КАЛКТЫ КАРЖАЛТКАН ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАНА КЫМБАТЧЫЛЫК

382
0

Калкты каржалткан жакырчылык жана кымбатчылык

2020-2021-жылдар дүйнө эли үчүн, анын катарында өлкөбүз үчүн оор жылдардан болууда. Карантин, жумушсуздук, мамлекеттер ортосунда байланыштардын токтотулушу ансыз да кыйын абалда турган экономикабызды кризис абалга кептеди. Бул кризистин акыбеттери тууралуу ар кандай божомолдор айтыла баштады. Мисалы, Дүйнөлүк Банк 2021-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 35 пайызга жетерин жоромолдоду, тагырак айтканда Кыргызстандын дээрлик үчтөн бири жакырчылыкка батары күтүлүүдө. Ошондой эле, Дүйнөлүк Банк 2020-жылы экономикабыз 8,6 пайызга, ал эми сомдун долларга карата курсу 19 пайызга төмөндөгөнүн билдирди. Бул жагдайлар азык-түлүк бааларынын жогорулашына шарт жаратып, айрым товарлар 50 пайыздан ашык кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өсүмдүктүн майы 54,6%, картөшкө 46,3%жумуртка 35,4%, эт 27,5%, ун 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, кумшекер, тооктун эти, суусундуктардын баалары да жогорулаган. Ал эми күйүүчү майдын баалары уламдан-улам кымбаттап, жай мезгилине барып бензиндин баасы 60 сомго чейин жетери айтылууда. Бул да өз кезегинде азык-түлүк бааларынын кымбатташына таасир кылат.

Жакырчылыктын дүйнөлүк деңгээлин алып карасак, пандемия башталган учурда жакырчылыктын чегинде жашаган миллиарддаган адамдар кирешеден кур жалак калышкан, алардын кризистен чыгуусуна үмүт жок. Ошондой эле, жумушунда иштеп жаткан калктын кирешеси 40%га төмөндөгөн. Ал эми, бул көрсөткүчтөргө карама-каршы түрдө байлардын кирешелери тескерисинче көбөйүүдө. 2020-жылдын март айынан тарта дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан, дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча агенттигинин эсеби боюнча, дүйнөдөгү эң бай саналган бир пайыз байлар андан ары байымакчы.

Мындай жагдайдын жаралышына бирден-бир гана себеп – учурда колдонулуп жаткан капитализм системасы. Эл аралык, регионалдык мыйзамдар менен бекитилген (бекемделген) бул система байлардын дагы да байышына, жакырлардын дагы да жакырланышына жол ачат. Себеби, бул система башка эркиндиктер менен кошо мүлк эркиндигин камтыйт, башкача айтканда, каалаган адам каалагандай мүлккө ээ болууга укуктуу. Мындай шартта жер планетасынын 90% ресурсуна ээлик кылып жаткан 10% пайыз байлар каалашынча байып, калган 90% калк алардын кирешелерин көбөйтүү жолунда эксплуатация кылынууда, алардын ишканасына, компаниясына жалданып өлбөстүн күнүн көрүүгө мажбур.

Бул пандемия Аллахтын сыноосу болуп, анын хикматы бар. Себеби мурун кандайдыр бир деңгээлде капиталисттер элди уктатып, капитализмдин бул зулумун жашырып келишкен болсо, азыркы пандемия учурунда капитализмдин чыныгы жүзү эч бир пардасыз ачык көрүндү. Дүйнө байлыгын ээлеп алган байлар ушундай оор кырдаалда да – а түгүл, адамдар ачкалыктан же медициналык кызмат көрсөтүүгө жетпестен өлүп жатса да – өзүлөрүн бизнестердин өркүндөтүп, үлкөн-үлкөн кирешелерге жетүү менен алек болуп жатканын эл көрдү. Бул капитализм системасы – аты айтып тургандай капиталисттердин (байлардын) системасы. Алар мындай кирешелүү системанын кулашына караманча каршы. Демек капитализм жоюлмайын, ресурстардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү токтобойт, тескерисинче күчөйт. Жогорудагы божомолдордон көрүнүп тургандай, бир ууч байлар абдан байып, ал эми катардагы калың элдин жакырчылыгы күчөгөн бойдон кала берет.

Аллахтын бул хикматынан ибрат алып, Исламга, ресурстардын жеке тарапка берилишине тыюу салган Ислам экономикасына, элдин бакубат жашоосун жана коопсуздугун камсыздаган Ислам системасына жүздөнүүнүн учуру келбедиби?!

Аллах Таала Таха сүрөсүнүнүн 123-124-аяттарында айтат:

«Эгер, силерге Мен тараптан хидаят келип, ким хидаятымды ээрчисе, ал адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда, ага машакаты оор турмушту берерим шексиз»

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here