Өзбекстан акыркы 10 жылда 687 тонна алтын саткан

282
0

Өзбекстан акыркы 10 жылда 687 тонна алтын саткан

Өзбекстандын Борбордук банкы акыркы 10 жылдын ичинде сатылган монетардык эмес алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылышынча, 2020-жылы чет өлкөгө 100 тонна алтын сатылган. Акыркы 10 жылдыкта сатылган эң аз алтын 2012-жылга туура келет – 10 тонна, эң көбү болсо 2019-жылы сатылган – 110 тонна.

О.э. 2010-жылы 60 тонна, 2011-жылы 70 тонна, 2013-жылы 37 тонна, 2014-жылы 30 тонна, 2015-жылы 50 тонна, 2016-жылы 70 тонна, 2017-жылы 80 тонна, 2018-жылы болсо 70 тонна монетардык эмес алтын чет өлкөгө экспорт кылынган.

Бул доордо баа да сезиле турган көрүнүштө өзгөргөн. 2010-жылы бир унция алтындын баасы дүйнөлүк базарда 1226,7 доллар турган болсо, 2015-жылы 1159,8 долларга жеткен. Бул акыркы 10 жылдыктагы баалуу металлдын эң төмөнкү баасы болуп эсептелет. Өз кезегинде, 2020-жылы алтындын баасы кескин көтөрүлүп, бир унция алтын 1771 долларга чыккан. Салыштыруу үчүн айта кетсек, бул көрсөткүч 2019-жылы 1393,7 доллар болгон.

2020-жылы август айынын башында алтындын баасы тарыхта алгачкы жолу бир унция үчүн 2000 доллардан ашып, рекорддук деңгээлге – 2067 долларга чыккан.

Маалымат үчүн айта кетсек, сатылып жаткан алтындын көлөмү боюнча маалыматтар акыркы 10 жылдан бери алгачкы жолу жарыя кылынды. Буга чейин мамлекеттик статистика комитети алтын сатууга тиешелүү маалыматтарды акча көрүнүшүндө кабарлап келген. 2020-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча республиканын тышкы соодасындагы экспорттун 38,3 пайызын (5 миллиард 804 миллион доллар) алтын түзгөн. 2019-жылы алтын экспорту 4 миллиард 918 миллион доллар болгону айтылган.

 Комментарий: Бүгүнкү күндө үстүбүздө өкүм жүргүзүп жаткан капиталисттик түзүмдө бардык байлыктар бир ууч капиталисттер, чиновниктер жана алардын жакындарынын жыргалчылыгы үчүн жумшалууда. Өзбекстан өкмөтү да жыл сайын ондогон тонна алтын, миллиарддаган кубометр газ, нефть, уран, пахта жана башка жалпы элдик мүлктөрдү сатып жатканы менен, калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашап келет. Жетекчилери болсо өздөрү жана балдары жыргап дем алышы үчүн миллиарддаган доллар жумшап “Шаввазсай” сыяктуу дем алуучу жайларды куруу, элдин мүлкүнөн түшкөн кирешелерди чет өлкөлүк банктарга жайгаштыруу о.э. чет өлкөдөн миллиондогон доллардык хансарайларды сатып алууга жумшап келишет. Ошол себептен да Өзбекстандын карызы жыл сайын, ал тургай ай сайын өсүп жатат. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын тышкы карызы дээрлик 34 миллиард долларга жетти. Өзбек чиновниктери акчасын батыра албай жаткан бир убакта, миллиондогон карапайым жарандар оокатын өткөрүү үчүн чет өлкөлөрдө оор жумуштарда иштеп жүрөт…

Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам:

المسلمون شركاء في ثلاث،في الماء، والكلإ، والنار

“Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, отто,чөптө”,- деген. (Ахмад, Абу Довуд жана Ибн Мажа риваяты).

 Ушул хадиске ылайык деңиз, көл, дарыя, жайлоо, жер алдындагы жана жер бетиндеги кен байлыктар жалпы элдик мүлк болуп, ага мамлекеттин да, жеке адамдын да ээлик кылууга акысы жок. Кендерден алынып жаткан бардык байлыктар мусулмандардын мүлкү болуп эсептелет. Алар же ар бир мусулманга бөлүштүрүлөт, же мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн жумшалат. Кандай жол менен сарптоо халифанын раъйына сунушталат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here