Үммөттүн денесиндеги жарааттардын дарысы – Халифалык

268
0

Үммөттүн денесиндеги жарааттардын дарысы – Халифалык

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн бардык тарабында мусулмандардын башына түшүп жаткан мусибат жана балээлердин арты үзүлбөй калды.

Расулуллах A:

«اَلْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

Имам (халифа) – калкан, анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат, – деген.

1924-жылы 4-мартта Халифалык кулатылгандан кийин калкансыз калган Ислам Үммөтүнүн денесин кафирлер сан жеткис жеринен жаралашты. Мына 100 жыл болду, бирок, бул жарааттардан дагы деле кан токтой элек. Кафирлер жана алардын малайлары мусулмандарды кордобогон бир да күн жок. Эгер Ислам Үммөтүнүн ордунда башка үммөт болгондо, алда качан эле жок болуп кетмек.

Бул жарааттар жөнүндө сөз кылмак тургай, аны эстөөнүн өзү адамды кайгыга батырат. Англия – кылымдын кылмышкери Мустафа Кемелдин колу менен Халифалык мамлекетин кулаткандан кийин – 1948-жылы Палестинаны яхудийлерге тартуулады. Андан бери мына 73 жыл өтсө да, Палестина жараатынан агып жаткан кан бир ирмемге да токтободу. Аллах Таала айланасын берекелүү кылып койгон, Расулуллах A ал жерден меърожго көтөрүлгөн жана Халифа Абдулхамид яхудийлерге бир карышын бергенге караганда денеси тилке-тилке кылынышын абзел деп билген жер яхудийлердин колуна өттү. Алар шаар жана айылдарда аёосуз кыргын уюштуруп, миңдеген мусулмандарды өлтүрүштү. 1967-жылы Куддусту басып алышты.1982-жылы Сабра жана Шатила лаге­ринде кыргын кылып, 3500 мусулманды өлтүрүштү. Тантура кыргынында 2000 мусулман өлтүрүлдү. Ал тургай, Ал-Акса мечитин өрттөөгө, Куддус шариф майданында намаз окуп жаткандарды өлтүрүүгө жана мубарак Рамазан айында Ибрахими мечитине бастырып кирип саждада турган мусулмандарды атып өлтүрүүгө батынышты. Адамзаттын эң паскечи болгон доңуз сыпат махлуктар бүгүнкү күндө ыйык топуракта жыргал жашоодо жашап жаткан убакта, ал жердин чыныгы ээси болгон мусулмандар кадимки эле ичүүчү сууга  зар экендигин элестетүү кандай гана оор.

Индияда уйдун кулдары болгон индустар эң жийиркеничтүү, адамгерчиликке туура келбеген кылмыштарды ишке ашырышты. Бул жийиркеничтүү кимселер 300 муслима аялдын намысын тебелеп, андан соң аларды тирүүлөй өрттөп жиберишти. 1970-жылы Ахмадабадда кыргын уюштуруп, 15 миң мусулманды өлтүрүштү. Ассам кыргынында индустар 50 миң мусулманды өлтүрүштү. 1987-жылы Мират жана Милянада кандуу кыргын уюштурулду. 1989-жылы Кашмирде мусулмандарга карата бир топ канкордуктар болду. Бир эле убакта 25 миң мусулман шейит болду. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Индия өкмөтү сегиз жылдын ичинде Кашмирде 63275 адамды атып өлтүргөн болсо, 3370 адамды оор кыйноолор астында азаптап өлтүргөн. 775 саясатчы, аалым жана имамдар жок кылынган. 81160 адам эч кандай айыбы далилденбей туруп камакка алынган. Чыныгы цифралар расмий айтылганынан бир нече эсеге көптүк кылары анык. Эл аралык мунапыс уюму: “Биз силердин этибарыңарга Индия өкмөтү Кашмирде ишке ашырган зомбулуктардын аз гана бөлүгүн сунуштадык”, – деп айтуу менен , муну расмий түрдө моюнга алган. Булардан тышкары, эсепсиз муслималардын намысы тебеленди. Миңдеген адамдар дайынсыз жоголду. 13 миңдей мечит, медресе, үй-жай жана дүкөндөр бузулду. Ал тургай министрлердин бири Кашмирде болуп жаткан кылмыштарга чыдай албастан кызматынан кетүүнү абзел көрдү. Т.а. ал жердеги зулумдар душман да чыдап тура алгыс деңгээлге чыкты.

