Халифалык кантип кулатылган

189
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалык кантип кулатылган

Аллах Субханаху ва Таала Мухаммад ﷺды Ислам рисалаты менен жибергенден бери Ислам жана куфр ортосундагы күрөш кызуу түс алып келүүдө. Бул күрөш алгач Меккеде он үч жыл пикирий күрөш катары уланган болсо да, ал өтө оор болгон. Анткени, кафирлер ушул жаңы пикирге каршы ар түрдүү услубду калтырбай колдонушту. Акыры, Мадинаи Мунавварага хижрат кылуу о.э. күч-кубат жана бийликтин туура пикир менен биригиши аркылуу пикирий жеңиш келди. Ошентип, Мадинаи Мунавварада Исламдын алгачкы саясий вужуду тикеленип, Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө алып чыгуучу күчтүү армия жүзөгө келиши менен пикирий күрөш баскычына маддий күрөш баскычы да кошулду. Күрөш пикирий да, маддий да катары алты кылым уланды. Ислам мамлекети дүйнөдө биринчи-жетекчи мамлекет болуп, согуштарда арты-артынан нусраттарга жетишти, жеңилбеди, эл аралык мамилелерде эң ири таасир ээсине айланды.

Ушул таасир жана күч хижраттын алтынчы кылымынын аягына чейин уланды. Андан кийин Ислам мамлекетинин денесине алсыздык жылжып кирди. Бул нерсе валийлер өз вилаяттарын Халифалык мамлекетинен бөлүп эгемендүү кылуусунда ачык байкалды. Бул доорго келип, халифанын айрым формасы гана калды. Мисалы, минбарлардан анын акысына дуалар кылынып турду, теңгеге анын ысымы чегилди, кээ бир вилаяттардан бир аз хираждар келип турду ж.б.у.с. Мындай күчсүз абал Европа мамлекеттери Халифалык мамлекетине каршы чабуул кылышы үчүн ыңгайлуу учур болду. Натыйжада, кресттүүлүк согуш башталып, ал жүз жылга созулду. Бул согушта мусулмандар өтө көп мусибаттарга туш болуп, эч элестетпеген-күтпөгөн кордуктарды башынан өткөрүштү. Бирок, Уммат тез арада өз жандуулугуна кайтып, кубатын топтоп алды жана өлкөлөрүнөн кресттүүлөрдү кууп чыгууга жетишишти. Ал эми, андан кийин монголдор согушуна туш болуп, Багдад кыргыны жүз берди. Анын артынан Дамаск да кулады. Бирок, Уммат кайра нусратка жетишип, монголдорду Дамасктан кууп чыгышты жана өз күч-кубатын, улуулугун кайтарып алды. Ал кайрадан Халифалык айбатын колго алып, мусулмандар пикирий жана маддий күрөштөрү менен өз рисалатын бүткүл дүйнөгө көтөрүп чыгууну башташты.

Хижраттын он экинчи кылымынын ортолорунда Европада өнөр жай төңкөрүшүнүн жүзөгө келип, бул абал астында мусулмандар кол куушуруп турушкан доордо Ислам мамлекети силкине баштады. Натыйжада, Ислам мамлекети менен куфр мамлекеттери ортосунда күчтөр тең салмактуулугу бузулуп, Ислам мамлекетинин аймагы кыскарып, бир-бирден колдон кете баштады. Акыры, европалыктар мусулмандарды жеңүү жана аларды эл аралык таасирге ээ болуусуна жол бербөөнү, ал тургай, бүтүндөй жок кылууну арзуу кылып жаңы согуштар жөнүндө ойлоно башташты. Бирок, бул биринчи кресттүүлүк согуштары сыяктуу эмес эле.

Кафир мамлекеттер Ислам мамлекетин жок кылууга келишишип, бул жолдо түрдүү услубдардан пайдаланышты. Мисалы, Европадагы Ислам мамлекетине тарапкер мамлекеттерде улутчулдук чыр-чатактарын козутуп, эгемендүүлүккө болгон талаптарды пайда кылышты. Кийин ушул пикирдин тарапкерлерин Ислам мамлекетине каршы козголоң көтөрүшү жана эгемендүүлүктү талап кылышы үчүн акча жана курал-жарак менен камсыздашты. Сербия жана Грецияларда ушундай болду. Франция Мисирди басып алгандан кийин Шам өлкөлөрүн басып алууга урунду. Бирок, жеңилүүгө учурап, Мисирден да чыгып кеттти. Британия болсо Ваххабийлер жана Сауддар үй-бүлөсү үчүн эгемендүү вужуд түзүп, мусулмандар арасында мазхабдык согуштарды чыгарууга урунду. Кийин Франция өз малайы Мухаммад Али аркылуу Ислам мамлекетине арттан бычак саюуга аракет кылды. Т.а. Мухаммад Али Халифалыктан бөлүнүп эгемендүүлүгүн жарыялап, Шамды басып алууга аракет кылды. Бирок, Шамды басып алышына эл аралык позициядагы тең салмактуулук гана тоскоолдук кылды.

