Кыргызстанда энергетика тармагы кризисте

182
0

Кыргызстанда энергетика тармагы кризисте

16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд. куб метр суу калган. Мындан улам, электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттеги жыйында билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясын колдонуу боюнча чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатат. Ноябрь айында 36 млн кВт-саат энергия колдонулган. 14-15-декабрга карата бул көрсөткүч дээрлик 70 млн кВт-саатка жеткен.

Ушул сыяктуу эле билдирүүнү 16-декабрда «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери Оштогу басма сөз жыйынында жарыялашты.

Алардын маалыматына караганда, өкмөттүн токтому менен ар бир аймака электр колдонуу лимити коюлган. Анын негизинде Ош жана Баткен облустарына күнүнө 12 млн. 965 миң киловатт-саат берилген. Учурда аталган аймактарда электр энергиясын колдонуу 14 млн. 938 миң киловаттка жетүүдө.

Ал арада Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары электр энергиясы тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, 15-декабрда жолду тосуп чыгышты. Алар кыштын суугунда электр жарыгы жоктугунан балдары ооруп жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында быйыл күз-кыш сезонунда Казакстандан 500 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып ала турганын кабарлаган. Анын 1 кВт/саатынын баасы 2,4 цент. Бирок алар өздөрүнүн техникалык шарттарына байланыштуу биз сураган электр энергиясын бере албай жатат. Алардын токтотуп койгонуна үч-төрт сутка болуп калды.

Кыргызстандагы энергетика тармагында да жемкорлук күчөп, бул тармакта капиталисттер калктын капчыгын ар кандай алдоолор менен кагып келет. Мындай коррупциялык аракеттер 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүнгөндөн кийин дагы да күчөгөн. Маселен, “Электр станциялар” ишканасы электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркын ар кандай алдоо жолу менен эсептейт да, айырманы тиешелүү чиновниктер сол чөнтөккө солошот. Экинчи тараптан капитализмдин табиятына ылайык, ГЭСтерди жеке менчик колуна карматуу үчүн, ишкананы банкрот кылуу максатында жыл сайын чыгашалар ашыра эсептелет.

“Электр тармактар” акционердик коому ишканасы болсо өндүрүлгөн энергияны жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берүүдө пайданы өөнөп калат. Маселен, “табийгый” жоготуу 5% дын айланасында деп эсептейт. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табийгый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет.
Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табийгый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Ал эми, жеке менчик компанияларда “табийгый жоготуу” дээрлик болбойт.

Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

Мындан тышкары, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып да акча жешет. Кайра кышкыга Казакстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт.
1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тармак электр энергия дефицитинен чыга элек.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here