АКШ Иракка бастырып кирген алгачкы күндөрдө эле 500 миң жаш бала өлтүрүлдү. АКШнын ошол кездеги тышкы иштер министри Мадлен Олбрайт – эч бир экиленбестен – муну туура деп билерин жана АКШ Ирак согушунда жеңишке жетүү үчүн ушундай кылышы керектигин билдирди. Абу-Гурейб камагындагы жан чыдагыс кылмыштарды ачыктаган муслима карындашыбыздын дүйнөдөгү  мусулмандарга жолдогон каты жүрөктөрдү канатты. Ошондо карындашыбыз мусулмандардан өздөрүн куткарууну эмес, өздөрү менен кошуп камактын күлүн көккө сапырууну суранган эле.

Босния жана Герцеговинада он миңдеген мусулмандар жырткычтык менен өлтүрүлдү жана көптөгөн жаш балдар мууздалды. Он миңдеген аялдар, анын арасында бойго жете элек жаш кыздар зордукталды. Муслималарды массалык түрдө зордуктоо үчүн атайын лагерлер уюштурулду. Миңдеген муслима аялдар серб аскерлерине күң кылып берилди. Эл аралык күчтөргө караштуу аскерлер да көңүл ачуу үчүн муслима аяллардын каалаганын алып кетиши мүмкүн болду. Сараеводогу мечиттин бирине 1000 жаш баланы камап туруп, тирүүлөй өрттөп жиберишти. Кандай гана аянычтуу абал.

Косоводо миңдеген мусулмандар өлтүрүлдү, жаш балдар аталарынын көз алдында мууздалды. 700.000 мусулман изилдене элек токойлорго качып кетишти. Алардын көпчүлүгү ачкалык, оору жана сууктан өлдү же жырткыч айбандарга жем болушту.

Чеченстанда кандар дарыя болуп акты. 150 000 мусулманды орустар аёосуз кыргын кылышты. Жан чыдагыс кыйноолор ишке ашырылды. Кээ бир адамдардын тирүүлөй бойдон эки колу менен эки бутун кесип салышты. 13 жаштагы бир кызды өлүп калганга чейин зордукташты. Бир бала бакчадагы балдардын бардыгы мууздалды. Кээ бир кыздарды зордуктап туруп, андан соң танкка тебелетип салышты.

Эч бир уюм Бирмада өлтүрүлгөн мусулмандардын санын аныктай албады. Себеби, Мьянма өкмөтү аларды адам катары көрбөй, калктын санына кошкон эмес эле. Көчөлөрдө, базарларда мусулмандарды кууп, таяктап өлтүрүү, жаш наристелерди энесинин көзүнчө муунтуп өлтүрүү жана муслима аялдарды айбандык каалоосун кандыруу үчүн пайдаланып туруп, андан соң тирүүлөй өрттөп, кааласа тирүүлөй көмүп өлтүрүү бутпарасттар үчүн адаттагы көрүнүшкө айланды.

Индоне­зиядагы насронийлер миңдеген мусулмандарды кыргын кылышты, тирүүлөй өрттөштү. Медреселерге чабуул кылып, жүздөгөн  окуучуну өлтүрүштү, мечитке качып кирген миңден ашын мусулмандын айрымдарын мууздап, айрымдарын тирүүлөй өрттөп жиберишти.

Шри Ланкада Тамил кылмышкерлери жүз миңдеген мусулмандарды кыргын кылды. Аялдарды зордуктап, имамдарды мууздашты. Ажылык сапарынан кайтып келе жаткан 168 ажыны дүйнөнүн көз алдында өлтүрүштү.

