Эй мусулмандар, Халифалык – фарздардын таажысы жана күч-кубатыңардын булагы!

336
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй мусулмандар, Халифалык фарздардын таажысы жана күч-кубатыңардын булагы!

Демек, Халифалыкты тикелегиле, балким Аллах силерге ырайым кылаар!

Халифалыктын кулатылганын эскерүү о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайра тикелөөгө даъват кылуу кампаниясынын алкагында Хизб-ут-Тахрир–Борбордук маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Акыркы 100 жыл бир тараптан караңгы жана кайгылуу болгон болсо, башка тараптан үмүт тартуулаган нурлуу жана жакшылык жарчысы болду. Караңгы жана кайгылуу жагына келсек, бул – Ислам башкаруусунун бекер кылынышы о.э. Халифалык жок болгондуктан Уммат материалдык жана моралдык кырсыктарды башынан өткөргөнү. Нурлуу, жакшылык жарчысы тарабына келсек, кафир Батыш Исламдын жашоого кайтышына тоскоолдук кылуу үчүн Ислам жана мусулмандарга каршы болгон күчү менен аракет кылганына, бул жолдо түрдүү айла-амалдарын ишке салганына карабастан, Аллах аларды шерменде кылды. Себеби, даъватты дүйнөгө көтөрүп чыккан кишилер жүрөгү кара Ислам душмандарына жана залимдерге караганда кайраттуу болду».

Билдирүүдө дагы айтылат:

«Мына, бүгүн көз алдыбызда жалындуу жана ишенимдүү жаштарды жамдаган Уммат турат. Уммат анын дини хак экенин айтып, биригүү жолун издөөдө. Уммат өлкөлөрдү фатх кылышы жана хазаратын жайышы үчүн Аллах Таала ага күч-кубатын кайра беришине кубанууда. Колонизатор кафир Батышка келсек, ал кыйроого учурай баштады. Мына, Аллах Таала коронавирусту жиберип, аны менен Батыш цивилизациясына жана экономикасына аларга суктангандардын, ээрчигендердин көз алдында сокку берди».

Билдирүүдө ушулар баса белгиленди:

«Акыркы 100 жыл биз бир кылымдан бери исламий башкаруусуз жашаганыбызды түшүндүрөт. Ушул себептен улам, азыркы муун өткөн кылымдардагы Аллахтын буйругуна итаатсыздык кылышканы үчүн Куръани Каримде жемеленген кимселерге окшоп калышынан кооптонуп жатабыз. Уммат Ислам терисин жамынган башкарууларды да, ыплас илманийлик башкаруусунун бардык көрүнүштөрүн да сынап көрдү. Бирок, саййидибиз Мухаммад мустафа ﷺ алып келген жана сахабалар кемчиликсиз жана ашырып жибербестен колдонгон пакиза Ислам башкаруусун сынап көргөн жок. Мына ушулардан келип чыгып, биз Ислам Умматын о.э. Умматтын ичиндеги бардык коомдорду, адамдарды, күчтөрдү, активдүү жана көрүнүктүү инсандарды, күч-кубат жана нусрат ээлерин, баарын пайгамбардык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз».

 Роя гезити, №329, 2021-жыл, 10-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here