А түгүл, Европа мамлекеттери Халифалык мамлекетине артынан бычак саюуга урунуп, аскерий жол менен жеңе алышпаса да, бирок, башка услубдарда ийгиликке жетишишти. Бул услуб улуттук чыр-чатактарды козутуу жана эгемендүүлүктү талап кылуу сыяктуу Сербия, Венгрия, Болгария жана Грецияларда колдонулган услуб эле. Ошондуктан, Европа мамлекеттери Ислам мамлекетинин карамагындагы бардык өлкөлөрдө ушул услубду кабыл алып, аны негизинен арабдар менен түрктөргө колдонушту. Мусулман өлкөлөрүндөгү Англия жана Франция элчиликтери адамдар арасында улутчулдук чыр-чатактарын жана Ислам мамлекетинен эгемендүү болуу талаптарын күчөтүштү. Бул иште негизги этибарды эки борборго: Стамбул менен Бейрутка каратышты.

Чындыгында куфр мамлекеттери бул эки борбор аркылуу мусулман жаштары арасында улутчулдуктун уу уруктарын эгип, миссионердик жана идеологиялык күрөштү кеңири жайышты. Ушул эки борбор аркылуу Ислам мамлекетин бөлүп жарууда негизги роль ойногон көптөгөн кайрымдуулук коомдорду жана улуттук партияларды түзүштү. Батыш мыйзамдарын Ислам мамлекетине киргизүү жана колдонуу жаиздигине фатваларды чыгаруу да өтө жеңил болду. Бул, дин менен мамлекетти ажыратуу жана илманий, демократиялык пикирлерди таратуунун башталышы эле. Бул нерселер ачык-айкын куфр болушуна жана Исламга бүтүндөй тескери келишине карабастан, ушундай кылынды. Акыры, Ислам мамлекети болгон Халифалыкты жок кылуу үчүн Биринчи дүйнөлүк согушу келип чыкты. Куфр мамлекеттери Халифалык мамлекетинин көпчүлүк бөлүктөрүп басып алып, Умматтын түрк жана араб перзенттери арасындагы саткындардын жардамында бийликти Халифалыктан бөлүү үстүндө иштешти. Кийин Халифалык бекер кылынды. Андан соң, кафирлер мусулман өлкөлөрүн бөлүшүп алып, аскерий жана пикирий колония кылышты. Ислам Умматы дагы эле пикирий колония астында жашап жаткан болсо, кээ бир жайларда аскерий колония уланууда.

Халифалыктын кулатылышы Исламий Умматтын жүрөгүнө канжар болуп сайылып, аны ыдыратып салды. Натыйжада Уммат кафирлердин бутасына айланып, алар беймарал бузукулук тарата турган, намыстарды тебелеп, байлыктарды талап-тоной турган болушту. Бул нерселерде бирер ибрат барбы?! Албетте бар. Бул жерде алына турган ибрат – мусулмандар Исламдын бекем арканын кармап, аны жашоо же өлүм маселеси катары тагдырий маселеге айлантышы керек. Улутчулдук жана мекенчилдикти ташташы, чет элдик элчиликтерге сак болушу, малайлардан өтө этият болушу керек. Анткени, кафирлер күчтүү болушканы үчүн бизди жеңген жок, балким, биздин идеологиялык алсыздыгыбыз, акыйдабызга байланбаганыбыз жана айрым перзенттерибиздин саткындыгы себептүү жеңишке жетишишти.

Ко-ош, Умматтын мурунку күч-кубатын жана айбатын кайра тирилтүүгө үмүт барбы?

Албетте бар! Мусулман өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде терең тамыр жайган Хизб-ут-Тахрир оорунун белгилерин аныктап, анын дабаасын тапкан. Хизб Умматты ойготууну, Халифалыкты кайтарууну о.э. адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгуу үчүн Уммат рисалатын кайра көтөрүп чыгууну өз мойнуна алган.

 Роя гезити, №326, 2021-жыл, 17-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here