ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (3)

379
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (3)

Үммөт т.а. Исламды кабыл алып, өзүн мусулман деп билген адамдар өздөрүн таанып, кимдигин түшүнгөн абалда дүйнө алдындагы үлкөн жана сыймыктуу милдетин – Исламды бүтүндөй адамзатка жеткирүүнү – элестеткен күндөн баштап өз макамына кайтып келет. Т.а. дүйнө калкын куфрдун азыркы адашуудагы зулмат баткагынан Ислам адилеттүүлүгүн көздөй жетектөө макамына тез эле кайтып келет, инша Аллах. Анткени, Ислам бүтүндөй адамзатка ниъмат кылып берилген дин о.э. Расулуллах (с.а.в) бизге калтырып кеткен аманат. Бул аманатты сезген момун өз милдетин өтөөгө шашылуусу керек. Аллах Таала момундарга төмөнкүдөй хытаб кылууда:

إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِي()وَتَقَطَّعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ كُلٌّ إِلَيْنَا رَاجِعُونَ()فَمَنْ يَعْمَلْ مِنْ الصَّالِحَاتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا كُفْرَانَ لِسَعْيِهِ وَإِنَّا لَهُ كَاتِبُونَ

(Эй инсандар), силердин үммөтүңөр чындыгында бир Үммөт (т.а. Ислам). Мен болсо (баарыңардын) Роббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла! (Адамдар) болсо, иштерин (т.а. диндерин) өз ара барчалап-бөлүп алышты. Бардыгы Бизге кайтуучулар. Анан, ким момун болгон абалында жакшы иштерди кылса анын аракети текке кетпейт – Биз аны жазып коюучубуз”. [21:92-94]. Дагы мындай дейт:

وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِي(52)فَتَقَطَّعُوا أَمْرَهُمْ بَيْنَهُمْ زُبُرًا كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ

“Шек-күмөнсүз (баарыңардын) диниңер – бир дин (т.а. Ислам). Мен болсо силердин Роббиңермин, демек, Менден гана корккула! Андан соң (адамдар) иштерин (диндерин) бөлүктөргө бөлүп жиберишти. Ар бир топ өз алдыларындагы нерсе (т.а. жашоодогу иштерин тартипке салуучу саясат) менен курсант. [23:52-53]. Акылдарын иштете билбеген наадандар гана бул аяттарга көңүл бурбайт:

وَنَزَعْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ فَعَلِمُوا أَنَّ الْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

“Биз (ал Күндө) ар бир үммөттөн бир күбөнү (пайгамбарды) чыгарып, (аларга «Аллах жалгыз эмес, деп кошкон шериктериңер чын болсо кана) хужжат-далилдериңерди келтиргилечи» дедик. Анан алар (кудайлык) укугу (Жалгыз) Аллахка таандык экенин билишти жана өздөрү ойлоп чыгарып алган “кудайлары” болсо алардан кайып болду”. [28:75].

Бардык замандагы кафирлер, жахилдер, айрыкча алардын салтанаттуу жашоого берилген жетекчилери бирдей жооп беришет. Алар: “Биз акылыбызды иштетпейбиз, бизге ата-бабаларыбыздан калган нерсе жетиштүү”, – деп айтуу менен Акыйкатка каршы турушат:

بَلْ قَالُوا إِنَّا وَجَدْنَا آبَاءَنَا عَلَى أُمَّةٍ وَإِنَّا عَلَى آثَارِهِمْ مُهْتَدُونَ() وَكَذَلِكَ مَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَا إِنَّا وَجَدْنَا آبَاءَنَا عَلَى أُمَّةٍ وَإِنَّا عَلَى آثَارِهِمْ مُقْتَدُونَ

“Тескерисинче алар (ушундай) дешти: “Албетте, биз ата-бабаларыбызды бир миллат улут-дин үстүндө тапканбыз жана албетте биз алардын издеринен барып Туура Жол табабыз”. (Эй Мухаммад), ошондой эле Биз сенден мурда кандайдыр бир шаар-кыштакка бирер эскертүүчү пайгамбар жибербедик, а бирок, (жибергенибизде) ал жердин байлары: «Албетте, биз алардын жолдорун жолдоочуларбыз», дешкен”.[43:22-23].

Адашкан жахил кимселер намаз менен саясатты, зекет менен даъватты ажыратышат, намаз, орозо сыяктуу жеке адамга жүктөлгөн фарздарды аткарган соң, бул дүйнөдөн башка жашоо жок деп эсептей турган кафирлер сыяктуу эртели-кеч дүйнө матасынын артынан жүгүрүшөт. Намазга, зекетке буюруп жаткан Роббибиз куфрду оодарып таштап, шариятты өкүмдар кылууга о.э. куфр өкүмдарлыгы астындагы башка өлкөлөргө да Ислам нурун жеткирүүгө буйруп жатат го! Эй ыйманды дааба кылуучу боордоштор, качан Исламга толук моюн сунабыз?! Аллах Тааланын төмөнкү аяты жөнүндө олуттуураак пикирлеп көрүңүз:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ قِيلَ لَهُمْ كُفُّوا أَيْدِيَكُمْ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيْهِمْ الْقِتَالُ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ يَخْشَوْنَ النَّاسَ كَخَشْيَةِ اللَّهِ أَوْ أَشَدَّ خَشْيَةً وَقَالُوا رَبَّنَا لِمَ كَتَبْتَ عَلَيْنَا الْقِتَالَ لَوْلَا أَخَّرْتَنَا إِلَى أَجَلٍ قَرِيبٍ قُلْ مَتَاعُ الدُّنْيَا قَلِيلٌ وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ لِمَنْ اتَّقَى وَلَا تُظْلَمُونَ فَتِيلًا

