Халифалык кыял эмес! Аллахтын убадасы!

282
0

Халифалык кыял эмес! Аллахтын убадасы!

Акыркы учурда Кыргызстанда жана бир катар мусулман өлкөлөрүндө Батыш таңуулаган “Халифалык – бул утопия, кыял” деген пикирлер кайталана баштады. Төмөндө бул пикирлердин каталыгын жана Батыш тарабынан үммөттү уктатуу үчүн тыгыштырылганын ачыктайбыз.

Халифалык Аллах Тааланын салих амалдар ээси момундарга убада кылган нээматы. Бул нээматка жетүү ыйман жана салих амалдан кийин болот. Аллахка ыйман келтирүү Анын убадасына ишенүүнү да талап кылат. Анткени Аллах Таала салих кулдарына жер жүзүнүн халифалыгын убада кылууда.

“Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа кылганындай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды (көргөн) кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. [24:55]”

Аятта Аллах Тааланын жер жүзүндө мусулмандарга Халифалыкты убада кылуусу эки нерсени шарт кылууда. Биринчиси, ыйман, экинчиси салих амал. Ыйман жана салих амал дегени Аллахтын барлыгын, мыйзамын кабыл кылуу жана ага ылайык амал кылуу. Мына ушуларды кылгандар жер жүзүнүн халифасы болушат. Анткени, халифалыктын келиши менен кулга кулдук кылуу аяктап, Аллахка кулдук кылуу башталат. Халифалык инсанияттын коопсуздугун камсыздап, тукумун улоого өзүнүн адилеттүүлүгү менен шарт жаратат.

         Мусулмандар үчүн Халифалыктын тикеленишине ишенбөө бул жакта турсун, ага күмөн саноо Пайгамбарыбыз с.а.в.дын пайгамгамбарлыгына күмөн саноо сыяктуу. Азирети Хузайфа р.а. риваят кылат. Расулуллах с.а.в. айтты:

«Силердин араңарда Алла каалаганча пайгамбарлык болот. Кийин Алла каалаган убакта аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин залим падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча турат. Кийин Алла өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Кийин Пайгамбар с.а.в сүкүт сактады. (Имам Ахмад муснады  4/273)

Бул хадистин ровийлери ишеничтүү экенин Хафиз аль-Хайсамий, ибн Баззар, Табаронийлер айтып өтүшкөн. Хадисте Ислам үммөтү башынан өткөрө турган тарых барактары кабарланууда. Бул хадисте айтылган мезгилдерди төмөнкүдөй катарга жайгаштырсак болот:

  1. Пайгамбарлык мезгили 23 жыл созулган.
  2. Рошид халифалар доору30 жыл созулган.
  3. Айрым падышалыкка окшоп кеткен башкаруулар азирети Муавиядан баштап (661-жыл) Усманий мамлекеттин акырына чейинки доордо (1924-жыл) болгон.
  4. Жабыр көрсөтүүчү зулумдук доору Усманий мамлекеттин кулашынан кийин пайда болгон мамлекетчелер. Бул доор жар жакасына келип калды жана жакында кулашы талашсыз.
  5. Рошид халифалыктын кайрадан башталуу мезгили. Бул инсандар кайрадан динге жүздөнүп, динсиздик чөгүп, илим жана туура жолдун ачылган мезгили. Хадистеги төрт мезгилдин өтүшү бешинчинин келишин да кепилдейт. Анткени, Халифалык Мухаммад с.а.в.дын куш кабары. Аны Аллах Таала вахий аркылуу убада кылган жана Пайгамбарыбыз с.а.в. кабарын жеткирген.

Жер жүзүнүн мураскерлери жамандык эмес, жакшылык жаюучу болууга тийиш. Ошондуктан, Аллахтын салих кулдары гана мураскер боло алышат. Аллах Таала Курани Каримде айтат: “…Бул жер, албетте, Аллага таандык. Аны өзү каалаган пенделерге мурас кылып берет. Акыбет-натыйжа болсо такыбаалардыкы (Алладан корккондордуку) болот”(Aраф сүрөсү / 128)

Бул аяттын үстүндө ой жүгүрткөнүбүздө бир тарапта жер жүзүн башкарып жаткан колонизаторлор, экинчи тарапта бир ууч жерин коргой албаган мусулман өлкөлөр көз алдыбызга тартылат. Түпкүлүгүндө, Аллахка ишенүү анын динине бекем жабышууну, кайраттуулукту да түшүндүрөт. Тактап айтканда, кайраттуу адам максаттардын эң улуусу болгон Аллахтын ыраазылыгы үчүн, Анын өкүмдөрүнө ылайык жашоого, башка адамдардын да бул бакубат дин менен жашоосун камсыздоо үчүн аракет кылат. Мына ушул ыйман момундарга бардык каршылыктарды жеңе ала турган кайратты берет.

         Азыр Аллах бардык ишти кылууга кадыр Затпы деген суроо берилсе, бардык мусулмандар ооба деп жооп берет. А түгүл, учурда Халифалык утопия, Америка, Кытай, Орусия каршысында мындай мамлекетти тикелөө мүмкүн эмес деп жаткан мусулмандар да эч экиленбестен “ооба” деп жооп бериши талашсыз. Демек, Аллахтын кадыр экенине ишенүү башка, ишенген нерсенин үстүндө амал кылуу таптакыр башка!

