بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Сенат АКШ элчилигин Куддуста калтырууну көпчүлүк добуш менен макулдады
Россиянын «RT» телеканалынын веб-сайты хижрий 1442-жылы 23-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 5-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Кече, бейшемби күнү «The Jerusalem Post» гезити кабарлашынча, Сенат АКШ элчилигин Куддуста калтырууну көпчүлүк добуш менен макулдады.
Оклахома штатынан Республикачылар партиясынын мүчөсү Жим Инхоф: «Бул оңдоп-түзөө эч кимде келишпестик жаратпашы керек. Себеби, Куддус (израилдин) борбору болушу жана элчилигибиз Куддуста жайгашуусу керек. Биздин Кошмо Штаттардагы позициябыз 25 жылдан бери ушундай болуп келүүдө», – деди.
Байден Сенат мүчөсү болгон учурда Конгресстин АКШ элчилигин Тель-Авивден Куддуска көчүрүү жөнүндөгү 1995-жылдагы мыйзамын колдоп-кубаттаганын эске салуу зарыл».
Роя:
Ушул иш-чарадан ачык-айкын көрүнүп тургандай, АКШ администрациялары менен кеңештеринин, ал тургай, аларга төрагалык кылган партиялардын пикирлери ар түрдүү болсо да, бирок, алардын баары Американын колонизаторлук кызыкчылыктарын аткарууда бир пикирде. Яхудийлерди жана яхудий вужудун коргоо о.э. мубарек Фалестин жери маселесин жок кылуу АКШ кызыкчылыктарынын негизгилеринен болуп эсептелет. Фалестиндеги жана мусулман өлкөлөрүндөгү малайлардын бул туурасындагы пикирлеринин карама-каршылыгы да жалган карама-каршылык, бул жагдай Американын ушул маселени чечүү тууралуу көз караштарын өзгөртө албайт. Демек, куфр улут тандабайт, ким аларга таянса, ал наадан же алар менен тили бир.
Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.