БУУ өкүлү: аялдарга зомбулукту жоюуну колдоого даярбыз

259
0

БУУ өкүлү: аялдарга зомбулукту жоюуну колдоого даярбыз

Бириккен улуттар уюмунун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Омурбек Суваналиев менен талкуулашты.

Жолугушууда тараптар аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышты. Ошондой эле аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.

Жамсрандын айтымында, БУУнун аялдар түзүмү Кыргызстандагы аялдарга зомбулукту жоюу аракеттерин толук колдоого даяр экенин билдирди.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча пикирин билдирип, кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону үчүн сындаган. Натыйжада, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ички иштер органындагы 44 кызматкер жазага тартылды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери жалпы “Адам уурдоо” беренеси боюнча 89 факты катталган. Анын ичинен 15 адамдын иши өндүрүштө, калган 74 иш кыскартылган. Мындан тышкары 1-январдан бери “Мажбурлап никеге тургузуу” беренеси менен 59 факты катталса, анын 51и кыскартылган.

Белгилүү болгондой, адам укуктары АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин өз кызыкчылыгына кызмат кылдырмакчы болуп жаткан алсыз мамлекеттерге басым өткөрүү куралы болуп эсептелет. Алар бул ураандар шылтоосу менен сакофатын жайып, таасир чегин кенейтууну коздойт.

Түпкүлүгүндө, мындай бузукулук жана кылмыштар демократия тануулап жаткан жеке эркиндиктен келип чыгат. Батыш бизге уйротуп жаткан аялдарга карата зомбулукту азайтуу проблемасынан озу арыла албай келет. Тескерисинче, жыл санап осуп жатат. Анткени, демократия дүйнө карашына ылайык, аял бул – “колдонулушу, ырахат алынышы керек болгон мата”. Ошондуктан, “эркиндик”, “тең-укуктуулук” беткабы астында аялдарды чечинтүүгө, аларды көчөлөргө алып чыгууга аракет кылат. Мунун натыйжасында коомдо зынакорлук, сойкулук, күйөөлөрүн же аялдарын ойлонбостон алмаштырып кетүү сыяктуу бузукулуктар кең жайылат.
Мындан белгилүү болгондой, демократиядагы керт баш эркиндигинен улам бир катар көйгөйлөр келип чыгып адамзаттын насилин коркунучка салууда. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам  деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.

Мунун каршысында Ислам дүйнө карашы аял бул – “корголушу керек болгон ар-намыс” деп эсептейт. Ошондуктан, андагы өкүм-мыйзамдардын баары аялды коргоого багытталат. А түгүл, сапарда анын намысына шек келбеши үчүн махрамы жанында жүрүшүн шарт кылат. Ошондой эле коомдогу терс көрүнүштөргө себеп болбошу үчүн ага денесин жаап жүрүүнү парз кылат. Үй-бүлө ырыскысын таап келүүнү аялга эмес эркекке милдет кылат. Аны камкордугуна алууну нике ырасымында эле жолдошуна тапшырат. Эгер бул өкүмгө суздук кылса эркекке шарий өкүм эскертилет. Натыйжада, бүгүнкү күндө күбө болуп жаткан үй-бүлөлүк, ижтимаий көйгөйлөрдүн баары түп-тамырынан чечилет.

Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here