Халифалык тикеленишине эң күчтүү тоскоолдуктардын бири – учурдагы акимдер

272
0

Халифалык тикеленишине эң күчтүү тоскоолдуктардын бири – учурдагы акимдер

Ислам Үммөтү өз тарыхында куфр калкы тарабынан соккуларга дуушар болгону тарыхтан белгилүү. Мисалы, монголдор жана крестүүлөрдөн соккулары сыяктуу. Бирок, Үммөт үчүн бул соккуларды жеңип, бутка туруу көпкө созулбады. Себеби, Салахиддин Айюбий, Сайфиддин Кутуз жана Бейбарс сыяктуу жетекчилер о.э. Иззуддин Абдуссалам жана ибн Ясин сыяктуу аалымдар башчылыгында Үммөт бир жакадан баш чыгарып, кыска убакыттын ичинде өз даңкын кайрадан тикелөөгө жетишти. А бирок, 1924-жылдын 3-мартында Халифалык мамлекетин кулатуу соккусу Ислам Үммөтү үчүн эң оор сокку болду. Ошентип, Үммөт зулматта калганына мына толук 100 жыл болду.

Албетте, Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин аны кайрадан тикелөө аракеттери болду. Себеби, ал кездеги Мусулмандар Аллахтын өкүмдөрү аткарылбай турган жашоону элестете алышпайт эле. Ошондуктан ар жерде Халифалыкты кайрадан тикелөө максатында козголоңдор болду. Бирок, бул аракеттер бир нече факторлор себептүү ийгиликке жете албады. Натыйжада, Үммөт бүгүнкү күндө да уланып жаткан зулматта калып кетти.

Үммөттүн мындай зулматтан кутулушуна тоскоолдук кылып жаткан эң күчтүү факторлордун бири – бул Үммөттүн үстүнө орнотуп коюлган же Үммөттөн бийликти зордук менен тартып алган акимдер. Батыш «бөлүп таштап, өкүмдар бол» деген эреже негизинде Халифалык мамлекетин 50дөн ашуун майда мамлекеттерге бөлүп, ар бир мамлекетчеге малай акимдерди дайындап койгон. Бүгүнкү күндө колонизаторлор – тышкы көрүнүшүнөн Ислам өлкөлөрүнөн чыгып кетип жаткандай болуп көрүнгөнү менен – ар бир мамлекетчеге алардын айтканын сөзсүз аткара турган, буйруктарына кың дебей моюн суна турган малай акимдерди орнотуп коюшкан. Бул акимдер колонизаторлордун кызыкчылыктарын камсыздоочу жана кожоюндары мамлекеттердин байлыгын талап-тоношуна о.э. каалагандай таасирин жайышына шарт түзүп берүүчү малайлар болуп эсептелишет. Бүгүнкү күндө байлыктары таланып-тонолбой жаткан бир да Ислам өлкөсү калбады.

Бул акимдердин Ислам Үммөтүнө кылган кыянаттарын эсептеп отурсак сөз жетпейт. Себеби, булар бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай кыянатка даяр турушат. Алардын баарынын негизги милдети кожоюндарынын Ислам өлкөлөрүндөгү кызыкчылыктарын коргоо. Алар үчүн Үммөттүн кызыкчылыгы бир тыйынга да турбайт. Бүгүнкү күндө Мусулмандардын байлыктарын ташып кетүүчү үчүн Батышка бардык шарттар түзүп берилгендиги жашыруун сыр болбой калды.

Америка болобу, же башкасыбы айырмасыз, Ислам жана Мусулмандарга сокку берүүдө жана Ислам өлкөлөрүн басып алып, мал-мүлкүн талап-тоноодо албетте ушул Мусулмандардын акимдерине таянат. Алар муну башка жол менен ишке ашыра алышпайт. Мындай абалга өзүбүз күбө болуп жатабыз. Мисалы, АКШ Ирак жана Афганистанга бастырып киргенде бардык Ислам өлкөлөрүнүн акимдери анын жанында турушту. Ирандын мурдагы президенти Али Акбар Рафсанжани да бул тууралуу ачык айткан.