         Аллах Таала Куранда Өзүнүн кудуретин баяндап, бир нерсени жаратуусу же ишке ашыруусу көз ирмемчелик убакыттан да тез экенин билдирди. Ооба, Америка саясий, экономикалык, аскерий жактан күчтүү болушу мүмкүн, мусулмандар чачыранды алсыз абалда болушу мүмкүн. Бирок, Аллахтын кудурети астында алар эч бир нерсеге арзыбайт! Анткени, Ал Заттын бир нерсени ишке ашуусуна “бол” деген буйругу гана жетиштүү. Демек, Аллах Таала Халифалыкты каалаган учурда Америка түгүл бардык колонизаторлор, алардын малай акимдери кошулса да ага тоскоолдук кыла алышпайт! Аллах Таала көзгө көрүнбөгөн бир вирус аркылуу бүткүл дүйнө канчалык алсыз экенин көрсөтпөдүбү?

         Биз вакыйдан таасирленген абалда пикир билдирсек, ооба колонизаторлор күчтүү жана мусулмандар алсыз көрүнүүдө. Бирок, Аллах Таала эч ким күтпөгөн жерден жардам берээрин убада кылган. Бану Надир уруусу мусулмандарга саткындык кылган окуя эсиңиздеби? Мусулмандар Надир уруусунун бийик-бийик чептерин курчоого алганда айрым сахабалар бул чептерден надир уулдарын эч качан чыгара албайбыз деп ойлошкон эле. Ал эми надир уулдары өздөрүнүн чеби Аллахтан дагы коргой алат деп ойлошту. Аллах алар күтпөгөн жерден сокку урду жана жүрөктөрүнө коркуу оорусун салды. Аларды өздөрүнүн колдору жана момундардын колдору менен жер менен жексен кылды. Аллах Таала бул окуяны Курани Каримде да баяндап, аятты “… эй акыл ээлери ибрат алгыла” деп аяктады. Ушундай болгон соң, келгиле, өзүбүзгө жүктөлгөн ишти аткаралы! Тактап айтканда, Аллахтын баардык ишке кадыр экенине ишенебиз жана ага ылайык иш кылабыз! Бул ишти кылууга убадасын эң көркөм түстө ишке ашыруучу Аллахтын убадасы жетпейби? Албетте жетиштүү! Сөзүбүздү Пайгамбарыбыз с.а.в.дын кушкабары орундалган бир хадис менен жыйынтыктайбыз.

Адий бин Хатим р.а. айтат: “Бир күнү Алланын элчисинин алдына бир адам ачкалыктан арыз-муңун айтып-айтып жөнөп кетти (ал жей турган нанын араң табаар эле). Андан соң экинчи адам келип, Мадина менен Меккенин ортосунда жайгашкан “Тай” уруусунун анын малдарын тоноп жатканын айтып арызданып-арызданып кетти. Андан соң, Алланын элчиси мага карап: “Эй Адий Хираны билесиңби?” деп сурады. Мен я Расулулла, уккам, бирок көргөн эмесмин. Ирактагы бир жердин аты дедим. Ошондо Расулулла айтты: “Валлахи! Аллах өмүр берсе, сен Хирадан бир жолоочу сак-саламат Аллахтын үйүн тооп кылып, кайрадан башына эч бир иш түшпөй айылына бараарын көрөсүң! Эй Адий! Күн келет, Кисро менен Кайсардын мал-мүлкү Исламдыкы болот! Бир күн болот, эшикме-эшик чуркап такылдатасыңар, бирок бир дагы зекетке муктаж адам таппайсыңар!”. Адий айтат, “адамдар нанга жетпей атса, Тай уруусу кербендерди тоноп атса, ушул күндөр да келеби деп суроого батына албадым”. Ал риваятты улап, “бир күнү Алланын үйүндө отурган элем. Бир улоо минген мусулмандан каяктан келдиң деп сурадым, башыма эч бир иш түшпөстөн Хирадан келе жатам деп жооп берди. Мен, валлахи Пайгамбарыбыздын биринчи кушкабарын көрдүм. Валлахи Кисро менен Кайсардын казынасы Исламдыкы болгонун да көрдүм. Эшиктерди каккылап, зекет бере турган үй таппай турган күндү көрөмбү билбейм, мен көрбөсөм силер көрөсүңөр”, – деди. Адий р.а. бул күндү көрө албады. Бирок, көңүлүң ток болсун, эй Адий! Биз Умар ибн Абдулазиздин учурунда эшикме-эшик каккылап зекет бергенге адам таппай калган күнгө күбө болдук!

Хандак согушунун алдында курсактарына таш байлаган мусулмандарга Пайгамбарыбыз с.а.в. эмнени убада кылды билесизби? Ар бир ташты бөлүп жатып, Йемендин, Кайсардын, Кисронун казыналары Исламга келишин убада кылды! Бир дагы сахаба Мадинадан чыга албай жатып кантип болсун деп суроо узатпады. Алар бул сөздөр утопия, кыял дебеди! Анткени, Ал Зат сүйлөсө бир гана вахийди сүйлөгөн! Биз вакыйда орду болбогон убадаларды ишке ашырууга кадыр болгон Аллахка жана Анын кушкабарын жеткирген Расулуллах с.а.в.га ишенебиз жана ушул жолдо мээнет кылабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here