Халифа – бул Расулуллахﷺдан кийин мусулмандарды башкара турган адам

259
0

 Халифа – бул Расулуллахﷺдан кийин мусулмандарды башкара турган адам.

Халифа – бул Расулуллахﷺдан кийин мусулмандарды башкара турган адам. Ал Үммөттү башкарууда жана камкордук кылууда Расулуллахﷺга орунбасар болгону үчүн халифа (орунбасар) деп аталды. Хадистерде баяндалган жана Расулуллахﷺдан кийин халифалар иш жүзүндө көрсөткөн нерсе мына ушул.

Расулуллахﷺ:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ، فَإِنْ أَمَرَ بِتَقْوَى اللَّهِ وَعَدَلَ، فَإِنَّ لَهُ بِذَلِكَ أَجْراً، وَإِنْ أَتَى بِغَيْرِهِ فَعَلَيْهِ إِثْمُهُ»

«Имам (халифа) – калкан, анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат. Эгер ал таквага буйруса жана адилеттүүлүк кылса, ал үчүн сооп алат. Эгер мунун тескерисин кылса, күнөөсү өзүнүн мойнунда», – деген.

Халифалык – бул эгер бар болсо аны сактоо, ал эми, жок болсо аны кайрадан тикелөөгө аракет кылуу жана бул жолдо мал-жанды курмандыкка чалуу важиб болгон Үммөттүн тагдыр чечүүчү маселеси. Себеби, ал Исламды мамлекет ичинде колдонуунун жана даъватты бүт дүйнөгө алып чыгуунун бирден-бир тарыйкаты болуп эсептелет.

Халифалык – бул таштап койгон киши күнөөкөр боло турган жана аны аткарган киши сооп ала турган жеке адамга гана тиешелүү фарз эмес, ал Ислам өкүмдөрү колдонулушунун жападан-жалгыз жолу. Анткени, Ислам өкүмдөрүн колдонбогон адам кафир болушу мүмкүн. Бул болсо, Халифалык улуу фарз экендигин көрсөтөт. Себеби, ал болбосо Ислам колдонулбайт, ошондуктан ал фарздардын таажысы болуп эсептелет. Халифалык Ислам өкүмдөрүн мамлекет ичинде мусулмандарга колдонуу о.э. даъват жана жихад аркылуу аны дүйнө жүзүнө алып чыгуу менен Ислам күчөшүнө жана дүйнө жүзүнө жайылышына кепил болот.

Исламга даъват кылуунун эң жакшы, эң кыска жана эң натыйжалуу ыкмасы – Аллах Таала буюргандай – мамлекет көлөкөсү астында толук жана кеңири колдонуу.

1431-жылы султан Мурад II Салоники шаарын фатх кылды. Ал венециялыктарды жеңип, шаарга кирип келген убакта ага Яния шаарынан элчилер келгенин жана маанилүү маселе боюнча менен жолугушууну каалап жатышканын билдирди.

Ошол кезде Яния шаары италиялык Токко үй-бүлөсүнүн өкүмдарлыгы астында эле. Карло Токко I 1430-жылы көз жумган соң, бийликти анын иниси Карло Токко II ээледи. Бирок, Токко I мыйзамсыз уулдары козголоң чыгарып, өкүмдарлыкты талап кылышты. Натыйжада тартипсиздик, башаламандык жана согуштар доору башталды. Мындан кыйналган тургундар султан Мурад II Салоники шаарына келгенин угары менен ага элчи жөнөтүү боюнча чечим кабыл алышты.

Султан Мурад элчилерди кабыл алды. Ошондо султан менен элчилер башчысы ортосунда котормочу аркылуу төмөнкүдөй маек болду:

Султан: Кош келипсиз,  эмнеге келдиңиз? Бизден эмне каалайсыз?

Элчилердин башчысы: Эй улуу Султан, биз сизден жардам сурап келдик, жардамсыз кайтарбайсыз деген үмүттөбүз.

Султан:  Сиздерге кандай жардам беришим мүмкүн?

Элчилер башчысы: Эй Султаным! Биздин башчыларыбыз бизге зулум кылып, кул сыяктуу иштетүүдө, мал-мүлкүбүздү тартып алып, андан соң өзүбүздү согушка айдап жатат.

Султан: Мен эмне кыла алмак элем? Бул силер менен башчыңар ортосундагы маселе.

Элчилер башчысы: Эй Султан, биз мусулман эмеспиз, насронийбиз. Бирок, мусулмандардын адилеттүүлүгү жөнүндө көп жолу укканбыз. Алардын башчылары калкына зулум кылбастыгы, эч кимди динге кирүүгө мажбурлабастыгы, ар кимди өз ыктыярына коюшу жөнүндө саякатчылардан жана сиздин мамлекетиңизге барган соодагерлерден укканбыз. Ошондуктан, бизди да өзүңүзгө кошуп аласыз жана залим өкүмдарлардан бизди куткаруу үчүн мамлекетибизди башкарасыз деген үмүт менен келдик.

Ошондон кийин алар султанга шаардын алтын ачыкычын тапшырышты. Султан да Яния шаары тургундарынын суранычын кабыл алды. Командачыларынын бирин кошуунга амир кылып, Яния шаарына жөнөттү. Ал шаар да ошол эле жылы т.а. миладий 1431-жылы фатх кылынды.

Бул тарыхта болуп өткөн окуя. Инша Аллах, экинчи Рошид халифалык мамлекети тикеленген соң мындай окуялар дагы кайталанат.

إِذَا جَاء نَصْرُ اللَّهِ وَالْفَتْحُ * وَرَأَيْتَ النَّاسَ يَدْخُلُونَ فِي دِينِ اللَّهِ أَفْوَاجاً * فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَاسْتَغْفِرْهُ إِنَّهُ كَانَ تَوَّاباً

(Эй Мухаммад), качан Аллахтын жардамы жана жеңиш келсе. Жана адамдар топ-топ болушуп Аллахтын дини (Ислам)га кирип жаткандарын көрсөң. Тезинен Роббиңе мактоо айтуу менен (Ал Затты ар кандай «шерик»терден) тазалагын жана Ал Заттан магфират сурагын! Анткени, Ал  тообо-зарларды кабыл кылуучу Зат”. [110:1-3]

 

Роядан которулду

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here