Адамзаттын башына түшкөн экономикалык кризис жана жакырчылык үчүн капитализм жоопкер

285
0

 Адамзаттын башына түшкөн экономикалык кризис жана жакырчылык үчүн капитализм жоопкер

Капитализм түзүмүнүн негизи болгон демократия идеологиясы 4 эркиндик – жеке адам эркиндиги, пикир эркиндиги, мүлк эркиндиги жана ишеним (акыйда) эркиндиги негизине курулган. Бул акыйда “жашоодо мажбурий түрдө улана турган туруктуу мамилелерди тартиптештирүү адамдардын өзүнүн колунда, ал эми бул мамилелерди тартиптештире турган фактор мыйзам болгондуктан, аны иштеп чыгуучу адам толук эркин болушу керек” деген фалсафаны көтөрүп чыкты. Туруктуу мамилелер болсо, экономикалык (бири-бири менен товар алмашуу), ижтимаий (эркек менен аял ортосундагы мамилелер), саясий (адамдар ортосундагы мамилелерди мыйзамдар негизинде башкаруу)… маселелерден келип чыккан болуп, алардын ар бири мамлекет тарабынан корголот. Капиталист-демократтар динди турмуштан ажыратышкан соң бардык мыйзамдар адам тарабынан түзүлүшү шарт болуп калды. Адам өзүнүн чектелген акылы жардамында иштеп чыккан мыйзамдар болсо бул түзүмдү ар бир тармакта туңгуюкка кептеп койду. Жеке адам эркиндиги натыйжасында адамдар айбандан да төмөн түшүп, адам тукуму уланышы үчүн зарыл болгон  үй-бүлөлүк мамилеге доо кетти. Сойкулук, бир жыныстагылардын никеси, жарандык нике… жана башкалар натыйжасында капиталисттик түзүмдү колдонгон мамлекеттер төрөлүү көрсөткүчү төмөн, тез карып бара жаткан коомго айланып калды.

 Капитализм саясий башкаруу жагынан да кризиске дуушар болгону бүгүнкү күндө акылы бар адамга сыр болбой калды. Дүйнө жүзүнө жайылган коронавирус пандемиясы капиталисттик түзүмдүн айып-кемчиликтерин ачып таштады, Батыш хазаратынын чыныгы жүзүн жана анын баалуулуктары системасындагы бузукулукту ашкере кылды. Бул ушундай бир көрүнүштө жүз берди дейсиң, ал тургай дүйнөдөгү ири мамлекеттер да, эң бир өнүккөн белгилүү шаарлар да бул вирустун алдында алсыздык кылышты. Ири мамлекеттер медициналык каражаттар үчүн, ал тургай кадимки эле беткап үчүн бири-бирин карактап жатканына күбө болдук. Мисалы, Америка Германияга бара жаткан медициналык беткаптар партиясын карактап алды. О.э. Францияга жөнөтүлгөн беткаптарды да тартып алды.

 Капитализмдин адамзат башына кырсык жана балээлерди алып келген “баалуулуктарынын” дагы бири – мүлк эркиндиги. Бул нерсе адамдарга каалаган тармактан акча таап, каалаган тарапка жумшоо эркиндигин бергени себептүү, адамзат жакырчылык жана ачарчылык балээсине түшүп калды. Андагы жеке адамдардын мүлк эркиндиктерин коргоо маселеси ката негиздеги акыйдага курулганы себептүү, убакыт өтүшү менен мүлк бир ууч адамдардын колуна өтүп калышы табигый көрүнүш эле. Ушул экономикалык түзүмдө, адамдын чексиз муктаждыктарына карата товар жана кызматтардын салыштырмалуу аздыгы деген назарда бардык этибарды товар жана кызматтарды көбөйтүүгө каратты, а бирок, аны бөлүштүрүүнү этибарсыз калтырды. Натыйжада дүйнөдөгү байлыктардын 99 пайызы дүйнөдөгү калктын бир пайызын түзгөн бир ууч капиталисттердин колуна топтолуп калды. Мындай адилетсиздик себептүү дүйнөдөгү калктын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашап, ар бир мүнөт сайын жашы жете элек 18 бала ачарчылыктын курмандыгы болууда.

Эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) коомдорго коркунуч туудуруп жаткан ушул ачарчылык боюнча терең тынчсыздануу билдирип: “Дүйнөнүн түрдүү аймактарында, айрыкча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү 820 миллиондон ашуун адам тамак-ашка болгон негизги муктаждыгын кандыра албай жатат. Азык-түлүк жаатында кеңири масштабдуу жардамдар берилип жатканына карабастан, ачарчылык жана жакырчылык дагы деле уланууда”, – деди.  Аталган уюмдун билдиришинче, акыркы 3 жылдын ичинде ачарчылыктан азап тартып жаткан адамдардын саны 10 миллионго көбөйгөн.

