Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткан аял оорукананын терезесинен боюн таштап каза болду

312
0

Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткан аял оорукананын терезесинен боюн таштап каза болду

Ошто коронавирус илдети жугуп, Ош шаардык ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аял 1-июлда аталган оорукананын 3-кабатынан боюн таштап, алган жараатынан ошол эле жерде каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 29-июндан бери COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан. Ал эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз. Бул окуяны укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо кызматкерлери чогуу иликтеп жатышат.

Кабарда келишинче, маркум 25-июнда көз жарган. Өзү дарыланып жатканына байланыштуунаристеси апасынын колунда болгон.

Учурда Кыргызстанда коронавирус күчөдү. Саламаттыкты сактоо министрлигин билдиришнче, акыркы бир суткада 526 адамдан коронавирус аныкталып, жалпысынан 6261 адамга жетти. Алардан 66 адам каза болуп, 2530 адам сакайып чыккан.

Комментарий:  Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү ыкмасын ката белгилеп алды. Натыйжада, адамдар рухий, социалдык жана экономикалык проблемаларга дуушар болуп, чарасыз абалда калышты.

Коронавирус кеңири жайыла баштады. Бирок, ага каршы иш-чара жана дарылоо иштери туура эмес жүрүп жаткандыктан өкмөттүн өзү да эсин таппай калды. Белгилеген күрөш ыкмасын үзгүлтүксүз ишке ашырууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү  жетпейт. Тышкы карыздарга ишенип, карантин киргизүү жана оорулууларды обсервацияга жаткыруу ыкмасын белгилеп алышкан. Мында мамлекеттин мүмкүнчүлүгү эске алынган эмес. Себеби, алынып жаткан карыздар мамлекеттин инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалган эмес. Мындан тышкары, карантин ыкмасы “адамдын саламаттыгын сактоо” үчүн киргизилип жатканы айтылганы менен, адамдардын башка муктаждыктары эсепке алынган эмес. Миңдеген адам жокчулуктан, дагы миңдегени жумушсуздук жана башка проблемалардан кыйналып жатышат.

Премьер-министр Боронов партияларды шайлоого жумшай  турган акчаны коронавирус менен күрөшкө салууга чакырды. Демек, Кыргызстан бийлиги тышкы карыздар менен абалды жөндөй албай жатканын моюнга алып, мүмкүнчүлүгү бар адамдардан ички карыз алуу жөнүндө ойлоно баштады. Өкмөттүн бул аракеттери жогорудагы”коронавирус менен күрөшүү ыкмасын ката белгилеп алды” деген сөзүбүздү тастыктайт.

Учурда өкмөт “эгерде биз карантин киргизбегенде мындан да жаман болмок” деген пикирди көтөрүп жатат. Негизи, мындан жаман болушу мүмкүн эмес эле. Булар кырдаалга вирусту жеңүү негизинен гана карап жатышат. “Адамдын саламаттыгы алдыңкы орунда” деген жалтырак ураандар менен келип жатышат. Жогорудагы, терезеден боюн таштаган аялга же ушул сыяктуу оор абалда калып, кыйынчылыктан каза болгон жарандарга саламаттыктын кереги барбы! Албетте, жок! Демек, проблемалар адамдын жыргалчылыгы негизине курулушу керек! Андагы бир жузъий тармак калган тармактарды аттап өтүп кетиши туура эмес.

Мисалы, адамдын өз өмүрүнө кол салышы рухий абал начар экендигин билдирет. Демек, коомдо рухий жак начарлап барууда. Өкмөт болсо мечиттерди, диний мекемелерди жаап, даъватчы аялдарды камакка алуу менен убара! Бул нерсе өкмөт сабатсыз экендигине жана адамга адамдай мамиле кылуу тартибин билбестигине ишара кылат!

Абдураззак Муъмин.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here