Кыргызстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр кириши мүмкүн
Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, карантин боюнча чечимдер коронавирустун жайылышына жараша кабыл алынат. Пандемия бүткөн жок. Карантин чараларын киргизүү, чектөөлөрдү баштоо сыяктуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша каралат. Калктын саламаттыгы үчүн кооптуу абал түзүлсө, убактылуу чектөөлөр болушу мүмкүн. Азыр да чектөөлөр менен жашап жатабыз. Маселен, мектептерде окуучулардын бир топ бөлүгү аралыктан окууда.
Ал арада Кыргызстан британиялык “AstraZeneca” компаниясынын вакцинасын алууну убактылуу токтотту. Буга чейин Кыргызстан дүйнөлүк вакцинация боюнча COVAX программасына кирген. Март айында бул вакцина алып келинип, эмдөө башталмак. Ал эми 19-мартта Кытайдан 150 миң доза вакцина келери күтүлүп жатат. Орусиянын “Спутник” вакцинасы да жакынкы күндөрү келмекчи.
Белгилүү болгондой, өткөн жылы да шайлоо астында бийликтин кызыкчылыгына ылайык пандемиялык коркунучтар көбүртүлүп көрсөтүлгөн. А түгүл, расмий аткаминерлер пандемиянын 2-толкуну боюнча сөз таркаткан.
Учурда болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен катар эмдөө жараяны башталганы турат. Мында бийлик өз кожоюндарын ыраазы кылуу менен алардын вакцинасын калкка эксперименттен өткөрүп бермекчи. Муну менен эл аралык майданда орус жана кытай вакциналарынын аброюн көтөрүү да максат кылынат. Ушул иштер болуп жаткан чакта Улуу Британия баш болгон өлкөлөрдө коронавирустун мутацияланган жаңы жугуштуу түрү аныкталды. Башка түрлөрү Түштүк Африка Республикасында пайда болгону маалым болду. Мутацияланган вирустар каршысында вакциналар таасирин жоготушу да толук мүмкүн.
Ал эми ички саясатта жергиликтүү кеңешке өтпөй калган оппозициялык партиялардын нааразылыгын пандемия шылтоосу менен бастыруу максат кылынат.
Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан акча иштеп калуунун үстүндө баш катырууда. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Бийлик болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат. Ошол эле учурда калкты манипуляция кылуу менен пандемия коркунучун өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууда.
Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана бүткүл адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!
Мумтаз Маверанахрий