Терроризмдин анабашы терроризм боюнча баяндама жасады

389
0

Терроризмдин анабашы терроризм боюнча баяндама жасады

 АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө өлкөлөрүндөгү 2019-жылдагы терроризм менен күрөшкө байланыштуу баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандын терроризм менен экстремизмге каршы күрөшү, аткарылып жаткан иштер боюнча да айтылган.

Белгилүү болгондой быйыл жыл башында АКШ бийлиги Кыргызстан жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтоткон. Мунун себеби катары  дал ушул террочулук үчүн шек саналгандар тууралуу маалыматтардын Интерпол сыяктуу тиешелүү эл аралык мекемелерге убагында берилбегени көрсөтүлгөн. Демек, АКШ бул маалыматтарга ээ болуп, согуштук аймактан кайтып келгендердин шылтоосу менен өлкөдө жана региондо туруксуздук чыгарууну көздөйт десек жаңылышпайбыз. Максат, туруксуздук аркасынан бийликке өзүнө ыктаган кадрларды алып келип, Орусиянын таасирин сүрүп чыгаруу. АКШ мындай башаламандыктарды чыгарууда үлкөн тажрыйбага ээ. Бул үчүн көпчүлүк учурда Исламга каршы күрөшүү шылтоосун пайдаланса, айрым учурда оппозициялык күчтү пайдаланат. Маселен, 2001-жылы Талибан кыймылын бийликтен алуу максатында Ооганстанга бастырып кирип, 100 миңден ашык жайкын тургундун өлүмүнө себеп болду. 2003-жылы Иракты Англиянын таасиринен тартып алуу үчүн согуш ачты. Натыйжада, 1,5 миллионго жакын калк кырылды. Араб жазынан бери Йеменде, Ливияда Англиянын кадрларын бийликтен сүрүп чыгаруу максатында жарандык согуштарды чыгарып, миңдеген адамдын өмүрү кыйылууда. Египетте “Мусулман бир туугандары” партиясын бийликтен кулатуу максатында аскерий төңкөрүштү колдоп, ал жерде да согуш отунун тутанышына салым кошту. Учурда Сирияда эл аралык коалицияны жетектеп согуш отун улантып жатат. Бул аймактагы согуштук операциялардын натыйжасында курман болгондордун саны 370 миңден ашты. Качкындардын саны 7 миллиондон ашкан. Демек, ушундай согуш-апааттардын анабашында турган Америка терроризм боюнча баяндама жасоого канчалык акысы бар?

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here