Либериядагы бутпарастар сексенинчи жылдардын аягында 2000ден көбүрөөк мусулманды өлтүрүшүп, баштарын кесип, денелерин жиликтеп салышты. 105 мечитти өрттөп, имамдарды өлтүрүштү, муаззиндердин тилдерин кесип, муслима аялдарды зордукташты, кошбойлуу аялдардын ичин жарып өлтүрүштү.

Филиппинде да массалык кыргындар, тирүүлөй өрттөп жиберүү, намыстарды тебелөө, эркек кишилердин көзүн оюп алуу, жаш балдардын ичин жаруу, мууздоо сыяктуу эң бир жаман кылмыштар ишке ашырылды.

Эфиопияда мусулман карылар, аялдар жана жаш балдар үстүнө бензин чачып тирүүлөй өрттөлдү. Рерадар шаарынын чоң мечитинде намаз окуп жаткан миң мусулман атып өлтүрүлдү. Борбордук Африкада мусулмандардын этин жегенге чейин жетип барышты. Бул кылмыштардын ар биринде муслима аялдарды зордуктоо иши сөзсүз болду.

Сталиндин тушунда эле Россияда 11 миллион мусулман кыргын кылынгандыгы жөнүндө анык статистикалык маалыматтар бар.

Кытайдагы мусулмандардын башына кандай балээлер жаап жатканына күбө болуп жатабыз. Кудайсыз Кытай кмөтүнүн лагерлеринде 10 миллиондогон мусулмандар жан чыдагыс кыйноолорго дуушар болушууда. Ал жердеги муслималар тартып жаткан азаптарды сүрөттөөгө тил жетпейт. Пакиза кыздар нажас хансуларга аял болуу же камакка түшүүнүн бирин тандоого мажбур. Эгер бул жарааттарга Сирия жана Афганистан жараатын кошо турган болсок…

Ислам Үммөтүнүн денесиндеги мындай жарааттар баянын көпкө улантууга болот. Акыры мындай иштер уланып келе жатканына 1, 2, же 10 жыл эмес, 100 жыл болду го. Ошондо да көзүбүз ачылбаса, анда качан ачылат? Элестетип көрүңүз, Сараеводогу мечиттердин бирине камап туруп, тирүүлөй өрттөлгөн балдар биздин балдарыбыз болсо да, намыстары тебеленип, андан соң тирүүлөй өрттөлгөн муслималар өзүбүздүн энелерибиз, эже-карындашыбыз, аялдарыбыз же кыздарыбыз болсо, өзүбүз камакта болсок да, махрамдарыбыздын жанына бутпараст хансулар келип жатып кетсе, ошондо кандай абалда калар элек?! (Дароо жакабызды кармап, Аллах сактасын дейбиз). Биз мусулманчылыкты дабаа кылып жаткан соң, алар биз үчүн балдарыбыз, энелерибиз, эже-карындаштарыбыз, аялдарыбыз, кыздарыбыз менен барарабар эмеспи?

Ушуну эстен чыгарбаңыз, мусулмандардын башына келип жаткан мындай балээлерди Үммөттүн калканы болгон Халифалык мамлекети гана токтото алат. Анткени, бир гана Халифалык мамлекети жер бетинде Аллахтын өкүмүн колдонот, адамдарды капитализм жана Батыштын зулматынан куткарып, Ислам нуруна алып чыгат. Ал дүйнөдөгү бардык зулумдарды, исламий өлкөлөрдөгү эле эмес, бүт дүйнөдөгү зулумдарды жок кылат. Ал Ислам жана мусулмандарга айла кылмакчы болгон бардык кафирлерге өз ордун көрсөтүп коёт.

Ушундай болгон соң, жаш балдардын, карылар менен аяллардын муң-зарына кайдыгер болуу жана “биздин колубуздан эмне келет” деп отура берүү чыныгы мусулмандын иши эмес. Роббиңиздин өкүмүн жана адилеттүүлүктүн кепилдиги болгон Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылыңыз. Мына ошондо дүйнө жүзүндөгү мазлум жана мазлумаларга жардам берген болосуз. Аллахтан бизди Өзүнүн ыраазылыгы үчүн иш алып барууга жеткиришин сурап калабыз.

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ

– „ Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (т.а. динге) даъват кылганда, аны кабыл алгыла“.[8:24]

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here