Вирус шылтоосу менен исламий баалуулуктарды чектөө эпкини

316
0

Вирус шылтоосу менен исламий баалуулуктарды чектөө эпкини

Былтыр Кытайдан бүткүл дүйнөгө коронавирус жайылды. Аллахтын бул сыноосу жергебизге да келип, мамлекет ага каршы күрөшүү чараларын көрдү. Колониалдык саясаттан улам, акимдер вируска каршы күрөшүүдө өз алдынча чечимге ээ болбостон, жалаң гана Батыш колонизаторлорунун көрсөтмөлөрүн аткарышты. Албетте, анын алкагында Исламга каршы күрөшүү аракеттери да камтылды. А түгүл, колонизаторлорго малайлык ушундай бир деңгээлге жетип, акимдерибиз исламий баалуулуктарга кол салууга батынышты. Маселен, жамаат намаздарына жана ифтарларга тыюу салышты. Адатка айлангандай, бул жаатта акимдерибиз оболу Батыш көрсөтмөлөрүн кабыл алышты да, андан кийин бул аракеттерине шаръий түс бериш үчүн, сарай уламаларын ишке салышты.

Негизи, карантин колонизаторлордун колониалдык саясатына кызмат кылуусунан сырткары, жергиликтүү бийликтин да саясий куралына айланды. Арийне, бийлик өз кызыкчылыгындагы саясатын ишке ашыруу үчүн, каршылаштарын бастырууда вирусту шылтоолоп карантин киргизип же аны токтотуп келет. Маселен, 2020-жылы жазында бийлик элдин толкундап кетүүсүнөн кооптонуп, карантин киргизди, а бирок ал кезде вирустун жугуу абалдары аз болчу. Ал эми, парламенттик шайлоо кампаниясы алдында болсо, ар кандай чектөөлөр жокко чыгарылып, эч бир этият чаралары сакталбастан, шайлоо өткөрүлдү. Бул иш-чараларда адамдар массалык түрдө башаламан аралашып жүрдү. Бирок, ошондой болсо да, статистикада вирустун жугуу учурлары атайын дайындалган көрсөткүчтөр менен берилди. Ушул сыяктуу эле, быйылкы президенттик шайлоо жана референдум да ушундай көрүнүштө өттү. Ал эми, 21-мартта Бишкекте «Нооруз»га карата массалык иш-чараларга тыюу салынды, себеби, Бишкекте жаңы конституцияга каршы маанай күчтүү. Бирок, ушул эле учурда, 21-мартта Ош шаарында массалык иш-чараларга тыюу салынбастан, майрам өткөрүлдү. Анткени, ал жерде жаңы конституцияга каршы маанай жокко эсе. Ушундан улам, Ошто вирустун жугуу абалдары атайын азайтылып көрсөтүлүп, кээде нөлдү көрсөтүп турду.

Эми азыркы учурда бийлик толук карантин болбосо да, ар кандай чектөөлөрдү киргизүү ниетин каңкуулап жатат. Бул да 11-апрелдеги конституциялык референдумга жана андан кийинки күтүлгөн ыхтымалдарга байланыштуу болууда. О.э. бул аракеттерде Исламий баалуулуктарга каршы күрөшүү аракеттери да камтылуу коркунучу туулууда. Бийлик 11-апрелдеги референдум тоскоолдуктарга учурашын жана андан кийин да ар кандай каршылыктарга учуроосун каалабайт, ошондуктан чектөөлөр киргизүү ниетин билдирүүдө. Мындан улам, эгер чектөөлөр киргизилсе, мубарек Рамазан айындагы жамаат намаздарына тыюу салынып калышы мүмкүн. А негизи болсо, шарият боюнча, адамдар мечиттерден тосулушу жана алардын жамаат намаздарына тыюу салынышы мүмкүн эмес. Аллах Таала мындан эскертип, Бакара сүрөсүнүн 114-аятында айтат:

﴿وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن مَّنَعَ مَسَاجِدَ اللَّـهِ أَن يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَى فِي خَرَابِهَا﴾

«Аллахтын мечиттеринен, Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскон жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залимирээк ким бар?»

Эгер мамлекет мындай кылса, оор күнөөкөр болот. Түпкүлүгүндө, вирус тараган учурда, шарият боюнча оорусу анык болгон адамдар андай жерлерге баруудан тыйылып, дарылануусу керек. Ал эми ооруусу анык болбогон, дени сак адамдар жамаат намаздарынан тыйылбайт, алар намаздарга барууну улантып, Аллахтан шыфаа тилеп, жакшы ниеттеги дуаларды кылышат. (Бул жааттагы шаръий өкүмдөр менен таанышмакчы болсоңуздар, сайтыбыздагы «Коронавирус илдети жөнүндөгү суроо-жооп боюнча келген суроолорго жооптор», «Коронавирустун кесепети», «Аралык сактап намаз окуу бидъат болуп, күнөөсү өкүмдарларга түшөбү» макалаларына кайрылсаңыздар болот).

Ушулардан улам, биз бийлик ээлерине насихат кылабыз.

Эй бийлик ээлери! “Карантин” шылтоосу менен Ислам жана мусулмандарга кыянаттык кылбагыла. “Бийлик колдун кири”, ал эми Ахыретте болсо, Аллахтын алдында эсеп берүү бар. Динине кыянат кылган өтмүшдөштөрүңөрдүн абалынан ибрат алгыла: алар бул дүйнө кордугуна кириптер болушту, Ахыреттеги азаптары болсо мындан да катуу. О.э. бул орунда бийликтин кыянаттарын «кооздоп» жаткан сарай уламаларына да эскерте кетүү маанилүү. Себеби, силер жамаат намаздарына тыюу салынышына «шарияттан жол таап» бердиңер. Ошол эле учурда, бийлик шайлоо кампанияларын өткөрүп, эч кандай этият чаралары сакталбады, силер болсо буга сукут сактадыңар же аны колдоп чыктыңар. Эми эсиңерге келгиле, пайгамбарлардын мураскорлору болууну абзел көргүлө. Бул үчүн хак тарапта туруу, хакты айтуу зарыл, ошондо Пайгамбарыбыз алайхис-салам айткан ушул сыфаттарга татыктуу болосуңар: «Уламалар – пайгамбарлардын мураскорлору».

Аллах Таала айтат:

﴿وَلاَ تَلْبِسُوا الْحَقَّ بِالْبَاطِلِ وَتَكْتُمُوا الْحَقَّ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

 «Чындыкты жалганга аралаштырбагыла жана билип туруп чындыкты жашырбагыла» [2:42]

Эй мусулмандар, биз шарияттын аткарылышы жаатында Аллах алдында жоопкербиз. Ошондуктан ар бирибиз бул шаръий амалдардын аткарылышын талап кылалы. Рамазанда таравих намаздарын аткарып, ифтарларды өткөрүп, динибизге, Умматыбызга дуа кылуу ниъматына жетишели!

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here