Рафсанжани Германиянын Бонн шаарында сүйлөгөн сөзүндө: “Эгер Иран күчтөрү Талибанга каршы согушка кирбесе, америкалыктар Афганистан баткагына батып калышмак. Иран калкы жана армиясы болбосо, АКШ күчтөрү Талибандан өкмөттү тартып ала алмак эмес. Муну Америка унутпашы керек”, – деген.

О.э. Американын расмийлери да Түркия өкмөтүнүн колдоосу болбосо АКШ Сирияда жеңишке жете албастыгын бир нече жолу моюнга алышкан. Мисалы, АКШ расмийлеринин бири, АКШ Борбордук күчтөрүнүн командачысы Жозеф Вотел Түркиянын жардамы болбосо АКШ Сириядагы көптөгөн операцияларды ишке ашыра албастыгын билдирип: “Түркиянын күнүмдүк колдоосу болбогондо, Сирияда буга чейинки көптөгөн операцияларыбызды ишке ашыра алмак эмеспиз”, – деген.

Учурда Сирия, Яман, Ливия окуяларында да кудум ушундай эле көрүнүш. Мисалы, Сирия калкын эркек-аял, жаш-кары дебей кыргын кылып жаткан Россиянын ок-дары жана курал-жарак жүктөлгөн аскерий кемелери Чанаккала кысыгынан өтүп орус аскерлеринин колуна жетип барууда. Сирияны бомбалаган учактар Түркиядагы Инжирлик авиа базасынан асманга көтөрүлүүдө. Яманда болсо Саудиянын өзү түздөн-түз Мусулмандарды кыргын кылууда. А бирок, булар яхудийлерге карата, жок дегенде аңчылык мылтыгынан болсо да, ок чыгарып коюуга батынышпайт.

Бул малай акимдер кожоюндарынан алган маанилүү тапшырмалдардын дагы бири – бул Үммөттү чачыранды абалда кармап туруу. Ошондуктан алар Үммөттү кээде «Эгемендүүлүк» жана «өз тагдырын өзү чечүү» пардасы артында фиркаларга бөлүп жаткан болсо, кээде “мекенди коргоо” деген сыяктуу жасалма ураандар аркылуу Үммөт арасына фитна уругун себишет. Кээде болсо, “улуттук баалуулуктарды сактоо” ураандарын көтөрүп, Мусулмандар арасында душмандык пайда кылууга аракет кылышат. Мусулмандар ортосуна чек ара тартып, ал тургай кээ бир абалдарда кан төгүлгөн жаңжалдарды атайылап уюштурушат. Кыскасы, кандай жол менен болсо да, Ислам Үммөтү биригип кетишине жол беришпейт. Алар Үммөттүн аң-сезиминде: “Сирияда болуп жаткан окуялар сириялыктардын, Иракта болуп жаткан окуялар болсо ирактыктардын, Афганистанда болуп жаткан окуялар афганистандыктардын проблемасы” – деген сыяктуу түшүнүктү калыптандырууга аракет кылып жатышат. Эгер бул малай акимдердин каршылыгы болбогондо, чыгыш жана батыштагы Мусулмандардын биригип кетиши мынчалык кыйын болмок эмес. Себеби, Мусулмандар өздөрүнүн бир дене экендигин сезе турган Үммөт.

Ошондуктан Мусулмандар бул малай акимдерден баш тартып, бүтүндөй Үммөттү жана Ислам өлкөлөрүн бир мамлекет көлкөсүнө бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө олуттуу аракет кылбаса чачыранды бойдон жүрө беребиз. Үммөттүн чачырандылыгы болсо балээлер улана беришин түшүндүрөт. Бул чачырандылыкты жоюп, бириктире турган бирден-бир чара – бул Халифалык мамлекетин тикелөө.

Эй аалымдар, эй даъватчылар, эй Момундар, силер Мусулмандар биригиши важиб экендигин кайра-кайра кайталап келесиңер. Өзүңөргө белгилүү болгондой, Халифалык болсо гана Үммөттүн биримдиги жүзөгө чыгат. Ушундай болгон соң, эгер ошол сөзүңөрдү чын дилден айтып жаткан болсоңор, Ислам Үммөтүнүн биримдигине кепил болгон жана ал болбосо Ислам Үммөтүнүн биримдиги эч качан жүзөгө чыкпай турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө шашылыңыздар.

Хизб ут Тахрир – Кыргызстан басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here