(Эй Мухаммад), мына бул кишилерди көрбөдүңбү, аларга (мурун Меккеде турган убактарында кафирлерге каршы согушууга талапкер болушканда) «Өзүңөрдү баскыла жана намазыңарды окуп, зекетиңерди аткарып тургула», делинген эле. Эми согуш фарз кылынганда болсо кокустан алардан бир тобу адамдардан Аллахтан коррккондой, балким, андан да катуураак коркушууда. Дагы (ал тургай): «Роббибиз, неге бизге согушту фарз кылдың? Бизге бул ажалды бир аз кийинирээк жиберсең кана» дешти. Аларга айткын: «Дүйнө матасы-жыргалчылыгы аз гана. Аллахтан корккон кишиге акырет жакшыраак. Силерге кылчалык зулум кылынбайт”.[4:77].

Биз саясий майданда куфрга көзкаранды болбош үчүн жашообуздагы ар бир иште Аллах Тааланын өкүмүн жакшылап үйрөнүү, түшүнүү жана жашоодогу бардык мамилелерибизди ушул өкүмгө ылайык оңдоо менен саясий майдандан куфр таасирин жок кылабыз о.э. ушул аркылуу ыйманыбызды сактап калабыз. Себеби, Расулуллах(с.а.в): «Силерден бирер киши каалоосу мен алып келген нерсеге ыраазы болмоюнча момун болбойт», – деп айткан. Мына ушул иш – саясий иш. Саясий майданда жетекчи болуу үчүн: Исламды үйрөнүү, аны терең түшүнүп жетүү о.э. Исламий шахсияны калыптандыруу үчүн исламий аклия менен исламий нафсияны пайда кылууга таасир кыла турган даражада адамдарды Ислам менен тарбиялоодон турат. Ушуну менен бирге, Исламды Үммөткө түшүндүрүү Үммөт кызыкчылыгынын (масолих) акыйкатын жана Ислам аларды чечип, ишке ашырууну да кепилдешин о.э. үммөт кызыкчылыгын табанний кылганын Үммөткө түшүндүрүү үчүн Үммөткө таасир өткөзүү да бийликке алып бара турган тарыйкаттын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ушуга ылайык, Үммөткө таасир өткөзүү жана даъват жолунда күрөшүү менен бир убакытта, үйрөнүү да токтобошу керек. Хизбий уюмдун бул иши саясий иш.(Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү китебинен).

Үммөт дили таза, акылы ордунда, жашоонун бардык тармагын терең үйрөнүп чыккан о.э. Үммөттү жетектеп жаткан ар бир иши Аллах Таала түшүргөн акыйкат экендигине – Куръан жана хадис менен же сахих ижтихадга негизделип – далил келтирген саясий жетекчиге муктаж. Мындай жетекчи жашоону туура идирек кылат, бузук акыйдаларды, түзүмдөрдүн бузуктугун жана катасын беш колдой билип турат. О.э. бардык акыйда жана түзүмдөрдү саясий майданда күрөшкө чакырат, каралайт жана алардын катасын ачып таштайт. Ар бир иш оңдолушу үчүн Ислам алып келген чечимге өтүү зарыл экендигин далилдеп берет. Учурда бул ишти Хизбут-Тахрир алып барууда. Ал өз ишин рисолаттагыдай ишке ашырса, Үммөт да акылын иштетүү менен кулак салып, ага жардам берсе гана Үммөттү дагы кайрадан саясий майдандагы жетекчилик макамына алып чыгат. “Себеби, курч сынга алуу, каталарды ачып таштоо жана бардык абалдар Ислам талап кылып жаткан калыпка өтүшү зарыл экенин тастыктоо – булардын баары саясий күрөш эсептелет. Хизб же анын бир мүчөсү аткарган иш бекем фикрат жана тарыйкат менен о.э. терең баам жана аң сезимдүү итаат көрүнүп турган күрөшүүчөн ыкма менен аткарылса гана саясий күрөш белгилүү бир натыйжаны берет. Сырты ичине тескери келбеши керек. Себеби, максат жөн эле натыйжага эмес, балким, белгилүү бир натыйжага жетишүү, максат болсо кандайдыр бир ойгонууну пайда кылуу эмес, балким, Исламий турмушту кайра баштоо жана Исламий даъватты жаюу. Саясий күрөштү болсо хизб ишке ашырат”.(“Саясий аракеттендирүү” китебинен).

Үммөт акыркы кездерде Исламды үйрөнүү жана исламий турмушту кайрадан баштоо о.э. даъватты жаюу ишине жетиштүү көңүл бурбай койгону себептүү саясий майданда карайлап калды. Негизи, бул эң зарыл фарздардан болчу. Айрыкча, бул иш Халифалык кулатылгандан баштап – мына 100 жыл болду – фарздар таажысына айланган, себеби көптөгөн өкүмдөрдү аткаруу, ал тургай Исламдын жашоодо бар болушу ушул фарзга байланыштуу. Бул фарзга кайдыгер болуунун күнөөсүн башка ибадаттар сакыт кыла албайт. Өмүр бою намаз окуп, жыл сайын хаж-умра кылса да, ар дайым кайыр-садага кылып, муктаждарга жардам берсе да Кыяматта абалы жаман болот. Себеби, шариятты турмушта ишке ашыруучу Халифага итаат кылуу менен гана Кыямтатта жүзүбүз жарык, хужжатыбыз колубузда болот: Муслим Нафеъден, ал Абдуллах ибн Амрдан риваят кылат, Набий (с.а.в.)дын мындай дегенин уктум: “Ким итааттан баш тартса Кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө жахилият өлүмү менен өлүптүр.(уландысы бар).

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here