эп көрүшөт, себеби, сооптору эселеп берилишинен үмүт кылышат. Албетте, мында жаныбарлар, мөмө жана эгиндер зекетинен башкасы алтын жана күмүш нисабы менен эсептелип чыгарын баары билишет. Бирок, алар Исламдагы акча түзүмү маъдан (алтын жана күмүш) түзүмү экенин, акча бирдиги динар жана дирхам экенин билер бекен? Бул маъдан түзүмү акча туруктуулугун орноторун, Ислам Мамлекети тикеленип, маъдан түзүмү колдонула турган болсо, дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан доллар түзүмү заматта кыйрап жок болорун билишер бекен?

Азыр орозо өкүмдөрүн үйрөнүп жатасыздар. Учурда ушул сыяктуу айрым исламий билимдерди – жекече абалда же медреселерде – светтик түзүмгө ылайыкташтырылып кыркылган түрүн үйрөнүп жатасыздар. Эгер Исламий Мамлекет болгондо, анын медресе-мектептеринде – физика жана химия сыяктуу илимдер; география, саясат жана экономика сыяктуу фандар менен биргеликте – исламий билимдер кыскартылып-кыркылбастан толук окутулмак. Муну билет бекенсиздер?

Билесиздерби… улай берсек бул суроонун аягы үзүлбөйт. Эгер билсеңиздер, билгениңиздерге жараша амал кылыңыздар. Анткени, билим билип коюу үчүн эмес, амал кылуу үчун алынат. Эгер билбесеңиздер, анын туура жообун табууга аракет кылышыңыздар керек. Анда билимди кимден алышыңыздар керек? Байкаңыздар, атайлап адаштыруучулар жана билбестен адаштыруучулар бар. Алар менен акыйкатты айтуучулардын арасын ажыратып алышыңыздар керек, анткени, сиздерде акыл бар…

Империалист кафирлер Исламды демократияга ылайыкташтырып, өз малайлары аркылуу бизге “дин” үйрөтүп жатат. Аны “салттуу ислам”, “мээлүүн ислам” деп аташат. Эй мусулмандар, силер диниңерди ошол кафирлерден үйрөнөсүңөрбү?

Саясатчыларыңар бийликке жетүү үчүн исламий туйгуларды кытыгылоону бир ыкма кылып алышты. Бийликке жеткенден кийин, “экстремизм” шылтоосу менен, адамдар менен даъватчылардын арасына тосук коюп башташат. Ошо динин дүйнө матасына алмаштырган сасык саясатчылардан диниңерди үйрөнүшүңөр мүмкүнбү?

Ал жетекчилериңердин кол алдында сарай уламалары бар. Алар жетекчилери эмне десе, ошого шарияттан жол таап беришет. Алар муфтият же фонд сыяктуу уюмдарга даъватты жеткириш үчүн барышкан эмес (жакшы ниетте баргандары мындан сырткары). Алар аерлерге капиталист чиновниктердей жашаш үчүн барышкан. Бирок динди бетке кармап алышкан. Бир мисал: пандемия боло электе: “Рамазан учурунан пайдаланып, фарз амалдарды көбүрөөк аткарууга үлгүрүп калалы” десек, “экстремисттер айта берет, таравихке кошуп Рамазан ичинде үч ирет хатм кылабыз” деп, адамдар көңүлүн ушул жакка бурар эле. Ал эми пандемия шылтоосу менен кафирлер жамаат намаздарына тыюу салдырышканда болсо, эң биринчилерден болуп таравихти, хатмды тарк кылуучулар мына ошолордун өздөрү болушту. Ал тургай, башкаларды тарк кылууга чакырышты. Дагы бир мисал, хижабчан кыздарыбыз мектептерде кодулоого учурап жатканында, бу “аалымдар” күрсү талашып күрпөңдөшүп жүрүштү. Демек, алардан толук Исламды үйрөтөт деп үмүттөнбөй эле коюш керек.

Жана буларды көр-сокурларча ээрчүүчү муриддер да бар. Алар түшүнүп-түшүнбөй эле “ага ээрчибе, ал адашкан, буга ээрчибе тиги сектадан” деп сайрап жүрө беришет. Муну менен түбү барып тээ колонизатор кафирге кызмат кылып калганын билбейт. Аларга төмөнкү хадис абдан дал келет: “Адамдардын жаманы – ахыретин дүйнөгө алмаштырганы, адамдардын эң жаманы – ахыретин бирөөнүн дүйнөсү үчүн курмандыкка чалганы”.

Булардан сырткары, Исламды демократиялык жол менен алып келебиз деген адамдар топтору да бар. Бул жогоруда айтып өткөн “мээлүүн исламдын” өзү. Болгону, анын айрым тарапкерлери муну чын дилден Исламга кызмат кылуу ыкмасы деп билишет. Бирок, алардын Куран-Суннаттан эч кандай далилдери жок. Алар бул моделди Түркия сыяктуу мамлекеттерден көчүрүп алышкан. Демек, алардан да чыныгы Исламды үйрөтөт деген үмүт жок.

Бирок, сиздер үмүт үзбөңүздөр. Рамазан соопторунан үмүт кылып, Хизб жигит-кыздары күндү түнгө улап, тикенектерди аралап, сиздерге даъват сунмакчы. Алар мунусу үчүн Аллахтын ажрынан гана үмүткөр. Сиздерден дүйнө талашпайт, сиздерди бирөөлөргө кул кылып бериш үчун алдашпайт. Эгер жигит-кыздарыбыз сиздерге жете албай калса, өзүңүздөр издеп табыңыздар. Анткени, нукура Исламдан таалим алуу жана ага жараша амал кылуу сиздерге да фарз, ал үчүн Аллахтын алдында жооп бересиздер. Эгер жигит-кыздарыбызды таба албай калсаңыздар, сайтыбызга кайрылыңыздар. Анда акыйдадан тартып, азыр туш келип турган ар бир проблеманын чечимине чейин таба аласыз. Демек, ойлонуңуздар, келиңиздер, Рамазан соопторуна биргеликте умтулалы!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here