Судандагы «Боордоштук толеранттуулук» форуму – яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруунун ыплас жемиши!

194
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судандагы «Боордоштук толеранттуулук» форуму яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруунун ыплас жемиши!

Хартумда Куддустан келген раввиндердин жана судандык яхудийлердин катышуусунда «Боордоштук толеранттуулук» деп аталган диний форум болуп өттү. Форумга Норвегия элчиси менен Иордания элчиси о.э. Судандагы индус коомчулугунун мүчөлөрүнөн болгон ишкерлер жана өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү катышты. Форумда Норвегия элчиси, Судан өткөөл өкмөт кеңешинин мүчөсү Ража Никола Абдулмасих (кибтия) сөз сүйлөдү. Яхудий вужудунан раввин Дэвид Розон менен пастор Ингборг Мейдтумдун сөзүндө негизги этибар диндер ортосундагы диалогго каратылды. О.э. Фикхул Ислам академиясынын мурунку төрагасы Абдурахман Хасан Хамид жана пастор Фалу Савс Фараг сөз сүйлөштү.

Бул форум тууралуу Хизб-ут-Тахрир мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмү мындай түшүндүрмө берди: «Судан режими, анын өкмөтү жана аскерий кеңеши бул форумду ыплас ниетте адаштыруучу жалган ураандар менен ороп-жашырган болсо да, алардын максаты (яхудийлер менен) нормалдаштырууну Судан калкына тыгыштырып, түрдүү иш-чаралар жана аракеттер аркылуу аны табигый абалга келтирүү болсо да, ал Судан режими менен яхудий вужуду ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруунун ыплас жемиши болуп эсептелет».

Бул жолугушуу нормалдаштырууну биринчилерден болуп ишке ашырган Иордания жана башка мамлекеттердин элчилери менен Судандын өткөөл өкмөтү кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда уюштурулушу о.э. форумда яхудий вужудунан келген раввиндин сөз сүйлөшү ушуну көрсөтүүдө – мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну региондогу амалий саясатка жана аракетке айлантууда о.э. алар аны түрдүү каражаттар жана ыкмалар менен ишке ашырууда бири-бирине шерик.

Ошондуктан, Судан калкы мындай олуттуу аракет менен алып барылып жаткан кыянаттарга каршы туруп, өлкөдөгү саткын режимди кулатууга о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылуусу керек. Рошид Халифалык мамлекети Фалестинди азат кылуу жана яхудий вужудун түп-тамыры менен кулатуу үчүн Судан армиясын аракетке келтирет.

 

Роя гезити, №326, 2021-жыл, 17-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here