 Мындан тышкары, 1971-жылы АКШ президенти Никсон Бреттон-Вудс келишими бүткөндүгүн жана алтын менен доллардын ортосундагы байланыш жокко чыгарылганын жарыялады. Ошондон баштап алтындын акча менен байланышы үзүлүп, алтында башка товарлар сыяктуу кадимки эле товарга айланып калды. Американын мындан көздөгөн максаты, долларды дүйнөдөгү негизги акчага айландырып, эл аралык каржы базарын көзөмөлгө алуу болчу. Ошондон бери дүйнөдөгү бардык мажбурий кагаз акчалар АКШ долларына байланып, мамлекеттердин акчасы жана айырбаштоо куну долларга карата белгилене турган болду. Америка каалаган убакта доллардын курсун түшүрүү же көтөрүү аркылуу ал мамлекеттердин ички финансылык базарларын изден чыгаруу жана экономикалык басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Америка доллары мунайдын баасын белгилей турган о.э. финансылык төлөмдөр жүргүзүлө турган валютага айланды. Натыйжада дүйнөлүк экономика финансылык кризистер агымына түшүп калды. Негизи, капиталисттик түзүм пайда болгондон бери финансылык жана экономикалык кризистердин түзүмү болуп келди. Бул түзүм 1929-жылдагы улуу депрессия жана 2008-жылдагы кризистерден баштап бүгүнкү күнгө чейин жалаң гана кризистер артынан кризистерди алып келүүдө. Коронавирус пандемиясы бул түзүмдү жаңы кризиске – Аллахтын каалоосу менен жексен кылуучу кризиске – алып кирүүдө. “Bank of America”дагы экономикалык серепчи Мишел Мэйер 2020-жылдын жазында: “Биз АКШ экономикасы рецессияга киргенин расмий түрдө жарыялайбыз, дүйнөдөгү башка мамлекеттердин экономикасы да ушундай”, – деди… Ооба, капиталисттик түзүмдүн кризиси убакыт маселеси гана болуп калды. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жатат, ин ша Аллах.

Ислам өндүштү өнүктүрүүгө үндөдү жана жалпы көрүнүштө кесипке үгүттөгөн учурда ага да үндөдү. Бирок, иштеп чыгарууну көбөйтүү көрүнүшүнө жана өндүрүлгөн товардын көлөмүнө аралашпады. Муну каалагандай ишке ашыруу үчүн адамдардын өзүнө таштап койду. Ислам экономика илимине аралашпады, а бирок, мүлккө ээ болуу, мүлктү сарптоо жана байлыкты адамдар арасында бөлүштүрүүдөн турган экономикалык түзүмгө өзгөчө көңүл бурду.

 Ислам шариятында мусулман адам каалаган жол менен мүлккө ээ болушу жана аны каалаган орунга сарпташы мүмкүн эмес. Ислам мүлккө ээ болуу себептерин: эмгек, мурас, жашоо үчүн мал-мүлккө болгон муктаждык, мамлекет өз мүлкүнөн жарандарга ажыратып бериши жана адамдар акча же эмгек жумшабай ээ боло турган мүлктөр – мурас, тартуу жана белектер – менен чектеди. Мүлктү өстүрүү жана сарптоодо да мусулман эркин болбой, шарият көрсөтмөлөрүнө амал кылышын шарт кылды. Ислам мүлктөн пайдалануу ишине ачык эле аралашып, хамр (мас кылуучу ичимдик) жана өлүмтүк сыяктуу кээ бир нерселердин пайдаланууну о.э. адам эмгегинин бийлөө жана бузукулук сыяктуу түрүнөн пайдаланууну да арам кылды. О.э. жеп-ичүү арам кылынган нерселерди сатууга тыюу салып, аткаруу арам болгон иштердин ижарасын да арам кылды.

 Исламдагы экономикалык саясат ар бир адамдын бардык негизги муктаждыктары толук кандырылышын кепилдөөдөн о.э. жогорку муктаждыктарды мүмкүн болушунча кандырууга  шарт түзүүдөн турат. Ислам бир бүтүн турмуштук түзүм болуп, андан экономикалык түзүмдү ажыратуу мүмкүн эмес. Ислам “коом кандай болушу керектигин” адам муктаждыктарын кандыруу үчүн негиз кылып белгиледи.

 Ислам жакырчылыкка каршы күрөшөт, Расулуллах A айтат:

 “Кошунасы ачка болуп туруп, өзү ток болгон киши момун эмес”. Дагы башка хадисте:

 “Кошунасы ачка экенин билип туруп, ток абалда таң атырган киши мага ыйман келтирбептир”, – деген.

Ислам коомдогу ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүүнү Аллахка болгон ыймандын белгиси деп эсептейт. Ага экономикалык проблема эмес, адамдык проблема деган назарда карайт. Расулуллах A жакырчылыкты жоюуну ыйманга байлады. Расулуллах A дан кийин рошид халифалар да мына ушул жол менен жүрүштү жана жакырчылык болбогон коомду курууга аракет кылышты.

Тыянактап айтканда, Ислам ар бир адамдын негизги муктаждыктарын кандыруунун кепилдиги. Ислам дүйнө жүзүндө колдонулуп, анын үстүнөн өкүмдарлык кылган кезде жакырчылыкка каршы күрөшүп, аны жойгон. Себеби, Ислам адамды иштөөгө, ырыскы табууга жана ага аракет кылууга үндөдү. Туугандарга тиешелүү нафаканы фарз кылды. Зекет жана садакалардан о.э. умумий жана мамлекеттик мүлктөн жакырларга нафака белгиледи.

 Абдурахма Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here